Серепчи АКШдагы шайлоо тууралуу: Трамптын жеңишин далилдөөгө бир гана жол бар

© REUTERS / MARK MAKELAВыборы президента США — 2020
Выборы президента США — 2020 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дональд Трамптын штабы дагы эки штаттагы добуштардын эсептелиши боюнча доо арыз жазууга кам көрүүдө. Бул кырдаал боюнча Sputnik радиосуна Жогорку экономика мектебинин дүйнөлүк экономика жана саясат факультетинин деканынын орун басары Игорь Ковалев өз пикирин билдирди.

Азыркы өлкө башчы Дональд Трамптын штабы Аризона жана Невада штаттарындагы добуштардын саналышы боюнча сотко доо арыз менен кайрылышы мүмкүн. CNN телеканалы өзүнүн маалымат булактарына таянып билдиргенине караганда, республикачылар бул штаттарда жыйынтыктын чыгышын атайылап создуктурууну көздөп жатышат.

Буга чейин Associated Press агенттиги Трамптын штабы Жорджия штатынын сотуна арыз жазганын билдирген. Анда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү почта аркылуу берилген добуштарды саноодо мыйзам бузуулар болуп жатканы айтылган. Андан тышкары, алар Мичиган жана Пенсильвания штаттарында республикачылар өз тарапташтары добуш саноого катыша албай жаткандыктан, бул процессти токтотуп турууну талап кылган. Ошондой эле чечүүчү штаттардын бири болгон Висконсинде бюллетендерди кайра санап чыгууну суранууда.

Шейшемби күнү АКШда президенттик шайлоо болуп өттү. Анын айрым штаттарында жыйынтык дагы деле белгисиз. Трамп шаршембиге караган түнү шайлоодон жеңгенин жар салып, домактаттар "добуштарды уурдап алгысы келди" деп айып койду.

Учурдагы президенттин штабы айрым штаттарда добуштарды кайра саноону талап кылууда. Ошол эле учурда бир катар телеканалдар демократтардын талапкери Джо Байден лидерлик кылып жатканын айтууда. Толук кандуу жеңишти камсыз кылуу үчүн ал дагы алты тандоочунун добушун алуусу керек.

Байден президенттикке даярданып "өткөөл мезгилдин сайтын" ишке киргизди

Игорь Ковалев шайлоонун жыйынтыгы коомчулукту канчалык радикалдаштырарына токтолду.

"АКШдагы шайлоону дүйнөлүк ЖМКлар эки-үч гана эмес, узак убакыт кеп кылышат. Биринчиден, почта аркылуу добуш бергендер болду, аны санап бүтүүгө убакыт талап кылынат. Экинчиден, талапкерлердин бири дагы утулуп калганын дароо мойнуна албайт. Демек, көптөгөн соттук териштирүүлөр болот. Ал тургай эл көчөгө чыгышы мүмкүн. Джо Байдендин тарапташтары эмитен эле көчөдө, Трапмтын колдоочулары дагы өздөрүн көп күттүрбөсө керек. Шайлоо алдында Техаста болгон окуяны эле эске салалы, Трамптын тарапташтары Байдендин үгүтчүлөрүн кууп чыкпадыбы. Демек, алдыда деле радикалдашуу, ал тургай кагылышуулар болушу мүмкүн", — деди Ковалев.

Анын айтымында, АКШда алдыңкы телеканалдар добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча ар кандай маалыматтарды берип, бул дагы чыңалууну жаратып жатат.

"Сандар албетте элге таасир этет. Телеканалдар тигинче же мынча добуш алды деп көрсөтүп жатышат. Эл аны жыйынтыктоочу так маалымат катары кабыл алып, өз добушун уурдатып ийгидей сезимдерге чулганууда. Кандай болгон күндө дагы акыркы, расмий жыйынтыкты күтүү керек. Ооба, расмий жыйынтык дагы эл каалаган нерседен алыс болушу мүмкүн. Анткени ортодо ар кандай саясий сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бирок расмий деген расмий, ЖМКлар алдын ала берген маалыматтардан эле жыйынтык чыгарып албаш керек", — деди адис.

ЖМК: Байден эми бир штаттан эле жеңсе АКШнын президенти болот

Ковалевдун пикиринде, бул жолу сот системасы өлкө тагдырын чечүүдө чоң роль ойноп коюшу ыктымал.

"Трамптын өз жеңишин тастыктоого жападан жалгыз жолу — соттор аркылуу далилдөө. Колго курал алып, элди кыйноого болбойт. Ошондуктан ал АКШнын Жогорку сотундагы бош орундарга өз адамдарын коюп коюуга шашып жатат. Кыскасы, бардык териштирүүлөр жогорку сотко чейин жетери талашсыз. Демек, бул орган өлкө тагдырын чечүүдө болуп көрбөгөндөй чоң роль ойноп коюшу мүмкүн", — деди серепчи.

Эске салсак, АКШдагы президенттик шайлоодо демократтардан чыккан Джо Байден менен учурдагы президент Дональд Трамптын алган добуштары бири-бириникинен анча айырмаланбай жаткандыктан, ортодо кызуу таймаш жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0