Кош бойлуу аялы көзүнө чөп салганын күйөөсү туугандарынын көзүнчө далилдеди. Видео

© Фото / Pixabay / StockSnapБеременная женщина
Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Reddit порталы кош бойлуу жубайы көзүнө чөп салганын туугандарынын алдында далилдеп жаткан кишинин видеосун жарыялады.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. РИА Новости билдиргендей, бул күнү келиндин туугандары, жакындары жарык дүйнөгө келчү ымыркайдын урматына чогулуп, майрамдап жатышкан.

Видеодон көрүнүп тургандай, көк түстөгү костюм кийген киши конокторго кайрылып сүйлөп жатат. Ал отургандарга жактоочусун тааныштырып, экөөнүн бир документи бар экенин айткан.

Андан кийин ал кагаздарды алып чыгып, жубайынын боюнда болгонуна төрт эмес, алты ай өткөнүн көрсөткөн. Муну уккан жубайы ордунан туруп, күйөөсүн өзүнчө сүйлөшүүгө чакырган. Бирок жолдошу кайрылуусун улантып туруп алган.

Бир саамдан кийин ал ноутбук алып чыгып, үйдүн ичине коюлган видеокамеранын жаздырып алган видеосун көрсөткөн.

Күйөөсү келинчегин "көзүмө чөп салабы" деп текшерген видеону 35 миллион жолу көрүшкөн

Бул видеодон аялы менен чоочун эркектин жүз аарчы оронуп алып үйдүн ичинде бири-бири менен кучакташып жатканын көрүүгө болот. Чоочун киши отурган коноктордун арасында бар болчу. Видеону көргөндөн кийин мушташ башталып, аялдардын бири видеого түшүп калган эркекти торт салынган тарелка менен бир чапкан. Андан соң келиндин туугандары көңүлдөшүн ошол жерден кууп чыгышкан.

Окуя андан ары эмне болуп бүткөнү маалымдалган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0