Саясат таануучу: АКШнын Россия кемелери боюнча койгон талаптары акылга сыйгыс

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүРоссиянын деңиз флотунун кемелери. Архив
Россиянын деңиз флотунун кемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ ТИМи АКШнын Кипрге Россиянын орус деңиз флотунун кемелерин портторуна киргизбөө боюнча койгон талабына жооп берди.

Sputnik радиосунун эфиринде саясат таануучу, Жогорку экономикалык мектептин профессору Олег Матвейчев Вашингтондун мындай кысымы акылга сыйгыс экендигин белгиледи.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий-аскер иштери боюнча жардамчысы Кларк Купердин орус кемелерин Кипрдин портторуна кабыл алуу жөнүндөгү сөзүнө комментарий берди.

Буга чейин Купер АКШ Кипрдин Россиянын аскер кемелеринин портторуна кирүүсүн токтотуу үчүн эч кандай чара көрбөй жаткандыгына нааразы экендигин билдирген. Анын айтымында, Россия Федерациясынын кемелерин киргизүүдөн баш тартуу Кипрге АКШ менен коргонуу жаатында көбүрөөк кызматташууга мүмкүнчүлүк бермек.

Путин Чалгын кызматынын маалыматтары менен кылдат иш алып барат

Захарованын айтымында, Вашингтон кайсы бир өлкө менен кызматташууда алардын Россия Федерациясы менен мамилесин карап шарт коюп жаткандыгын Москва биринчи жолу байкаган жок.

"Бул ыкма ар бир мамлекеттин көз карандысыз тышкы саясатты жүргүзүү боюнча укугуна каршы келет", — деди Захарова брифингде.

Sputnik радиосунун эфиринде саясат таануучу, Жогорку экономикалык мектептин профессору Олег Матвейчев АКШнын мындай кысымы акылга сыйгыс экендигин баса белгиледи.

"Эки суверендүү мамлекет бар: Россия жана Кипр. Алар өз ара пайда табуунун негизинде айрым иштерди жүзөгө ашырышууда. Кемелер мененби же аларсызбы — бул Американын иши эмес. АКШ болсо бир эле мамлекеттин эмес, бир учурда эки мамлекеттин ишине кийлигишип жатат. Бул туура эмес. Кошмо Штаттар өзү ички иштерине кандайдыр бир мамлекеттин кийлигишүүсүн каалабайт. Ал эми бул жерде болсо биз кадимки эле эки стандарттуу мамилеге туш болуп жатабыз: бирөөнө мүмкүн болгон нерсе башкасына жарабайт. АКШнын бул билдирүүлөрүнүн бардыгы кош дипломатиянын чөйрөсүнөн. Жооп катары Американын бардык аракеттерине маани бербөө керек, муну менен биз суверендүүлүгүбүздү коргоп калабыз", — деди Олег Матвейчев.

Ал ошондой эле эгер алар бир нерсени уялбай билдирип жатышса, анда алардын ойлорун таптакыр көз жаздымда калтыруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0