Айсулуу Тыныбекова Польшадагы турнирде эки атаандашын жеңип, финалга чыкты. Видео

© Фото / пресс-служба ГАМФКиСКүрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив
Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирде кыргызстандык балбан россиялык Ульяна Тукуренова менен күрөшүп, аны 12:3 эсебинде жеңип алган.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Польшанын борбору Варшавадагы эл аралык турнирде эки атаандашын катары менен жеңип, финалга чыкты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, мелдеште Тыныбекова 62 килограмм салмактагылар менен чыккан.

Турнирде кыргызстандык балбан россиялык Ульяна Тукуренова менен күрөшүп, аны 12:3 эсебинде жеңип алган.

Андан кийин Тыныбекова күрөш боюнча Африканын азыркы чемпиону Тунистен чыккан балбан Марва Амри менен кармашып, аны да жеңип финалга чыккан.

Көйнөк, тебетей кийген Тыныбекова. Спортчунун сүрөтү соцтармакты суктантты

Аталган мелдешке Айсулуу Тыныбековадан тышкары Кыргызстандан Айпери Медет кызы (76 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг), Нураида Анаркулова (57 кг), Назира Марсбек кызы (59 кг) катышып жатканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0