Биринчи жолу АКШда вице-президент катары шайланары болжолдонуп жаткан Камала Харрис

Камала Харрис АКШ тарыхында алгачкы аял вице-президент болушу ыктымал

126
(жаңыланган 14:12 08.11.2020)
АКШ өлкө башчысынын орун басары боло турган Камала Харрис 56 жашта. Кесиби боюнча юрист, 2011-2017-жылдары Калифорниянын башкы прокурору болгон.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Американын тарыхында аялдар арасында биринчи жолу вице-президент катары шайланары болжолдонуп жаткан Камала Харрис шайлоодогу рекорддук көрсөткүчтөр үчүн жарандарга ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы айларды кайгы-капа, толкундануулар, ар кандай окуялар коштоду. Бирок элдин эрктүү, туруктуу сапатына жана кең пейилдигине күбө болдук. Сиздер бүгүн Америка үчүн жаңы күндү тосуп алдыңыздар", — деген Харрис.

АКШ өлкө башчысынын орун басары боло турган Камала Дивай Харрис 56 жашта. Кесиби боюнча юрист, прокуратура тармагында көп жыл эмгектенген. 2011-2017-жылдары Калифорниянын башкы прокурору болгон.

Шайлоодо жеңишке жеткен Байден элине кайрылды

Байден ишемби күнү АКШнын президенти болуп шайлангандыгын жарыялаган. Ага чейин Американын ири маалымат каражаттары өз эсептөөлөрүнө таянып, жарышты Демократиялык партиянын талапкери жеңгенин жазышкан. Бирок учурдагы президент Дональд Трамп анын атаандашы бир дагы штатта жеңүүчү деп тастыктала электигин билдирген.

Трамп добуштар "адилет саналмайынча" артка чегинбей турганын белгилеп, позициясын коргоо үчүн сотко дооматтар даярдалып жаткандыгын жар салды.

Байден президенттикке толук түрдө бекип калса, өлкө тарыхындагы 46ынчы жана эң кары президент болуп калмакчы.

126
Белгилер:
прокурор, аял, шайлоо, АКШ
Тема боюнча
Меркель, Макрон, Обама баш болгон саясатчылар Байденди куттукташууда
Портфель менен киши. Архив

Беш кредитор Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берди. Тизме

271
(жаңыланган 23:57 27.11.2020)
Өлкө бийлиги тышкы карызды тейлөө боюнча бир катар мамлекеттер менен мөөнөттү жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызын тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш мамлекет менен макулдашуулар болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансы министрлигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө нөл пайыздык чен менен карыздарды төлөп берүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш кредитор менен макулдаштык. Алар: БАЭ, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Euler Hermes) жана Түркия”, — деп айтылат билдирүүдө.

Пролонгация кылынган каражаттын көлөмү 51 миллион долларга жетти. Аны мамлекет төрт жылдын ичинде кутулушу керек.

Дагы алты кредитор, анын ичинен Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Түштүк Корея, Япония) менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан жогору. Анын ичинен дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет.

271
Белгилер:
Тышкы карыз, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады
Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады
Беларусь президенти Александр Лукашенко

Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынганда президент болбой турганын жар салды

223
(жаңыланган 19:50 27.11.2020)
Лукашенко азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарына басым жасалганын айтып, өлкөнүн пайдасы үчүн жаңысын кабыл алуу керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өлкө башчысы болбой турганын жар салды. Бул тууралуу БелТА агенттиги жазды.

"Конституцияны өзүмө ылайыктаган жокмун. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынса, мен силердин президентиңер болуп иштебейм. Ошондуктан муну жеңил кабыл алып, тынч болгула", — деген президент.

Ал шайлоонун жыйынтыгын кимдир бирөөнүн жасалмалоосуна жол бербей турганын айтып, ошол себептен жаңы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп жатканын айткан.

"Мен жаңы Баш мыйзамдын тарапташымын. Себеби азыркы иштеп жаткан Конституцияны "белгисиз президенттин" колуна карматканга болбойт", — деген ал.

Лукашенко азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарына басым жасалганын айтып, өлкөнүн пайдасы үчүн жаңысын кабыл алуу керектигин белгилеген.

223
Белгилер:
өзгөртүүлөр, конституция, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Жапаров референдумга Конституция эмес, башка маселени алып чыгууну сунуштады
Лавров: Беларустагы конституциялык реформаны колдойбуз
Медициналык бет капчан фужер кармап турган официант. Архив

Маданият министри таксист менен официанттарды окутуу курсун ачууну сунуштады

0
Туристтерди аэропорттон биринчи болуп тосуп алган жана тейлеген адистерди атайын окутуу демилгеси көтөрүлдү.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков таксисттерди жана коомдук тамактануучу жайларда кардар тейлеген официанттарды окутууну сунуштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Министр туризм бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Тараптар өлкөнүн туризм тармагын, анын ичинде кышкы туризмди калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын шартында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулашканы айтылат.

"Балким, такси айдоочулары үчүн жалпы кабыл алынган эрежелерди жана эл аралык этикеттин нормаларын үйрөтүүнү биргелешип уюштуруу максатка ылайыктыр. Анткени алар чет элдик туристтерди аэропорттон биринчи болуп тосуп алышат. Ошол эле курстарды официанттар жана гиддер үчүн уюштуруу керек. Алардын жүрүм-турум маданиятынын деңгээли жана тейлөө маданияты өлкөнүн, элибиздин биринчи элесин чагылдырат. Чет элдик туристтерди көбүнчө сертификат алган адистер тейлеши керек. Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө бар", — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал туризм бизнесинин өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштар менен идеялар дагы каралып, сөзсүз түрдө иштелип чыгарын белгилеген.

0
Белгилер:
окутуу, тейлөө, таксист, официант, Нуржигит Кадырбеков
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Мырзабеков: кышкы туризм дагы кризиске кептелүү коркунучунда