АКШ президентигине талапкер Джо Байден жана вице-президенттикке ат салышкан биринчи кара терилүү аял Камала Харрис

50 жашында турмуш курган. Байдендин орун басары болчу Харрис тууралуу фактылар

825
(жаңыланган 17:49 29.11.2020)
Америкада президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы мына чыгат деп турган убак. Өлкө ЖМКлары Демократиялык партиядан талапкерлер Джо Байден менен Камала Харрис президенттик жана вице-президенттик кызматка отурарын жазышууда.

Харрис Американын тарыхында вице-президенттикке ат салышкан Түштүк Азия тектүү биринчи кара терилүү аял болуп жатат. Ал эми жалпысынан бул кызматка баргысы келген үчүнчү аял.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги саясатчы аял тууралуу дагы башка фактыларды топтоду

Иммигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн

Камала Харрис 56 жашта. 1964-жылы 20-октябрда Калифорниянын Окленд шаарында иммигранттардын үй-бүлөсүндө туулган. Апасынын түбү Индиядан, ал эми атасыныкы Ямайкадан. Бири эндокринолог жана маммолог-онколог, экинчиси экономист эле. Экөө тең илимий даражаларга ээ болушкан. Бирок Камала 7ге, сиңдиси 5 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, кыздар энесинде калган. 

Кандидат в вице-президенты США от Демократической партии 2020 года Камала Харрис выступает на их предвыборном митинге
© REUTERS / Jim Bourg
Камала Харрис Американын тарыхында вице-президенттикке ат салышкан Түштүк Азия тектүү биринчи кара терилүү аял болуп жатат

Кесиби

Камала Харрис алгач Вашингтондогу Говард университетинде саясат таануу жана экономика адистиги боюнча окуган. Кийинчерээк Калифорния университетинин юридикалык колледжинде билим алган. Эмгек жолун 1990-жылы Окленддеги аймактык прокурордун орун басары болуп баштаган.

Шайлоодо жеңишке жеткен Байден элине кайрылды

Барак Обамага салыштырышат

2003-жылы Камала Сан-Францисконун прокурору, ал эми 2010-жылы Калифорниянын башкы прокуроруна чейин жетип, аты чыга баштаган. Ошондон бери Харристи "аял Обама" деп атагандар бар. Бирок Камала мындай салыштырууну жактырбай турганы айтылат. Баса, Барак Обама Байдендин орун басары Харрис болушун колдой турганын билдирген.

Байдендин уулу менен иштешкен

Камала Калифорниянын башкы прокурору болуп турганда Джо Байдендин уулу Бо Байден Делавэр штатынын Башкы прокуратурасын жетектеген. Экөө ошол убакта тыгыз кызматташкан.

Джо Байден маектеринин биринде, эки прокурор тең Кошмо Штаттардагы кылмыштуулук менен кескин күрөшкөнүн, бул үчүн алар менен сыймыктанганын жана Камала азыр шайлоодо өнөктөшү экенине кубанып жатканын айткан. 

Окружной прокурор Сан-Франциско Камала Харрис в Сан-Франциско. 18 июня 2004 года
© AP Photo / MARCIO JOSE SANCHEZ
Камала Калифорниянын башкы прокурору болуп турганда Джо Байдендин уулу Бо Байден Делавэр штатынын Башкы прокуратурасын жетектеген

Президенттикке ат салышууга камынган

Камала Харрис 2017-жылдан бери Калифорнияда сенатор болуп келет. Өткөн жылдын январь айында президенттик жарышка аттанмакчы болгон. Бирок шайлоодо чыгымдар көп кетет деген себеп менен кайра артка чегинген.

Ошол эле жылы Харрис Байденди сегрегацияны (бөлүнүү) жактаган мыйзам чыгаруучулар менен жакшы мамиледе деп сынга алган. Бирок кийинчерээк Байдендин АКШ президенттигине талапкерлигин колдоого ала турганын билдирген.

Шайлоодо прокурор деп сындашкан

Байден Харристи орун басар кылам дегенде демократтардын бардыгы эле колдоого алган эмес. Айрымдар Харристи укук коргоо органдарында узак убакыт иштегени үчүн вице-президент катары көргүсү келбей жатканын айтышкан. Буга жакынкы аралыкта АКШдагы полицияга каршы нааразычылыктардын көбөйүшү таасир этиши мүмкүндүгү айтылат.

Норвегияда алгачкы ирет аскер аба күчтөрүн аял жетектемей болду

Вице-президенттикке ат салышкан биринчи кара тору аял

Камала Харрис Америкада өлкө башчынын орун басарлыгына ат салышкан биринчи Түштүк Азия тектүү кара тору аял. Ал эми жалпысынан бул кызматка баргысы келген үчүнчү аял.

Биринчиси – 1984-жылы Демократиялык партиядан ат салышкан Жералдин Ферраро, экинчиси 2008-жылы Республикалык саясий уюмунан көрсөтүлгөн Сара Пэйлин болгон. 

Кандидат в вице-президенты от Демократической партии сенатор Камала Харрис и ее муж Дуглас Эмхофф обнимаются на сцене после выступления в Филадельфии
© AFP 2020 / Mark Makela
Камала Харрис өмүрлүк жарын алты жыл мурда тапкан

Турмушка кеч чыккан

Камала Харрис өмүрлүк жарын алты жыл мурда тапкан. Юрист күйөөсүнүн мурдагы турмушунан эки баласы бар.

825
Белгилер:
Камала Харрис, факты, прокурор, АКШ
Тема боюнча
Камала Харрис АКШ тарыхында алгачкы аял – вице-президент болушу ыктымал
Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Тигран Саркисян

Саркисян: мигранттар үчүн сонун долбоор бар, бирок Кыргызстан кызыкпай жатат

418
(жаңыланган 19:52 30.11.2020)
Долбоорго ылайык, жарандар өзүнүн өлкөсүндөгү лабораториядан коронавируска тест тапшырган соң смартфонуна QR-код жөнөтүлөт. Кийин чек арадагы көзөмөл органдары ошол QR-код аркылуу тесттин жыйынтыгын биле алышат.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Келечекте жарандардын Евразия аймагындагы кыймылын пандемия шартында жеңилдетүү боюнча экспериментке Кыргызстан кызыкдар болбой койду. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Тигран Саркисян билдирди. Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн Москва — Ереван — Минск — Нур-Султан видео көпүрөсүнө катышты.

Саркисяндын айтымында, сөз болуп жаткан долбоордун маани-маңызы төмөнкүчө: жарандар өзүнүн өлкөсүндөгү лабораториядан коронавируска тест тапшырган соң смартфонуна QR-код жөнөтүлөт. Кийин чек арадагы көзөмөл органдары ошол QR-код аркылуу тесттин жыйынтыгын биле алышат.

"COVID-19 жок саякаттайм" долбоору — бул ЕАБРдин санарип демилгелери боюнча фондунун жасаган эмгеги. Учурда ал пилоттук долбоор бойдон турат. Буга чейин аны Евразия өкмөттөр аралык кеңеш караган. Декабрдын башында Россия, Беларусь жана Армения экспериментке катышат.

"Таң калычтуусу Армения менен Беларуска салыштырмалуу Кыргызстан бул экспериментке катышууга кызыкдар болгон жок. Негизи мындай долбоор айрыкча кыргыз тарапка пайдалуу курал эмеспи. Канчалаган мигранттар ишине кайта албай оор кырдаалда турушат. Бул көрүнүш Кыргызстандын да, Россиянын да экономикасына терс таасирин тийгизип жатат", — деди ал.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы аталган маалымат боюнча кечирээк комментарий бере турганын билдирди.

Эксперименттин жыйынтыгы менен бийликке отчёт берилип, долбоорду ЕАЭБге жайылтуу маселеси чечилмекчи. Саркисян демилге COVID-19дун жайылуу тобокелчилигин азайтып, көзөмөл жасоонун мыкты системасын жолго коюуга жана чек араны кесип өтүүнү жеңилдетүүгө жардам берет деп эсептейт.

Ал тиркеме даяр экенин, учурда AppStore менен Google Play дүкөндөрүндө каттоодон өтүп жатканын белгиледи.

"Бул кымбат эмес продукт. Биз аралыктан программа менен кантип иштөө керектигин лабораторияларга көрсөтүп беребиз, ошондой эле көзөмөл органдары менен да онлайн иштеп жатабыз", — деди Саркисян.

Анын айтымында, колдонуучулар жеке маалыматтары үчүн санаа тартпай эле койсо болот.

"Биринчиден, биздин программа системанын коопсуздугун арттырат. Экинчиден, анын түзүлүшү маалыматтар өлкө ичинде калгыдай болуп иштелип чыккан, башкача айтканда, маалымат алмашуу жүрбөйт", — деди жетекчи.

Саркисян азырынча долбоор ишке берилчү мөөнөт тууралуу айтуу эрте экенин белгиледи. Мында кеп макулдашуу стадиясындагы кабыл алынуучу саясий чечимдер тууралуу болууда. Бирок муктаждык күч болгондуктан долбоордун жакын арада ишке ашарына ишеним артылды.

418
Белгилер:
коронавирус, мигранттар, эксперимент, долбоор
Тема боюнча
Россияда кайсы адистер жетишпей жатат. Тизме

Трамп ырайым кылган күрптөн тарта Марадонанын тажиясына чейин. Апта ирмеми

112
  • Топтошкон биргазандар (ири суу кушу) Эмек-Хефер өрөөнүндөгү (Тель-Авив, Израиль) суу сактагычта балык жеп жатат
  • Дүйнөлүк футболдун легендасы Диего Марадонаны акыркы сапарга узатуу үчүн Буэнос-Айрестеги (Аргентина) стадиондо чогулган эл. Спортчу 25-ноябрда 60 жаш курагында көз жумду
  • Кытайлыктардын Чанчжэн-5 ракетасы Чанъэ-5 ай зонду менен  Хайнань аралындагы Вэньчан космодромунан старт алды
  • Израилдик гимнаст Лина Ашрам көркөм гимнастика боюнча Европа чемпионатында жеңишке жетип алтын медаль тагынды. Биринчилик Украинанын борбору Киевде өттү
  • Парижде өрттөнгөн жеңил автоунаа жана митингге чыккан демонстранттар. Көчөгө чыккандар укук коргоо кызматкерлеринин мигранттарга кылган мамилесине жана Улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирген
  • Канадалык спортчу Маккензи Бойд-Клоуз трамплинден секирүү боюнча дүйнө кубогунда, Висла (Польша)
  • Индуизм ишенимин кармангандар Чхат Пуджа майрамында Күн кудайына сыйынып жатышат. Мумбаи (Индия)
  • Бишкек шаарынын Киев жана Орозбеков көчөсүнүн келишинде жайгашкан Генералдык прокуратуранын 2010-жылы өрттөнгөн имараты
  • Эфиопиянын Тиграй аймагында аял артына суу көтөрүп алып Гедарефтеги (Чыгыш Судан) качкындар лагерине бара жатат
  • Майк Тайсон менен Рой Жонс салмакка түшүү маалында, Лос-Анджелес, Калифорния, (США). Беттеш сегиз раундга созулуп, калыстар спортчуларды тең чыкты деп чечим кабыл алган
  • Рождество майрамына карата коюлган майрамдык от, анда Испаниянын желегин көрүүгө болот, Мадрид (Испания)
  • АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн роза багында күрпкө  ырайым кылуу аземинде
  • Россиянын Минага каршы эл аралык борборунун адистери Тоолуу Карабахтын жолдорун жана калк жашаган аймактарын жарылуучу каражаттардан арылтууда
  • Жарандык коргонуунун ыктыярчысы Нью-Дели шаарындагы базарга жарнама чаптоодо
  • Москванын ВДНХсында ачылган муз тебүүчү аянтта сейилдеген түгөй
  • Жаныбарлардын укугун коргогон РЕТА уюмунун активисттери чынжырланган маймылдай болуп кийинип алып Таиланд королдугунун Макатидеги (Филиппин) элчилигинин жанында
Sputnik Кыргызстан агенттиги узап кеткен жумада дүйнө жүзүндө болгон урунттуу жана кызыктуу окуялардын ирмемдерин сунуштайт.

АКШ президенти Дональд Трамп  Ак үйдүн роза багында күрпкө  ырайым кылуу аземине катышты. Франциянын борбору Парижде полиция менен демонстранттар ортосунда кагылышуу болду. Ал эми Москванын (Россия)  ВДНХсында муз тебүүчү аянт ачылды.

Буэнос-Айресте (Аргентина) легендарлуу футболчу Диего Марадонаны акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Ал 25-ноябрда 60 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.

Россиянын коргоо министрлигинин Минага каршы эл аралык борборунун адистери Тоолуу Карабахтын жолдорун жана калк жашаган аймактарын жарылуучу каражаттардан арылтууда.

Вислада (Польша) трамплинден секирүү боюнча дүйнө кубогу өтсө, Кытайдын Хайнань аралындагы Вэньчан космодромунда "Чанчжэн-5" ракетасы "Чанъэ-5" ай зонду менен космоско учту.

112
  • Топтошкон биргазандар (ири суу кушу) Эмек-Хефер өрөөнүндөгү (Тель-Авив, Израиль) суу сактагычта балык жеп жатат
    © AFP 2020 / MENAHEM KAHANA

    Топтошкон биргазандар (ири суу кушу) Эмек-Хефер өрөөнүндөгү (Тель-Авив, Израиль) суу сактагычта балык жеп жатат

  • Дүйнөлүк футболдун легендасы Диего Марадонаны акыркы сапарга узатуу үчүн Буэнос-Айрестеги (Аргентина) стадиондо чогулган эл. Спортчу 25-ноябрда 60 жаш курагында көз жумду
    © REUTERS / Martin Villar

    Дүйнөлүк футболдун легендасы Диего Марадонаны акыркы сапарга узатуу үчүн Буэнос-Айрестеги (Аргентина) стадиондо чогулган эл. Спортчу 25-ноябрда 60 жаш курагында көз жумду

  • Кытайлыктардын Чанчжэн-5 ракетасы Чанъэ-5 ай зонду менен  Хайнань аралындагы Вэньчан космодромунан старт алды
    © AFP 2020 / STR / China OUT

    Кытайлыктардын "Чанчжэн-5" ракетасы "Чанъэ-5" ай зонду менен Хайнань аралындагы Вэньчан космодромунан старт алды

  • Израилдик гимнаст Лина Ашрам көркөм гимнастика боюнча Европа чемпионатында жеңишке жетип алтын медаль тагынды. Биринчилик Украинанын борбору Киевде өттү
    © AP Photo / Efrem Lukatsky

    Израилдик гимнаст Лина Ашрам көркөм гимнастика боюнча Европа чемпионатында жеңишке жетип алтын медаль тагынды. Биринчилик Украинанын борбору Киевде өттү

  • Парижде өрттөнгөн жеңил автоунаа жана митингге чыккан демонстранттар. Көчөгө чыккандар укук коргоо кызматкерлеринин мигранттарга кылган мамилесине жана Улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирген
    © Sputnik / Доминик Бутен

    Парижде өрттөнгөн жеңил автоунаа жана митингге чыккан демонстранттар. Көчөгө чыккандар укук коргоо кызматкерлеринин мигранттарга кылган мамилесине жана "Улуттук коопсуздук жөнүндө" мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирген

  • Канадалык спортчу Маккензи Бойд-Клоуз трамплинден секирүү боюнча дүйнө кубогунда, Висла (Польша)
    © REUTERS / KACPER PEMPEL

    Канадалык спортчу Маккензи Бойд-Клоуз трамплинден секирүү боюнча дүйнө кубогунда, Висла (Польша)

  • Индуизм ишенимин кармангандар Чхат Пуджа майрамында Күн кудайына сыйынып жатышат. Мумбаи (Индия)
    © REUTERS / FRANCIS MASCARENHAS

    Индуизм ишенимин кармангандар Чхат Пуджа майрамында Күн кудайына сыйынып жатышат. Мумбаи (Индия)

  • Бишкек шаарынын Киев жана Орозбеков көчөсүнүн келишинде жайгашкан Генералдык прокуратуранын 2010-жылы өрттөнгөн имараты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкек шаарынын Киев жана Орозбеков көчөсүнүн келишинде жайгашкан Генералдык прокуратуранын 2010-жылы өрттөнгөн имараты

  • Эфиопиянын Тиграй аймагында аял артына суу көтөрүп алып Гедарефтеги (Чыгыш Судан) качкындар лагерине бара жатат
    © AP Photo / Nariman El-Mofty

    Эфиопиянын Тиграй аймагында аял артына суу көтөрүп алып Гедарефтеги (Чыгыш Судан) качкындар лагерине бара жатат

  • Майк Тайсон менен Рой Жонс салмакка түшүү маалында, Лос-Анджелес, Калифорния, (США). Беттеш сегиз раундга созулуп, калыстар спортчуларды тең чыкты деп чечим кабыл алган
    © REUTERS / Lynn Millspaugh / Handout Photo via USA TODAY Sports

    Майк Тайсон менен Рой Жонс салмакка түшүү маалында, Лос-Анджелес, Калифорния, (США). Беттеш сегиз раундга созулуп, калыстар спортчуларды тең чыкты деп чечим кабыл алган

  • Рождество майрамына карата коюлган майрамдык от, анда Испаниянын желегин көрүүгө болот, Мадрид (Испания)
    © AP Photo / Paul White

    Рождество майрамына карата коюлган майрамдык от, анда Испаниянын желегин көрүүгө болот, Мадрид (Испания)

  • АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн роза багында күрпкө  ырайым кылуу аземинде
    © REUTERS / HANNAH MCKAY

    АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн роза багында күрпкө ырайым кылуу аземинде

  • Россиянын Минага каршы эл аралык борборунун адистери Тоолуу Карабахтын жолдорун жана калк жашаган аймактарын жарылуучу каражаттардан арылтууда
    © Sputnik / Максим Блинов

    Россиянын Минага каршы эл аралык борборунун адистери Тоолуу Карабахтын жолдорун жана калк жашаган аймактарын жарылуучу каражаттардан арылтууда

  • Жарандык коргонуунун ыктыярчысы Нью-Дели шаарындагы базарга жарнама чаптоодо
    © AFP 2020 / SAJJAD HUSSAIN

    Жарандык коргонуунун ыктыярчысы Нью-Дели шаарындагы базарга жарнама чаптоодо

  • Москванын ВДНХсында ачылган муз тебүүчү аянтта сейилдеген түгөй
    © AP Photo / Alexander Zemlianichenko

    Москванын ВДНХсында ачылган муз тебүүчү аянтта сейилдеген түгөй

  • Жаныбарлардын укугун коргогон РЕТА уюмунун активисттери чынжырланган маймылдай болуп кийинип алып Таиланд королдугунун Макатидеги (Филиппин) элчилигинин жанында
    © REUTERS / ELOISA LOPEZ

    Жаныбарлардын укугун коргогон РЕТА уюмунун активисттери чынжырланган маймылдай болуп кийинип алып Таиланд королдугунун Макатидеги (Филиппин) элчилигинин жанында

Белгилер:
апта ирмеми, Сүрөт, Дүйнө
Тема боюнча
Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү
Салттуу кийим куп жарашкан кыргыздын мырзалары. Көз кубанткан 15 сүрөт
Кеменин үстүндөгү той. "Кызыл алма" тасмасындагы эстен кеткис ирмемдер
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

0
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

0
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты