АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп. Архивдик сүрөт

ЖМК: Мелания Трамп жолдошу президенттиктен кетсе эле ажырашканы жатат

1138
(жаңыланган 23:37 08.11.2020)
Буга чейин басылмалардын башкы бетине АКШнын биринчи айымы эл алдында жолдошунун шагын сындырып, колун карматпай койгондугу тууралуу жаңылыктар байма-бай чыгып келген.

БИШКЕК, 8-ноя. – Sputnik. АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын жубайы Мелания жолдошу менен ажырашуу үчүн анын ыйгарым укуктарынын аякташын күтүп жатат. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Балээге калды го! Трамп интернетке жубайынын атын туура эмес жазып алды

"Мелания күйөөсү Трамп президенттиктен кете турган күндүн ар бир мүнөтүн санап отурат. Ыйгарым укуктары аяктаса эле ажырашат", - деп президенттин мурдагы жардамчысы Омароса Маниголт-Ньюман басылмага билдирген.

Анын айтымына караганда, биринчи айым Трамптан корккондуктан ажырашууга арыз жазбай жүргөн.

"Эгер Мелания буга чейин кетип калганда, Дональд Трамп аны жазалоонун жолун тапмак", - деди басылманын маектеши.

Биринчи айымдын мурдагы жардамчысы Стефани Волкоффтун айтымында, Мелания менен Трамптын никеси келишимдин негизинде түзүлгөн. Жубайлардын керек болсо бөлмөлөрү өзүнчө болгон.

Мелания Трамп журналисттерге берген маегинде жолдошу менен мамилеси эң сонун экенин айтып келген. Бирок адвокат Кристина Превайттын божомолунда, жубайлардын ортосундагы келишимге ылайык, Мелания жолдошун жамандоого акысы жок болушу мүмкүн. Ушундай эле келишимди Трамп биринчи жубайы Марла Мейплз менен түзүп, ага жолдошун жамандап же китеп жазууга тыюу салынган.

"Иванканы жеп койгон" Меланиянын көз карашы талкууга түштү. Видео

Буга чейин журналисттер жубайлардын мамилеси сууп калганын көп жолу жазышкан. Басылмалардын башкы бетине АКШнын биринчи айымы эл алдында жолдошунун шагын сындырып, колун карматпай койгондугу тууралуу жаңылыктар байма-бай чыгып турду.

1138
Белгилер:
ажырашуу, Дональд Трамп, Мелания Трамп
Тема боюнча
Жубайы менен уулун жаанга калтырган Трампты соцтармак жемелөөдө
Бешинчи муундагы учак Су-57. Архивдик сүрөт

Орус куралы: биринчи сериялык Су-57 жана анын жетегиндеги "Охотник"

27
(жаңыланган 18:05 04.12.2020)
Баштапкы сериясында 76 машинадан турган бешинчи муундагы Су-57 алгачкы авиациялык комплекси ушул айда Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн катарынан орун алат.

Комплекстин канатына жасалма интеллекти бар, коштоочу С-70 "Охотник" учкучсуз аппараты турат. Полигондо ал бийиктен кармоо жана ракеталык курал менен буталарды жок кылуу алгоритмдерин ийгиликтүү өздөштүрүп келет. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул эки куралдын айкалышын мүнөздөп чыккан.

Мурдараак РФ Коргоо министрлигиндегилер Аба-космостук күчтөр бешинчи муундагы Су-57 алгачкы сериялык истребителин жыл аягына чейин аларын, учак дээрлик даяр экенин маалымдаган.

Кийин өндүрүш көлөмү жылына 15 машинага чейин жеткирилмекчи. Су-57 истребителинин 76сы тең 2021-2027-жылдар аралыгында үч авиациялык полкту жабдыйт. Биринчи баскычтагы кыймылдаткычы бар алгачкы карлыгачтары чыгарылууда, ал эми 2025-жылы сериялык өндүрүшкө экинчи баскычтагы кыймылдаткычтар киргизилет. Ошентсе да Су-57 дүйнөдөгү мыкты жана күчтүү истребителдердин бири болуп саналат.

Бешинчи муундагы россиялык учак абадагы, жердеги жана суудагы буталардын бардык түрүн кыйратууга жөндөмдүү. Бурулганы мыкты жана форсажсыз үндөн ыкчам сапаттарынын айкалышы, борттук электроника комплекси жана көп байкалбастыгы Су-57ге жогорку аскердик натыйжалуулукту жана душманга салыштырмалуу артыкчылыкты камсыз кылат.

Military Watch Magazine журналынын маалыматына таянсак, Су-57нин өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша уникалдуу борттук куралы бар. Анын ичинде ашкере сезимталдуу радарларга, 400 чакырым аралыкка багытталган "аба – аба" тибиндеги гипер үндүү ракеталар, душмандын ракеталарынан лазердик коргонуу тутуму жана башка жогорку технологиялык артыкчылыктарга ээ.

Мындан мурда бешинчи муундагы истребитель үчүн ракеталарды кыйратуучу авиациялык каражаттардын кеңири номенклатурасына ири келишим жөнүндө белгилүү болгон, башкача айтканда, Су-57 "бош" учпайт. Ал эми оор учкучсуздар менен бир бөлүмдө аскердик башкаруу аба борборуна айланат. Жогорку технологиялык эки саамалыктын өз ара аракеттенишинин аскердик эффектисин ашыра баалоо кыйын.

Аскердик артыкчылыгы

Акыркы үлгүдөгү истребитель Сириядагы россиялык күчтөр тобунун курамында сыноодон өткөн. Учуучу-техникалык мүнөздөмөлөрүн, интеллектуалдык маалыматтык-тескөөчү комплексин, куралданышы жана бардык борттук тутумдарын текшерүү үчүн ондон ашуун ирет учурулган.

Су-57нин айрым технологиялык жетишкендиктери – америкалык бешинчи муундагы истребитель, атап айтканда F-22 Raptor үчүн кол жеткис кыял. Жасалма интеллект аскердик башкаруу тутумуна интеграцияланган жана бул аскердик иште революция болуп саналат.

Учкуч менен учурулуучу Су-57 автоматтык режимде милдеттеринин 90 пайызын аткарууга жөндөмдүү. Ал тургай алдын ала даярдалган программа боюнча толук автоматтык түрдө иштей алат. Эгер учкуч согушта жарадар болсо (өлтүрүлсө), башкаруу тутуму негизги буталарды өз алдынча аныктап сокку урат, машинаны жана учкучту базага кайтарат.

Учактын канатына жана корпусуна интеграцияланган, Х-диапазонундагы активдүү фазадагы антенналык торчолору бар радарлар эбегейсиз мейкиндикти байкоону камсыз кылат. Учкучтун кырдаалдык маалымдуулугун арттырат. Башка истребителдерге караганда тактикалык ыкмаларды дурус аткарууга жол берет.

"Каптал радиолокациялык станциялар" буталарды издөөдө автономдуулукту жогорулатат, душмандын радарларына Су-57ни байкалгыстыктын сапаттуу жаңы деңгээлин жаратат. Ошону менен бирге эле бортунда жана арсеналында жайгашкан, жетегиндеги сокку уруучу учкучсуздар үчүн буталарды аныктоонун натыйжалуулугун жоготпойт.

Сүйрөгүчтүн үч өлчөмдүү вектору алыскы жана жакынкы согуштагы болуп көрбөгөндөй маневрларды аткарууга мүмкүндүк берет, согушта чыдамкайлыктын кепилдигине айланат. Анткен менен "учак компьютер" аэродромдук тейлөөдө машакаты жок, аэродромдун ыкчам (кыртыштык) шарттарында пайдаланууга жөндөмдүү. Мындай күчтүү жана технологиялык жактан күтүүсүз машиналар болжолдуу согуш талаасында душманды соо калтырбайт.

Су-57нин экспорттук дарамети да чоң, сериялык өндүрүшкө чыкпай жатып эле потенциалдуу чет элдик буюртмачылардын "кезегин" топтой алды. Бешинчи муундагы россиялык истребителге алгачкылардан болуп Алжир ээ болот. Ал аймактагы коңшуларынын аскердик-аба күчтөрүнүн бекемделишинен улам 14 машинага буюртма берген. Келишимдин наркы 2 млрд. долларды түзүп, 2025-жылга чейин аталган мамлекеттик бул аппараттар менен жабдуу пландалган.

Эриш-аркакта

С-70 "Охотник" учкучсуз аппараты Ашулук полигонундагы ракеталык чабуулда 2-декабрда сыналган. Оор учкучсуз учуучу аппарат истребитель-колго түшүргүч катары "аба – аба" ракеталарын колдонууну тууроо менен бир нече ирет учкан. Ошону менен бирге эле ракеталарды мээлөө тутумдары жана жол баштоочу Су-57 учагы менен борттук радиоэлектрондук системаларын интеграциялоо да бааланган.

"Охотник" дүйнөдө биринчи учкучсуз истребитель-колго түшүргүчкө айланары күтүлөт. Окутуу баскычында аба кырдаалы жана буталар жөнүндөгү маалыматтардын бардыгын учкучсуз аппарат жерден же жол баштоочу истребителдерден алат. Кийин автономдук согуштук аскердик багытта колдонулушу мүмкүн.

Оор учкучсуз аппарат "акылга" жана 5000 чакырымга чейинки аралыкка алты тоннадан ашуун ракета жана бомбаларды ташый алчу жөндөмгө ээ. "Охотник" менен Су-57 истребителинин кыйратуучу аскердик шериктештиги эң жогорку технологиялык душманын да соо койбойт.

Павел Сухой атындагы сыноочу-конструктордук бюродо жасалган анча байкалгыс "Охотник" Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн сокку уруу функцияларга ээ оор учкучсуз аппараты болмокчу.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, машинанын узундугу 19 метр, канаттарынын кулачы 14 метр, учуш массасы 20 тоннаны түзүп, эң жогорку ылдамдыгы саатына 1000 чакырымдын тегерегинде.

"Охотник" учкучсузу алгач ирет 2019-жылы абада 20 мүнөткө чукул болгон. Учушу болушунча ишенимдүү болгон. Ошол эле жылдын күзүндө "Охотник" жана Су-57 ээрчишип учкан. Оор учкучсуздун аскердик мүмкүнчүлүктөрү жана автономдуулугу улам жакшыртылып, 2020-жылы кыйла технологиялык прогресске жетишкен. Жакынкы келечегинде ар кыл шарттарда аба, жер жана сууда "Охотник" сокку урууга машыккан.

Азырынча дүйнөнүн бир дагы өлкөсү сокку уруучу учкучсуз аппаратын колго түшүрүүчү учак катары пайдаланбагандыгын белгилей кетели. "Өнөктөштөр" мындан улам тынчсызданып жатканы байкалат.

27
Белгилер:
комплекс, ракета, душман, истребитель, курал, Россия
Тема боюнча
Америкалык F-35тин кезектеги көйгөйү: абада май куюучу учак менен кагышты
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков

Новиков ЕАЭБ пандемияга туруштук берүү үчүн эмне кылуу керектигин айтты

27
(жаңыланган 17:47 04.12.2020)
Новиков өз ара ишеним мейкиндигин түзүү, барьерлерди максималдуу түрдө жоюу жана кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү сунушун ортого салды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков COVID-19 пандемиясы маалында Евразия экономика биримдигине кирген өлкөлөрдүн интеграциясын бекемдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.

Новиковдун айтымында, өз ара ишеним мейкиндигин түзүү, барьерлерди максималдуу түрдө жоюу жана кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү керек. Муну ЕАЭБди өнүктүрүү институтунун ишин күчөтүү аркылуу да жасаса болот.

Ошондой эле ал пандемия өндүрүш чынжырчасынын начардыгын жана инфраструктураны өнүктүрүү муктаждыгын көрсөткөнүн белгилеген. Аны менен катар региондор аралык өз ара байланыш биринчи кезекте керектелүүчү продукция менен камсыздоо үчүн гана эмес, жалпы жонунан товар жүгүртүүнү колдоо керектигин айгинелегенин айткан.

"Биздин өлкөлөрдүн күчтүү жактарын өнүктүрүүгө, бири-бирин толуктап турууга жана биримдиктин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга маани берилиши керек. Биринчи кезекте союзга кирген өлкөлөрдүн суроо-талаптарын жана керектөөсүнүн болжолун түзгөн ЕАЭБдин бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин ишке ашыруу шарт. Биз өз өлкөбүздө товарлардын бардык түрүн чыгарууга аракет кылбашыбыз керек. Бул ички рынокту коргоону алсыздатып, жаңы барьерлерди жаратууга алып келет", — деди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Мындан сырткары, Новиков ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин экономикасын толуктап турушу керектигин кошумчалаган.

27
Белгилер:
өнүктүрүү, кызматташтык, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Артем Новиков
Тема боюнча
Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив

Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

0
(жаңыланган 19:04 04.12.2020)
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

0
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, сөгүш, өкмөт
Тема боюнча
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди