Добуштарды кайра санагыла! Трамптын митинг өткөрүүнү пландап жатканы айтылды

© REUTERS / CARLOS BARRIAАКШнын азыркы президенти Дональд Трамп
АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда шайлоодон кийин Жо Байден өзүн жеңишке жеттим деп жар салган. Бирок учурдагы президент Дональд Трамп утулганын моюндабай нааразы болууда.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп добуштардын кайра саналышын талап кылып, митинг өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Axios маалыматтык порталына таянып, Известия басылмасы жазды.

Аталган маалыматты президенттин кеңешчилери айтып берген.

Анда Трамптын штабы Жоржия, Аризона жана Пенсильвания штаттарындагы добуштарды кайра саноо боюнча команда түзө турганы кабарланган. Ошондой эле бул жолку шайлоодо мурда эле көз жумган адамдардын атынан добуштар берилгени ачыкталары кошумчаланды.

Казакстандын президенти Токаев Байденди шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Эске салсак, 3-ноябрь күнү АКШ өзүнүн 46-президентин шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мурдагы вице-президент Жо Байден жеңишке жетти. Ага 538 тандоочунун 290у өз добушун берген. Бирок Трамп жеңилгенин моюндабай, жактоочулары сотко арыз менен кайрылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0