Ми-24 тику учагы. Архив

Азербайжан россиялык тик учакты атып алгандыгын мойнуна алды. Сүрөт

376
(жаңыланган 00:10 10.11.2020)
Тик учак чабуулдан кийин тоолуу аймакта башкаруусун жоготуп, кулап түшкөн. Анын кесепетинен экипаждын эки мүчөсү каза таап, бирөө оор жаракаты менен аэродромго жеткирилген. 

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Азербайжан россиялык Ми-24 тик учагын атып алгандыгын мойнуна алганын аталган өлкөнүн ТИМи билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бүгүн Армения аймагында Россияга тиешелүү тик учакты Азербайжандын аскердик күчтөрү кокусунан атып түшүрүп алгандыгы боюнча кабар тараган. Анын кесепетинен экипаждын эки мүчөсү каза таап, бирөө оор жарадар болуп аэродромго жеткирилген. 

Ведомстводон Тоолуу Карабах чырынан улам кагылышуулар болуп жаткан армян-азербайжан чек арасына жакын жана жапыз учкан тик учакты катачылык менен атып түшүрүп алгандыктарын билдиришкен. 

Аскердик аба транспорту чабуулдан кийин тоолуу аймакта башкаруусун жоготуп, кулап түшкөн.

"Кан төгүп жатышат". Карабахта россиялык тынчтык орнотуучуларды ким күтөт?

Алар Ми-24 караңгыда, ПВО кажажаттары радары кармабай турган аймакта учуп жүргөнүн айтышкан. Мындан сырткары, кырсык болгон аба мейкиндигинен алды-кийин россиялык Ми-24төр кездешпегендигин кошумчалашкан.

"Азербайжан Россия тараптан трагедиялуу окуя кокусунан болуп кеткендиктен жана чабуул эч качан Россия тарапка багытталбагандыгын билдирип кечирим сурайт", — деп айтылган ТИМдин маалыматында.

Мурдараак Россиянын Коргонуу министрлиги 102-россиялык аскер базанын командачылыгы россиялык тик учакты атып түшүргөн тарапты аныктоо боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатканы кабарланган.

376
Белгилер:
өлүм, атып түшүрүү, тик учак, Армения, Азербайжан
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал (46)
Тема боюнча
Лавров Карабахтагы абалды турукташтыруучу шарттарды атады
Мушкер. Архив

ММА мушкери атаандашын башка тээп нокаутка түшүргөн видео

87
(жаңыланган 15:42 28.11.2020)
Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Польшалык ММА мушкери Камиль Онищук атаандашын сулата тээп бүк түшүрдү. Мындай кызыктуу учурду ACA MMA уюму өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Польшанын Лодзе шаарында өткөн ACA 114 мелдешинде Камиль Онищук жердеши Кристиан Бельски менен кез келип, тик турган абалда анын баш тушуна тээп кулаткан.

Беттештин алгачкы мүнөттөрүндөгү Бельскинин үстөмдүгүнө карабастан Онищук үчүнчү раундда сол буту менен катуу тепкен. Бул соккуга даяр эмес болгон Бельски тик турган жеринен канваска кулаган.

Калыс заматта беттешти токтотуп, жеңишти Камиль Онищукка ыйгарган. Промоушен да анын нокаутун баалап, бонус берген.

Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.

87
Белгилер:
ММА, нокаут, беттешүү
Тема боюнча
Валентина Шевченко каршылашы Майяны токмоктоп чемпиондук наамын сактап калды. Видео
Ай-буйга келтирбей, үч секундада жыга чапты. АКШдагы беттештин видеосу

Майк Тайсон менен Рой Жонстун көз караштар таймашынын видеосу

256
(жаңыланган 14:39 28.11.2020)
Беттеш сегиз раундга, анын бир бөлүгү эки мүнөткө ылайыкташкан. Мушкерлер шлем кийишпейт, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешет.

Кесипкөй бокстун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс кенжеси беттеш алдында таразага түшүп, көз караштар таймашын өткөрдү. Тайсон атаандашынан 5 килограммга оор болгонун Р-Спорт маалымат булагы жазып чыкты.

Беттеш 28-ноябрда АКШнын Калифорния шаарында өтөт. Жума күнү өткөн таразага түшүү аземинде америкалык Майк Тайсон 220,4 фунт (99,97 килограмм), ал эми анын атаандашы Россиянын жарандыгын алган Рой Жонстун салмагы 210 фунт (95,25 килограмм) чыккан.

Кайрымдуулук беттеш буга чейин 12-сентябрда Калифорнияда болору айтылып, Тайсондун командасынын спорттук иш-чарадан түшүүчү кирешени арттыруу максатында айткан өтүнүчү менен уюштуруучулар аны кийинкиге жылдырышкан.

Беттеш сегиз раундга ылайыкташкан. Ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген. Алар шлем кийишпейт, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешет.

Таймаштагы эсепти Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) өкүлдөрү жүргүзөт. ЖМКларда айтылган маалыматтарга ылайык, бул беттештен Майк Тайсон 10 миллион доллар гонорар алат, ал эми кенже Рой Жонс үч миллион доллардын тегерегинде пайда табат.

Sputnik Кыргызстан ата мекендик көрүнүктүү бокс чеберлери, машыктыруучулардын бул беттешке болгон болжолдорун билип көргөн.

256
Белгилер:
беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон
Тема боюнча
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу
Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду

ӨКМ жолдордо жылынуучу пунктуларды уюштурду. Сүрөт

0
Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдар, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарт түзүлгөн.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду
    © Фото / пресс-служба МЧС
  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган
    © Фото / пресс-служба МЧС
  •  На посту Сосновка по трассе Бишкек — Ош установили пункты обогрева
    Буга чейин ашууларда кар калыңдап, 15 сантиметрден ашканын, трассанын тайгак жерлерине тиешелүү каражаттар себилип жатканын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирген.
    © Фото / пресс-служба МЧС
1 / 3
© Фото / пресс-служба МЧС
Бишкек — Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка постунда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын жылынуучу жайлар уюштурулду

Пунктуларда кан жолдогу чукул кырдаалдарда, көп сааттык тыгындар учурунда айдоочулардын, жүргүнчүлөрдүн тамактануусу жана жылынышы үчүн шарттар каралган.

Буга чейин ашууларда кар калыңдап, 15 сантиметрден ашканын, трассанын тайгак жерлерине тиешелүү каражаттар себилип жатканын Транспорт жана жолдор министрлиги билдирген.

0
Белгилер:
жол, кар, чукул кырдаал, ӨКМ
Тема боюнча
Кардын калыңдыгы 15 сантиметрге жетти. Министрлик жолдогу абал тууралуу
Оштогу "Достук" көпүрөсүнө суу топтолуп, унаалар араң өтүп жатат. Видео