Арменияда митингчилер парламент спикерин сабап кетти. Видео

© Sputnik / Медиабанкка өтүүСитуация в Ереване
Ситуация в Ереване - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ереван шаарында митингге чыккан эл парламент спикери Арарат Мирзоянды автоунаадан алып түшүп, ур-токмокко алышты.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Элдин нааразычылыгына премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол койгону себеп болууда.

Документке кол коюлары менен өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциялары башталган. Митингчилер имаратка кирип барып Пашиняндын иш бөлмөсүн талкалап, андагы мамлекеттик символдорду алып кетишкен.

Андан соң парламент тарапка барып, төрага Арарат Мирзоянга кол салышкан. Учурда ага операция жасалып, абалы турукташканы айтылууда.

"Жеңил жагдай". АКШ эмнеликтен Баку менен Ереванды элдештире алган жок?

Учурда наазары болгондор башка депутаттардын оппозициялык күчтөргө кошулушун жана аталган келишимдин жокко чыгарылышын талап кылууда.

Эске салсак, 9-ноябрь күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Россия лидери Владимир Путин тарабынан Тоолуу Карабах аймагында куралдуу тирешүүнү токтотуу боюнча келишимге кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0