Аэропорттогу жүргүнчүлөр. Архив

Бангладештен Өзбекстанга 900 мигрант иштегени келет

203
(жаңыланган 16:34 10.11.2020)
Перс булуңундагы өлкөлөрдө чет элдик жумушчуларга суроо-талаптын азайышына байланыштуу Бангладеш өкмөтү башка эмгек рынокторун издеп жатат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Өзбекстанга атайын уюштурулган үч каттам менен Бангладештен 888 адам иштөө үчүн келет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзбекстандагы элчиси Жахонгир Алам The Daily Star маалмат булагына билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.

239 адамдан турган биринчи топ республикага 7-ноябрда келген. Алар Карши шаарындагы автоунаа чыгаруучу ишканага орноштурулган.

"Перс булуңундагы өлкөлөрдө чет элдик жумушчуларга суроо-талаптын азайышына байланыштуу Бангладеш үчүн жаңы эмгек базарларын издөө маанилүү экендигин адистер айтышты. Буга ар кандай себептер, анын ичинде жумушчуларды мыйзамсыз иштетүүнүн өсүшү түрткү болду", — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Бангладештин өкмөтү жарандарына Кытай, Камбоджа, Польша, Румыния, Хорватия жана Сейшел аралдарынан жаңы эмгек рыногун сунуштаган.

ЕАЭБ мигранттары Россияда жергиликтүүлөр менен теңата иштешет

Өлкө бийлиги Борбор Азия чөлкөмүн да жумушчу күчтү жиберүүчү аймактардын бири катары карап жатышат.

203
Белгилер:
жумушчу, мигранттар, Бангладеш, Өзбекстан
Тема боюнча
Казакова: ЕАЭБ мигранттары Россияда жергиликтүүлөр менен теңата иштешет
Якутияда мигранттар үчүн тиркеме иштелип чыкты. Ал кыргыз тилинде да жеткиликтүү
Манас аэропорту. Архив

Евразия өнүктүрүү банкы "Манас" аэропорту жана Темир жол долбоорун карап жатат

5
(жаңыланган 13:34 04.12.2020)
Өлкөдөгү долбоорлор тууралуу ушул күндөрү Москвада өтүп жаткан Биринчи Евразия конгрессинде айтылды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда "Манас" аэропорту жана Кыргыз темир жолу боюнча эки долбоор иштелип жатат. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасынын орун басары Амангелды Исенов журналисттерге билдирди.

Ал ушул күндөрү Москвада өтүп жаткан Биринчи Евразия конгрессинин талаасында журналисттердин алдында сүйлөдү.

"Азыркы тапта Кыргызстан боюнча долбоорлордун саны мактанарлык деп айтууга болбойт. Биз "Манас" аэропортунун инфрастуруктурасы жана Кыргыз темир жолу боюнча маселени карап жатабыз. Алар биздин контрагенттер менен биргеликте иштеп чыгуу этабында турат. Азыр долбоордун документациясы аягына чыга элек болгондуктан суммасын айта албайм", — деди Исенов.

Ошондой эле ал темир жолу модернизация болорун, долбоор татаал жана капиталы чоң экенин айтты.

Мындан сырткары, энергетикалык долбоорлорду Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо маселеси каралышы мүмкүн экенин кошумчалады.

5
Белгилер:
Евразиялык өнүктүрүү банкы, энергетика, "Манас" эл аралык аэропорту, Кыргыз темир жолу
Тема боюнча
Саркисян: мигранттар үчүн сонун долбоор бар, бирок Кыргызстан кызыкпай жатат
ЕАЭБ жана Кытай бажы ташуулары боюнча маалымат алмашууну баштайт
Чек ара жайы. Архивдик сүрөт

Өзбекстан эреже бузган жок! Өкмөт Дейрес айылына жакын жердеги кырдаал тууралуу

62
(жаңыланган 12:32 04.12.2020)
Өзбекстан тараптан пландаштырылып жаткан инженердик жумуштар, келишимге ылайык, кошуна өлкөнүн аймагында 10 метрден 30 метрге чейин жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөт Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалга түшүндүрмө берди.

Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, Аксынын Авлетим айыл аймагынын Дейрес айылынын тургундары Өзбекстандын аскер кызматкерлери чек арага жакын жерге инженердик курулмаларды орнотуп жатканын маалымдап, тынчсызданышкан.

"Бул участок Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 2017-жылдын 5-сентябрындагы келишимине ылайык, делимитация процедурасынан өткөн. Буга байланыштуу аймактагы инженердик иштердин аткарылышы Кыргызстандын бүтүндүгүн бузууга жатпайт", — дешти өкмөттөн.

Өзбекстан тараптан пландаштырылып жаткан инженердик жумуштар, келишимге ылайык, кошуна өлкөнүн аймагында 10 метрден 30 метрге чейин жүргүзүлөт.

Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү биргеликте 2-декабрда Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы Дейрес айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүп, кырдаал боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүшкөн.

Калкка маалыматтык-түшүндүрүү иштери мындан ары дагы туруктуу жүргүзүлүп турары, учурда айылда абал туруктуу экени белгиленди.

62
Белгилер:
Өзбекстан, чек ара, Жалал-Абад, Аксы
Тема боюнча
Жапаров: Чек ара кызматында иштегендердин айлыгы көтөрүлөт
Чек ара кызматы УКМКнын курамына киргизилди