Россиянын президенти Владимир Путин

Путин: Тоолуу Карабахтагы окуя чоң трагедия

159
(жаңыланган 17:05 10.11.2020)
Россия лидери кырдаалды жөнгө салуу үчүн кабыл алынган кадамдар тынчтыкты орнотууга зор өбөлгө болот деген үмүтүн билдирди.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин учурда Тоолуу Карабахта болуп жаткан окуяны чоң трагедия деп сыпаттады. Бул тууралуу РИА Новости маалымат булагы жазды.

Ал ошондой эле кырдаалды жөнгө салуу үчүн кабыл алынган кадамдар тынчтыкты орнотууга зор өбөлгө болот деген үмүтүн билдирди.

"Карабахта болуп жаткан атышуулар чынында эле чоң трагедия. Компромисске келүү жана кан төгүүнү токтотуу боюнча жетишилген макулдашууларды зор канааттануу менен белгилегим келет. Акыркы күндөрдө жасаган бардык кадамдарыбыз Азербайжан жана Армения элдеринин жыргалчылыгы үчүн узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга алып келет деп ишенем", — деди Путин шейшембиде Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын отурумунда.

Эске салсак, Россия, Армения жана Азербайжан өлкөлөрүнүн башчылары Владимир Путин, Никол Пашинян жана Ильхам Алиев Тоолуу Карабахтагы атышууну токтотуу боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. РФ президентинин билдирүүсүнө ылайык, Карабахтагы кан төгүүлөр 10-ноябрдан тарта толук токтотулат. Азербайжан менен Армения ээлеген позицияларында токтошу керек жана туткундарды алмашышы зарыл. Мындан сырткары, Карабахка россиялык тынчтыкты орнотуучу күчтөр киргизилет.

Россиялык тынчтыкты орнотуучу күчтөр Карабахка учуп кетишти. Видео

Пашинян Facebook баракчасында калтырган билдирүүсүндө, бул келишим ал үчүн өтө оор чечим болгонун белгиледи. Өз кезегинде Азербайжандын президенти Алиев бул келишимди Армениянын багынып бериши деп атады. Анын айтымында, келишим Баку үчүн эң пайдалуу болгон. Азыр аскерий тирешүү аяктап, саясий маселелерге өтүүгө болорун Азербайжандын президенти белгилейт.

159
Белгилер:
согуш, Азербайжан, Армения, Владимир Путин, Тоолуу Карабах
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал (46)
Тема боюнча
Арменияда митингчилер парламент спикерин сабап кетти. Видео
Карабахтагы согуш бүттү: Пашинян, Алиев жана Путин келишимге кол койду
Портфель менен киши. Архив

Беш кредитор Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берди. Тизме

144
(жаңыланган 23:57 27.11.2020)
Өлкө бийлиги тышкы карызды тейлөө боюнча бир катар мамлекеттер менен мөөнөттү жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызын тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш мамлекет менен макулдашуулар болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансы министрлигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө нөл пайыздык чен менен карыздарды төлөп берүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш кредитор менен макулдаштык. Алар: БАЭ, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Euler Hermes) жана Түркия”, — деп айтылат билдирүүдө.

Пролонгация кылынган каражаттын көлөмү 51 миллион долларга жетти. Аны мамлекет төрт жылдын ичинде кутулушу керек.

Дагы алты кредитор, анын ичинен Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Түштүк Корея, Япония) менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан жогору. Анын ичинен дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет.

144
Белгилер:
Тышкы карыз, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады
Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады
Беларусь президенти Александр Лукашенко

Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынганда президент болбой турганын жар салды

180
(жаңыланган 19:50 27.11.2020)
Лукашенко азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарына басым жасалганын айтып, өлкөнүн пайдасы үчүн жаңысын кабыл алуу керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өлкө башчысы болбой турганын жар салды. Бул тууралуу БелТА агенттиги жазды.

"Конституцияны өзүмө ылайыктаган жокмун. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынса, мен силердин президентиңер болуп иштебейм. Ошондуктан муну жеңил кабыл алып, тынч болгула", — деген президент.

Ал шайлоонун жыйынтыгын кимдир бирөөнүн жасалмалоосуна жол бербей турганын айтып, ошол себептен жаңы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп жатканын айткан.

"Мен жаңы Баш мыйзамдын тарапташымын. Себеби азыркы иштеп жаткан Конституцияны "белгисиз президенттин" колуна карматканга болбойт", — деген ал.

Лукашенко азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарына басым жасалганын айтып, өлкөнүн пайдасы үчүн жаңысын кабыл алуу керектигин белгилеген.

180
Белгилер:
өзгөртүүлөр, конституция, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Жапаров референдумга Конституция эмес, башка маселени алып чыгууну сунуштады
Лавров: Беларустагы конституциялык реформаны колдойбуз
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

0
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

0
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео