Дүйнө жүзүндөгү эң популярдуу смартфонду аныкташты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүСтарт продаж новых iPhone в России
Старт продаж новых iPhone в России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнө жүзү боюнча 2020-жылдын үчүнчү кварталында 348 миллион смартфон сатылган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1 пайызга аз.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. iPhone 11 смартфону 2020-жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы менен дүйнөдө эң көп сатылган телефон аппараты болду. Бул тууралуу аналитиканы Canalys компаниясы даярдаганын РИА Новости жазды.

Apple популярдуу смартфондор рейтингинде биринчи жана экинчи орундарды ээлөөгө жетишти — iPhone 11 (16 миллион даана) жана iPhone SE 2020 (10 миллион даана). Үчүнчү орунду Samsung Galaxy A21s ээледи, анын 10 миллионго чукулу сатылган. Алдыңкы ондуктагы калган жети орунга Samsung жана Xiaomi чыккан.

Кубаттуулугу эң күчтүү смартфон аталды

Ал эми жалпы сатылгандардын саны боюнча Samsung алдыга чыккан. Үчүнчү кварталда бул үлгүдөгү 80 миллиондон ашык телефон сатылган. Экинчи орунду Huawei ээледи. Андан 51,7 миллион смартфон сатылып алынган. Xiaomi үчүнчү тепкичте калды.

Дүйнө жүзү боюнча 2020-жылдын үчүнчү кварталында 348 миллион смартфон сатыкка кеткен. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1 пайызга аз.

Жаңылыктар түрмөгү
0