Автобуста коопсуз маскачан жүргүнчүлөр. Архив

Пандемия убагында эң кооптуу делген жайлар айтылды

157
Окумуштуу кооптуу жерлердин катарына коомдук транспортторду жана спорт залдарын киргизген. Ал ошондой эле жөтөлгөн учурда илдет башкаларга жугарын белгилеген.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Таза аба айланбаган жерлерде коронавирустун жугуу коркунучу жогору болот. Бул тууралуу Москва мамлекеттик университетинин профессору Алексей Аграновский "Говорит Москва" радиосунун эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал кооптуу жерлердин катарына коомдук транспортторду жана спорт залдарын киргизген. Ал эми паркка баруу кооптуу эмес экенин айткан.

"Таза абада, ачык жайларда вирус тарабайт", — деген Аграновский.

Окумуштуу ошондой эле коронавирус аэрозоль катары, мисалы, жөтөлгөн учурда башкаларга жугарын белгилеген.

"Жабык бөлмөдө, айрыкча, желдетүү системасы туура эмес болгон жайларда кооптуулук жогору", — деп белгилеген ал.

Коронавирус пандемиясы бүтүндөй дүйнөнү каптаган. Бул илдетке кабылгандардын саны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 50,8 миллиондон ашты. Оору жуккандардын 1,26 миллиону каза болгон.

157
Белгилер:
кооптуулук, жуктуруу, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1168)
Тема боюнча
Коронавирус пандемиясы дагы бир эпидемияны чакырды
Казакстандын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы, учурда Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын жетекчисинин кеңешчиси Григорий Марченко. Архивдик сүрөт

Адис ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигин айтты

19
(жаңыланган 15:07 04.12.2020)
Григорий Марченко Биринчи Евразия конгрессинде сүйлөп жатып, ЕАЭБде негизи багыттар жумушчу күч, товар, кызмат көрсөтүү жана капитал экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттеринин мындан ары өнүгүшү үчүн кызмат көрсөтүү жана капиталды өнүктүрүү жаатында кызматташуу керек. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы, учурда Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалыгынын жетекчисинин кеңешчиси Григорий Марченко билдирди.

Ал Биринчи Евразия конгрессинде сүйлөп жатып, ЕАЭБде негизи багыттар жумушчу күч, товар, кызмат көрсөтүү жана капитал экенин кошумчалады.

"Баамдап көрсөк, ЕАЭБде жумушчу күч менен эмгек 70 пайызга, кызмат көрсөтүүлөр 46 пайызга, капитал 40 пайызга либералдашты. Мындан ары өнүгүү жолунда болуу үчүн кызмат көрсөтүү жана капиталды өнүктүрүү жаатында кызматташуу керек", — деди Марченко.

Ошондой эле ал учурда ЕАЭБ 2001-жылы Биримдикти негиздөөчүлөр ойлогондон башкачараак нукта иштеп жатканын айтты. Бирок евразиялык интеграция жакшы жыйынтык берип жатканын танууга болбой турганын кошумчалады.

19
Белгилер:
кызматташуу, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
ЕАЭБ өсүмдүк майынын зыяндуулугун азайтуу үчүн атайын норма иштеп чыгат
ЕАЭБ жана Кытай бажы ташуулары боюнча маалымат алмашууну баштайт
ЕАЭБ аймагында "COVID жок саякаттайм" тиркемеси ишке кирет. Артыкчылыгы
Задержанный в полицейском участке Сен-Дени, в Париже. 30 июля 2013 года

Качып кетип Москвадан кармалган кыргызстандыктар. Сүрөт

82
(жаңыланган 14:47 04.12.2020)
Маалыматта кыргызстандыктарды убайымга салган алдамчы делгендер жана үй-бүлөсүнө кол салууга шектелген киши кармалгандыгы айтылат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Ар кандай кылмыштарды жасап издөөгө алынган кыргызстандыктар Москвадан кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

"Башка бирөөнүн мүлкүн алдап ээлеп, качып кетип, жабырлануучуларга арбын ыңгайсыздык жаратып, алдамчылык менен издөөдө жүргөн жана бүтүндөй бир үй-бүлөнү өлтүрүү максатында кол салып мамлекеттер аралык издөөгө алынгандар Москвадан кармалды", — деп айтылат маалыматта.

ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү 2020-жылдын ноябрь айында Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте издөөдө жүргөн бир нече адамды колго түшүргөн:

Находящиеся в розыске в Кыргызстане, задержанные в Москве
© Фото / пресс-служба МВД
Ар кандай кылмыштарды жасап издөөгө алынган кыргызстандыктар Москвадан кармалды

Чүй облусунун 28 жаштагы Н.Т. аттуу жашоочусу ири суммада жасалган алдамчылык үчүн 2020-жылдын август айынан бери издөөдө жүргөн. Ал 2017-жылы октябрь айында алдоо жолу менен ээ болгон Mercedes S-500 үлгүсүндөгү автоунаасынын камакка алынганына карабастан соттун чечими жок сатып жиберип, качып кеткен. Алдамчылыгы менен жабырлануучуга 342 000 сомдон ашык чыгым тарттырган.

Чүй облусунун 31 жаштагы М.А. аттуу жашоочусу 2019-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Анын изине УКМК түшкөн. Кылмыш жасоого башка катышуучуну көндүрүп, шыкактаган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизген, ошого тете расмий документке анын анык мазмунун бурмалаган оңдоолорду киргизген деп шектелген.

Жалал-Абад облусунун 27 жаштагы Н.М. аттуу тургуну 2019-жылы издөөгө алынган. Ошол жылдын августунда Сузак районундагы айылдык кишинин үйүнө кирип, төрт адамды сайган деп айтылган. Жарадар болгондор ооруканага жеткирилген. Аны Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБи издеп жаткан.

Баткен облусунун 35 жаштагы М.К. аттуу жашоочусуна 2019-жылдан бери Финансы полициясы мамлекеттер аралык издөө жарыялаган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, расмий документке билип туруп жалган маалыматтарды киргизген, ошого тете расмий документке анын анык мазмунун бурмалаган оңдоолорду жасаган деп айыпталган.

Жалал-Абад облусунун 46 жаштагы жашоочусу 2020-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Ал беш жыл мурда Ж.Н. аттуу жарандын мүлкүн алдап алып, качып кеткен. Келтирген материалдык чыгым 810 000 сомду түзгөн.

ИИМден учурда жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча издөөгө алган тарапка кабарлама жөнөтүлүп, Кыргызстан менен Россиянын укук коргоо органдары изделип жаткан жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн өз өлкөсүнө жөнөтүү маселесин чечип жаткандыгын кошумчалашты.

82
Белгилер:
издөө, кол салуу, алдамчылык, ИИМ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кайгуул милициясы: "Асанбай" паркында жардыруу жасады деген киши кармалды
Бардар бүлөлөрдүн балдары дешти. Тоңдогу уурулуктун чоо-жайы
Персональный идентификационный номер (ПИН) на биометрическом паспорте гражданина КР. Иллюстративное фото

ПИН кайсы учурда керек, экөө-үчөө чыкса эмне кылуу зарыл? 7 суроого жооп

0
(жаңыланган 16:24 04.12.2020)
Азыр Каттоо кызматы, Соцфонд, Салык кызматы же банктарга барсаң, дароо ПИН сурашат. Аны текшерте келгенде бир эле адамдын эки-үч номер чыгып калышы толук ыктымал.

Эмне себептен бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калат, аны оңдотууга канча убакыт кетет, дегеле ПИН (Персоналдык идентификациялык номер) деген эмне экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов айтып берди.

ПИН деген эмне?

Персоналдык идентификациялык номер — жарандын мамлекеттин маалымат базасындагы ачкычы. Бул номерде ар бир жарандын жекече маалыматы камтылган. Аны менен адам эч көйгөйсүз паспорт, нике күбөлүгү, айдоочулук күбөлүк, аттестат сыяктуу документтерди ала алат.

ПИН кайсы учурда керек болот?

Персоналдык идентификациялык номер Мамлекеттик каттоо кызматына, Салык кызматына, Соцфондго жана банктарга барганда керек болот. Кайрылган адамдын аты-жөнүн сураганда андайдан төрт-бешөө чыгып калышы ыктымал. Ал эми мыйзам боюнча ПИН бир адамда бирөө гана болушу шарт. Ошол себептен жеке номерин сурап, андан керектүү маалыматтарды ала алышат.

Бир эле адамдан эки-үч ПИН чыгып калган учурлар катталууда. Себеби эмнеде?

Персоналдык идентификациялык номерлер жеке ишкерлерге 90-жылдары эле Салык кызматы тарабынан бериле баштаган.

Андан кийин ПИНди берүү милдети Социалдык фондго жүктөлгөн. Себеби пенсия аларда ар бир адамдын бирдей жеке номери болсун деп аталган кызмат жалпы жарандарга берип баштаган.

Ал мезгилде автоматташтырылган система жок болгондуктан, ПИН алууга адам өзү да, иштеген жери да кайрыла берип бир эле адамга эки-үч ПИН берилип кеткен.

ПИН берүү функциясын Каттоо кызматы 2016-жылдын 1-августунан баштап өзүнө алган.

Себеби паспорт жана башка документ алууда биринчи кезекте ПИНи такталат. Ал аркылуу ошол жарандын маалымат базасы текшерилет. Бир нече ирет берилип кеткен ПИНдерди оңдоп, текшерүү үчүн кызматтын алдында атайын комиссия түзүлгөн. Мыйзам боюнча бир адамда бир эле персоналдык идентификациялык номери болушу шарт. Ошол себептен атайын комиссия анын баарын тактоодо.

Эгер эки же андан көп ПИН бар болсо, ал канча убакытта оңдолот?

ПИНди текшере турган комиссия жумуштун баарын жабык эшик артында жасайт. Себеби алар ар бир адамдын жеке маалыматын бирден текшерип чыгышат. Алсак, айрымдарынын туулган жери же жылы туура эмес жазылып калган болот. Же болбосо туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен паспорттогу маалыматтар дал келбей калат. Комиссия мунун баарын текшерип чыкканга чейин 10 күн керектелет.

Комиссиянын курамында сегиз гана киши иштейт. Ал эми идентификациялык номер боюнча мамлекеттик каттоо кызматына күнүнө 400-500 арыз келип түшөт. Буга чейин комиссияда беш гана адам иштечү. Бирок жумуш көбөйгөндүктөн дагы үчөө кошулган. Арыз көп, киши аз болгондуктан да ПИНди берүү мөөнөтү узарып кетүүдө.

Негизи 10 күндүн ичинде такталган ПИН берилиши шарт. Азыркы тапта комиссияда 4 800 туура эмес ПИН турат.

Эгер андан көп убакыт өтүп кетсе эмне кылуу керек?

ПИНди оңдоо бир айга чейин созулуп кеткен фактылар катталган. Адатта эскирип, жазуусу өчүп калган туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү текшерүүгө көбүрөөк убакыт кетип калат. Ошол себептен эки жумадан ашык убакыт кетип калышы мүмкүн. Бирок 10 күндүн ичинде бүтүрүүгө аракет кылышат. Кокус ал убакытта номер колго тийбей калса, жарандар Каттоо кызматынын 62 41 40 ишеним телефонуна чалса болот. Бүгүнкү күндө 200 000 ашык ПИН өзгөртүлүп, оңдолду.

ПИНди текшертүү үчүн кайда кайрылуу керек?

Персоналдык идентификациялык номерди текшертүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылуу керек. Кокус эки же үч ПИН чыгып калып же аты-жөнү боюнча ката кездешсе, жаран ошол жерден арыз жазат.

Кыргызстандын жана чет элдик жарандардын персоналдык номер алуусу же аны өзгөртүүсү ЗАГС органынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө (катталган жерине карабастан) жана чет өлкөдөгү тийиштүү мекемелерде ишке ашырылат.

Персоналдык идентификациялык номер кыргызстандыктарга, чет элдик жана жарандыгы жок адамдарга бекер берилет.

ПИН алуу үчүн кандай документ керек? (18 жашка толгондорго)

Бекитилген форма боюнча арыз;

Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүгү же туулгандыгы тууралуу актыдан көчүрмө, болбосо Кыргызстандын жараны экендигин тастыктаган башка документ, көчүрмөсү менен;

Эгер туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүк же туулгандыгы жөнүндө бекитилген актынын көчүрмөсү жок болсо жарандын туулгандыгы жөнүндөгү фактыны бекиткен соттун чечими.

0
Белгилер:
текшерүү, документ, каттоо кызматы, каттоо, маалымат, жеке иш