Үлпөт тоюнан 15 мүнөт өтпөй көз жумган келин. Даниядагы окуя

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүТой сарайында келин. Архив
Той сарайында келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялынын коркунучтуу ооруга чалдыгып, эки жылдан кийин каза болорун уккан сүйүктүүсү анын кыялын орундатууну чечип, колун сураган.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Данияда рак илдетине кабылган аял сүйүктүүсүнө расмий түрдө турмушка чыгып, үлпөт тоюнан  15 мүнөт өтпөй көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Metro басылмасына таянып кабарлаган.

Маалым болгондой, 41 жаштагы Ли Тулин Симосендин мээсинде залалдуу шишик бар экенин дарыгерлер эки жыл мурда эле айтышкан.

"Ошол учурда анын 49 жаштагы Шафф Прабатани менен чогуу жашап жүргөнүнө 10 жыл болгон. Бул жылдар аралыгында ал үлпөт той өткөрүүнү кыялданып, оозунан түшүргөн эмес. Жыл өткөн сайын аялдын көрүүсү начарлап, башы тынбай ооруп турчу. Медиктер ошол жылы аял эки жыл гана өмүр сүрө турганын айтышкан", — деп жазылат маалыматта.

Жаңы Зеландия: аял үлпөт тоюндагы сүрөтүнөн эмчек рагына кабылганын билген

Муну уккандан кийин аялдын сүйүктүүсү анын кыялын орундатууну чечип, колун сураган. Былтыркы жылдын август айында түгөйлөр үйлөнүү тоюн өткөрүшкөнү маалым болду. Тилекке каршы, тойдөн 15 мүнөт өтөөрү менен келинчек көз жумган. Аялынан ажыраган киши үйүнөн анча алыс эмес жерге китепкана ачып, ага аялынын ысымын берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0