Пашинян Россиянын жардамынан баш тартканбы? Журналисттер суроо узаткан видео

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Армению
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Армению - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Армения өкмөтүнүн башчысына Тоолуу Карабах чырын чечүүдө Россиянын жардамынан баш тарткан-тартпаганы боюнча суроо узатылды.

БИШКЕК, 14-ноя. – Sputnik. RT жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян менен "Говорит Москва" радиосунун башкы редактору Роман Бабаян НТВ телеканалынын эфиринде Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга ыңгайсыз суроолорду узатышты.

Бабаян төмөнкүдөй суроолорду берди: Россия Тоолуу Карабахтагы жаңжалдын биринчи күнүнөн баштап кырдаалды жөнгө салуу үчүн түрдүү жакшы сунуштарды бергени, сиз болсо аларды угуп, бирок баш тартканыңыз чынбы? Армения Россиядан Пашиняндын жеке өтүнүчү менен керектүү курал-жарактын бардыгын алып турду беле?

"Суроолорго ачык жооп берсеңиз, сизди колдоп жаткандар көп нерсе билип калаттыр. Эгер жооп бербесеңиз анда кийинки суроолорду узатам, ошондо кутулуп кете албай каласыз", — деди Бабаян.

Нагорный Карабах во время обострения конфликта - Sputnik Кыргызстан
Карабахтагы согуш бүттү: Пашинян, Алиев жана Путин келишимге кол койду
Симоньян дагы суроолорун узатты: Пашинян мырза, ушул күнгө чейин АКШдагы досторуңуз менен тынбай сүйлөшүп, кеңеш алып турганыңыз чынбы? Балким, ушул себептен Россия сунуштаган чаралар боюнча чечимдерди жайлатып, кабыл албагандырсыз?

Сиздин кыбырагандыгыңыз, аныксыздыгыңыз жана бир учурда эки отургучка отуруу каалооңуз азыркы көрүнүшкө алып келген жокпу?

Тоолуу Карабахтагы кырдаал 27-сентябрда курчуган. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыпташат. Россия, АКШ жана Франция лидерлери каршылаш тараптарды кагылышууларды токтотууга жана тез арада сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0