Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру өтүп жатат

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМолдовадагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан адам. Архив
Молдовадагы президенттик шайлоодо добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи турда бир дагы талапкер 50 пайыздан көп добуш ала албагандыктан, президенттик шайлоонун экинчи туру белгиленген.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру башталганын РИА Новости билдирди.

Төрт жылдык мөөнөткө иштей турган Молдованын лидерин тандап алуу үчүн өлкө боюнча эки миңден ашуун шайлоо участкасы ачылды. Ал эми чет өлкөдө жүргөн жарандар 139 участоктон добуш беришет.

Шайлоонун жүрүшүнө эки миңден ашуун жергиликтүү жана 300 эл аралык байкоочу көз салууда.

Эскерте кетсек, 2-ноябрь күнкү шайлоодо бир дагы талапкер 50 пайыздан көп добуш ала албагандыктан, Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру белгиленген. Бул чекке азыркы президент Игорь Додон дагы жетпей калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0