Карабахтагы кошуундар Азербайжанга караган аймактан чыгып кетип жатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТоолуу Карабахтын Чанахчи айылындагы аскерлер
Тоолуу Карабахтын Чанахчи айылындагы аскерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжан менен Армениянын ортосундагы келишимге ылайык, элдик кошуундардын мүчөлөрү Бакунун көзөмөлүнө өткөн аймактан чыгып кетиши керек.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Тоолуу Карабахтагы элдик кошуундар Азербайжанга тиешелүү аймактан чыгып кетүүсүн улантууда. Бул туурасында РИА Новости тынчтык орнотуучулардын штабынан билдиргенин кабарлады.

Учурда аба ырайы бузулгандыктан алардын чыгып кетүүсү бир аз жайлап калган.

"Кыйын кырдаалга карабай Тоолуу Карабхтагы Агдам, Кельбажар жана Лачин райондорунан алардын бөлүктөрүн чыгаруу уланууда. Азыр аба ырайынын бузулушунан жана коюлган миналарды зыянсыздандыруу иштеринен улам иш жайлап калды. Өзгөчө тоолуу жерлерде ушундай абал жаралды", — деп айткан маалымат берген адам.

Армениялык аскер кызматкерлери Тоолуу Карабахтагы азербайжан аскерлери тарапка артиллериялык куралдан ок атууда - Sputnik Кыргызстан
Тоолуу Карабахта тынчтык орнотуу: ким эмне үчүн күрөштү?
Белгилей кетсек, Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген.

Ага ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар барган.

Буга чейин Кыргызстан эки тарапты тең сабырдуулукка чакырган. Ошондой эле аймактын бүтүндүгү жана эгемендүүлүк принциптерин сактоо менен тынчтыкта, сүйлөшүү жолу аркылуу жаңжалды жөнгө салуусун жактай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0