SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск. Архив

Илон Маск COVID боюнча тапшырган тесттеринин жыйынтыгына таң калды. Себеби

409
Коронавирустун кандайдыр бир симптомдору барбы деп сурагандарга кадимки эле суук тийүүнүн белгилерин сезип жатканын айткан.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск  коронавируска бир эле күндө төрт жолу тест тапшырып, жыйынтыгында экөө таза, ал эми экөө инфекцияны жуктурган деп чыкканын билдирди.

Ал таң калуу менен Twitter баракчасына пикирин жазган.

​"Эмне деген шумдук болуп жатат. Бүгүн COVID-19га төрт жолу тест тапшырдым. Экөө терс чыкса, дагы экөө оору бар экенин көрсөттү. Ошол эле жабдык, окшош эле тесттер колдонулуп, баарын бир эле медайым жасаган. Антиген экспресс-тесттер BD (Becton, Dickinson and Company) компаниясыныкы", — деп жазган Маск.

Кийинчерээк ал башка лабораторияга барып ПЦР-тест тапшырууну чечкенин кошумчалады. Анын жыйынтыгы 24 сааттан кийин чыгат. Ал эми коронавирустун кандайдыр бир симптомдору барбы деген суроого кадимки эле суук тийүүнүн белгилерин сезип жатканын айткан.

409
Белгилер:
жыйынтык, тапшыруу, тест, коронавирус, Илон Маск
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1168)
Тема боюнча
Россиядан ПЦР-тест системасы алып келинди. Ал 50 миң анализ жүргүзүүгө жетет
Окумуштуулар COVID-19ду аныктоонун жаңы ыкмасын тапты
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков

Новиков ЕАЭБ пандемияга туруштук берүү үчүн эмне кылуу керектигин айтты

4
(жаңыланган 17:37 04.12.2020)
Новиков өз ара ишеним мейкиндигин түзүү, барьерлерди максималдуу түрдө жоюу жана кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү сунушун ортого салды.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков COVID-19 пандемиясы маалында Евразия экономика биримдигине кирген өлкөлөрдүн интеграциясын бекемдөөгө чакырды. Бул тууралуу ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.

Новиковдун айтымында, өз ара ишеним мейкиндигин түзүү, барьерлерди максималдуу түрдө жоюу жана кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү керек. Муну ЕАЭБди өнүктүрүү институтунун ишин күчөтүү аркылуу да жасаса болот.

Ошондой эле ал пандемия өндүрүш чынжырчасынын начардыгын жана инфраструктураны өнүктүрүү муктаждыгын көрсөткөнүн белгилеген. Аны менен катар региондор аралык өз ара байланыш биринчи кезекте керектелүүчү продукция менен камсыздоо үчүн гана эмес, жалпы жонунан товар жүгүртүүнү колдоо керектигин айгинелегенин айткан.

"Биздин өлкөлөрдүн күчтүү жактарын өнүктүрүүгө, бири-бирин толуктап турууга жана биримдиктин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга маани берилиши керек. Биринчи кезекте союзга кирген өлкөлөрдүн суроо-талаптарын жана керектөөсүнүн болжолун түзгөн ЕАЭБдин бирдиктүү маалыматтык мейкиндигин ишке ашыруу шарт. Биз өз өлкөбүздө товарлардын бардык түрүн чыгарууга аракет кылбашыбыз керек. Бул ички рынокту коргоону алсыздатып, жаңы барьерлерди жаратууга алып келет", — деди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Мындан сырткары, Новиков ЕАЭБ өлкөлөрү бири-биринин экономикасын толуктап турушу керектигин кошумчалаган.

4
Белгилер:
өнүктүрүү, кызматташтык, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Артем Новиков
Тема боюнча
Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү
ВТБ банкынын президенти Андрей Костин. Архив

Россиялык банкир интеграциянын мыкты мисалдарын атады. Бири КРге байланыштуу

21
(жаңыланган 17:04 04.12.2020)
Андрей Костин алгачкы Евразия конгрессинде сүйлөп жатып банктар экономика менен интеграциянын локомотиви боло аларын белгиледи.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Экономикалык интеграциянын эки мисалын "ВТБ банкынын" президенти Андрей Костин атады.

Алгачкы Евразия конгрессинде сүйлөп жатып, ал банктар экономика менен интеграциянын локомотиви боло аларын белгиледи.

"Биздин банк Казакстандагы ири тоо-кен металлургия тармагындагы топ менен кызматташат. Биз каражат менен гана камсыздабастан, андан чопо сатып алып Тажикстанга жөнөтөбүз. Ошондой эле алюминий өндүргөн компанияны каржылап, ордуна даяр продукция алабыз. Товарды дүйнөлүк рынокко чыгарабыз", — деди Костин.

Мындай жол менен ал Россия, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосунда интеграция жүргүзүп жатканын айтты. Бул финансылык түзүмдөр ишке ашыра ала турган интеграциялык кызматташтыктын бир мисалы экенин кошумчалады.

"Ошондой эле биз Кыргызстандагы ири алтын кенине инвестор жана кредитор болуп бердик. Кеп "Жерүй" долбоору жөнүндө болуп жатат. Бул дагы финансылык институттар экономикалык өнүгүүсүнө салым кошо аларын көрсөткөн экинчи далил", — деди банк жетекчиси.

Буга чейин адистер ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигин айтышкан эле.

21
Белгилер:
банк, экономика, интеграция, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Адис ЕАЭБди мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керектигин айтты
Евразия өнүктүрүү банкы "Манас" аэропорту жана Темир жол долбоорун карап жатат

Бишкектеги батирлер канча турат? Ноябрь айындагы баалар

0
Окурманга ыңгайлуу болушу үчүн биз бир, эки жана үч бөлмөлүү турак жайлардын ар кандай түрүнүн орточо наркын көрсөттүк.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ай сайын Бишкек шаарындагы 104, 105, 106-сериялардагы, "хрущевка" жана жеке типтеги батирлердин сатылган бааларына байкоо жүргүзүп келет.

Бул материалды даярдоодо 3 891 жарыя иликтөөгө алынган. Ачык маалыматтардагы бааларга ылайык, бир бөлмөлүү батирдин орточо наркы ноябрь айында төмөнкүнү көрсөттү:

  • 104-серия — 30 200 доллар (23 000ден 35 500 долларга чейин);
  • 105-серия— 29 300 (21 500дөн 40 000ге чейин);
  • 106-серия —32 500 (23 500дөн 44 000ге чейин);
  • "хрущевкалар" — 26 600 (21 500дөн 36 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 29 200 (14 000ден 56 500гө чейин).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо наркы:

  • 104-серия — 36 500 доллар (29 000ден 46 000 долларга чейин);
  • 105-серия— 42 000 (30 000ден 54 500гө чейин);
  • 106-серия — 44 000 (27 500дөн 65 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 33 600 (26 500дөн 48 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 41 300 (18 500дөн 90 000ге чейин).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо наркы:

  • 104-серия — 44 300 доллар (35 000ден 61 500 долларга чейин);
  • 105-серия— 53 100 (32 500дөн 86 500гө чейин);
  • 106-серия — 56 500 (39 500дөн 76 500гө чейин);
  • "хрущевкалар" — 41 200 (27 500дөн 51 500гө чейин);
  • жеке типтеги батирлер — 56 300 (27 500дөн 157 000ге чейин).
0
Белгилер:
нарк, сатуу-сатып алуу, сатуу, батир, турак-жай, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек менен Ошто ижарага берилчү батирлердин ушул аптадагы баасы. Инфографика