Түркия Азербайжанга аскерлерин жөнөткүсү келип жатат. Россия эмне дейт

© Фото / пресс-служба Минобороны Азербайджана / Медиабанкка өтүүТурецкая армия прибыла на учения в Азербайджан
Турецкая армия прибыла на учения в Азербайджан  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын президенти Тайип Эрдогандын түрк аскерлерин Азербайжанга жөнөтүү боюнча жарлыгынын долбоорун парламентке жөнөттү. Россия буга комментарий берди.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Түркия аскерлерин Азербайжанга жөнөтүү мүмкүнчүлүгү — Түркиянын ички иши. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.

Буга чейин Anadolu агенттиги Түркия президенти Тайип Эрдогандын түрк аскерлерин Азербайжанга жөнөтүү боюнча жарлыгынын долбоору өлкө парламентине жөнөтүлгөнүн жазган.

"Азербайжандын аймагында мониторинг борбору болот, ошол жакка түрк аскерлерин жөнөтүү керек — бул Түркиянын ички мыйзамдарында каралган процедуралардын аткарылышы болуп саналат. Ал өлкөнүн ички иши. Ал эми Азербайжандын аймагында биргелешкен мониторинг борборун түзүү маселеси — бул эки тараптуу, Россия менен Түркиянын келишими", — деди Песков.

Белгилей кетсек, Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген.

Келишимге ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар барат. Ал эми Армения менен Азербайжандын куралдуу күчтөрү мурда ээлеп турган позициясында калышат.

Тоолуу Карабахтагы россиялык тынчтык орнотуучу - Sputnik Кыргызстан
Карабахтагы тынчтык орнотуучулар. Россия оор милдетти аркалоодо
Агдам району менен Газах районундагы аймак 2020-жылдын 20-ноябрына чейин Азербайжанга кайтарылат. Ошондой эле Армения 15-ноябрга чейин Азербайжанга Кельбаджар районун, 1-декабрга чейин Лачин районун өткөрүп берет. Бирок туурасы 5 чакырым болгон Лачин коридорун өзүнө калтырат.

Тоолуу Карабахтын жана Лачин коридорунун чет жакаларында 90 сооттолгон транспортер, 380 атайын техника менен Россиянын эки миңге чукул тынчтык орнотуучулары жайгашат. Алар ал жакта беш жыл бою кызмат өтөп, зарыл болгон учурда бул мөөнөт узартылат.

Эрдоган 11-ноябрда Анкара менен Москва Карабахтагы элдешүүнү көзөмөлдөгөн борбор боюнча Меморандумга кол койгонун билдирген. Алар "бирдиктүү тынчтык орнотуу миссиясына" катышат.

Ага чейин Песков Москва менен Анкара Карабах маселеси боюнча Азербайжандын аймагындагы мониторинг борбору аркылуу иштей турганын кабарлаган. Бирок "бирдиктүү тынчтык орнотуучу күчтөр" жөнүндө сөз болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0