Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. Архивдик сүрөт

Эрдогандын Түркияга келген Помпео менен жолугууга бош убактысы болбой калды

263
(жаңыланган 15:56 17.11.2020)
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү бардык тараптардын кызыкчылыгы болгонуна карабастан жолугушуу ишке ашпай калганын билдирген.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган анын өлкөсүнө келген АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолукпайт. Буга анын иш графигинин өзгөрүп кетиши себеп болгонун РИА Новости жазды.

Жолугушуу бардык тараптардын кызыкчылыгы болгонуна карабастан ишке ашпай калган.

"Мамлекеттик катчы да, Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу баш болгон расмий өкүлдөр да, балким президент Эрдоган өзү да жолугушууга кызыкдар болгон. Бирок жыйынтыгында ишке ашпай калды. Себеби мамлекет башчы Эрдогандын иш графигине өзгөртүүлөр киргизилгендиктен, биз белгилеген учурга убактысы болбой калды", — деп Мамлекеттик департаменттин өкүлү Стамбулдагы брифингде билдирген.

Ал, ошондой эле, бир катар маселелер боюнча Вашингтон менен Анкаранын ортосунда салкын мамиле бар экенин моюндап, бирок жолугушуунун болбой калганына анын тиешеси жоктугун белгилеген. Помпео пикир келишпестиктер тууралуу айтып жатып, бир катар аймактар, анын ичинде Чыгыш Жер ортолук деңизи, Ливия жана Сирия боюнча сөз болуп жатканын кошумчалаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы 10 күндүк иш сапарынын алкагында жети өлкөгө барат. Алар: Франция, Түркия, Грузия, Израиль, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар жана Сауд Аравиясы.

Стамбулда Помпео Константинополь патриархы Варфоломей менен жолугууну пландап жатат.

АКШ менен Түркиянын мамилеси Анкарага россиялык жаңыланган ракетага каршы коргонуучу С-400 системасы берилгенден кийин салкындаган. Вашингтон Түркиядан Россия менен алаканы токтотуп, анын ордуна америкалык Patriot комплексин сатып алууну талап кылган. Муну менен кошо АКШ бийлиги Түркияга жаңыланган F-35 бомбалоочу учагын сатпай коерун айтып, CAATSA (Санкциялар аркылуу Американын душмандарына каршы аракеттенүү жөнүндө) мыйзамына ылайык санкцияларды киргизебиз деп коркуткан. Ал эми Анкара АКШнын талаптарын аткарбастан, тескерисинче, С-400 системасынын кошумча партиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

263
Белгилер:
жолугушуу, Режеп Тайип Эрдоган
Тема боюнча
Түркия С-400дү экинчи ирет сыноодо: артка жол жок
Мушкер. Архив

ММА мушкери атаандашын башка тээп нокаутка түшүргөн видео

175
(жаңыланган 15:42 28.11.2020)
Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Польшалык ММА мушкери Камиль Онищук атаандашын сулата тээп бүк түшүрдү. Мындай кызыктуу учурду ACA MMA уюму өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ACA MMA (@aca_mma)

Польшанын Лодзе шаарында өткөн ACA 114 мелдешинде Камиль Онищук жердеши Кристиан Бельски менен кез келип, тик турган абалда анын баш тушуна тээп кулаткан.

Беттештин алгачкы мүнөттөрүндөгү Бельскинин үстөмдүгүнө карабастан Онищук үчүнчү раундда сол буту менен катуу тепкен. Бул соккуга даяр эмес болгон Бельски тик турган жеринен канваска кулаган.

Калыс заматта беттешти токтотуп, жеңишти Камиль Онищукка ыйгарган. Промоушен да анын нокаутун баалап, бонус берген.

Онищук жалпысынан ММА спортунда сегиз беттеш өткөрүп, анын жетөөсүн утуп, бир жолу жеңилген. Атаандашы 10 беттештин алтоосун уткан.

175
Белгилер:
ММА, нокаут, беттешүү
Тема боюнча
Валентина Шевченко каршылашы Майяны токмоктоп чемпиондук наамын сактап калды. Видео
Ай-буйга келтирбей, үч секундада жыга чапты. АКШдагы беттештин видеосу

Майк Тайсон менен Рой Жонстун көз караштар таймашынын видеосу

342
(жаңыланган 14:39 28.11.2020)
Беттеш сегиз раундга, анын бир бөлүгү эки мүнөткө ылайыкташкан. Мушкерлер шлем кийишпейт, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешет.

Кесипкөй бокстун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс кенжеси беттеш алдында таразага түшүп, көз караштар таймашын өткөрдү. Тайсон атаандашынан 5 килограммга оор болгонун Р-Спорт маалымат булагы жазып чыкты.

Беттеш 28-ноябрда АКШнын Калифорния шаарында өтөт. Жума күнү өткөн таразага түшүү аземинде америкалык Майк Тайсон 220,4 фунт (99,97 килограмм), ал эми анын атаандашы Россиянын жарандыгын алган Рой Жонстун салмагы 210 фунт (95,25 килограмм) чыккан.

Кайрымдуулук беттеш буга чейин 12-сентябрда Калифорнияда болору айтылып, Тайсондун командасынын спорттук иш-чарадан түшүүчү кирешени арттыруу максатында айткан өтүнүчү менен уюштуруучулар аны кийинкиге жылдырышкан.

Беттеш сегиз раундга ылайыкташкан. Ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген. Алар шлем кийишпейт, 12 унций салмактагы машыгууда кийилүүчү мээлей менен беттешет.

Таймаштагы эсепти Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) өкүлдөрү жүргүзөт. ЖМКларда айтылган маалыматтарга ылайык, бул беттештен Майк Тайсон 10 миллион доллар гонорар алат, ал эми кенже Рой Жонс үч миллион доллардын тегерегинде пайда табат.

Sputnik Кыргызстан ата мекендик көрүнүктүү бокс чеберлери, машыктыруучулардын бул беттешке болгон болжолдорун билип көргөн.

342
Белгилер:
беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон
Тема боюнча
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу
Алтын куймалары. Архив

Мурдагы чекист кармалды. УКМК алтын аткезчилиги боюнча иштин чоо-жайын атты

28
(жаңыланган 19:36 28.11.2020)
Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКга Абдил Сегизбаев төрага болуп турган кезде анын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Алтын аткезчилиги боюнча УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев кармалып, күбө катары сурак берди. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Ошондой эле ведомство президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин бул иш боюнча пикирине өз позициясын билдирди. Буга чейин Сегизбаев анын штабын координациялап жаткан Чоткараевди кармоо менен өзүнө саясий басым жасалып жатканын айткан.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасы кезинде анын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

"Өткөн жылдын март айында Аскер прокуратурасы УКМКнын айрым кызматкерлеринин катыштыгы бар делген алтын аткезчилиги боюнча ишти тергей баштаган. 2017-жылы УКМК кызматкерлери мыйзамсыз түрдө өлкөгө алып кирилген 22 килограмм зер буюмдарды таап алган. Анда УКМКнын жетекчилиги ишти токтотуп, буюмдарды кайтарып берүү чечимин кабыл алган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, кийин бардык далилдер табылып, аткезчилик кылган тараптар жоопко тартылган.

"Алар күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген 6 миллион сом чыгымдын ордун толтуруп беришкен", — деп айтышты УКМКдан.

Тергөө тобу азыр ишке тиешеси барларды аныктап жатат. Бул иштин алкагында УКМКнын дагы бир мурдагы кызматкери кармалган. Маалымат кызматтан аткезчилик менен келген жүктү кармоодо куратор болгон деп айтылган Чоткараев күбө катары суракка алынды.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жыйынтыгы менен УКМКнын мурдагы жетекчилигинин аракеттерине укуктук баа берилет.

28
Белгилер:
Дүйшөнбек Чоткараев, кылмыш, УКМК
Тема боюнча
Чай ичкиле дешкен. УКМК Матраимовдун өкүл баласынын айыптоосуна үн катты
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды