Байденден "Түндүк агым-2" боюнча эмнени күтүүгө болот? Экономисттин пикири

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүү"Түндүк агым-2" газ түтүгүн куруу иштери. Архив
Түндүк агым-2 газ түтүгүн куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперттер Жо Байден бийликке келсе "Түндүк агым-2" боюнча АКШнын позициясы жумшарат деген ФГРдин үмүтү акталбайт деп эсептей турганын билдиришкен. Бул боюнча сурамжылоону германдык Bild басылмасы жүргүзгөн.

Экономист Станислав Митрахович Sputnik радиосунун обосунда бул тема боюнча кеп кылды.

Германиялык саясатчылардын АКШнын "Түндүк агым-2" газ кууру боюнча позициясы Байден келгенден кийин өзгөрөт деген ишеними акталбай кала тургандыгын Bild журналисти Юлиан Репке жазган.

Ал азыртадан даярдана берүүнү, Вашингтон жаңы жылдан тарта айрымдардын сазайын бере турганын айткан. Репке мындай түкшүмөлүн россиялык ишканалар, кемелер менен иштешип жаткан камсыздандыруучу жана сертификат жаатындагы компанияларга АКШнын санкция салуу ниетинен кийин айткан.

Демократиялык партиядан талапкерлер Жо Байден - Sputnik Кыргызстан
Байдендин тушунда да санкциялар Россияны азапка салабы?
Макаланын автору азырынча Германия бийлигине каршы чектөөлөр күн тартибинде жоктугун, бирок Байден дээрлик даяр болуп калган "Түндүк агым-2ни" "күм-жам" кылып коюшу мүмкүндүгүн жазган.

Өз кезегинде экс-президент Барак Обаманын мурдагы кеңешчиси Бенжамин Шмитт демократтардын да, республикачылардын да Россиядан Германияга кеткен газ кууруна куйкалары курушуп тургандыгын айтты.

Энергетикалык коопсуздук боюнча адис Алан Райли жаңы башчы Байдендин башкы максаты долбоорду жабуу деп эсептейт.

Россия өкмөтүнүн алдындагы Финансы институту менен Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун экономисти Станислав Митрахович кырдаалды бир тараптуу деп эсептебейт.

"Байденден күтүп жаткан жагдай боюнча айтсам, бул эки ача болуп турат. Бир жагынан алганда анын командасында Россияга карата катаал санкцияны салыш керек дегендер оголе көп. Байдендин өзү деле Россияны сүйүп кеткен жери жок. Экинчи жагынан караганда ал Трампка караганда өзүн эгоист эмес кылып көрсөтүүгө аракеттениши мүмкүн. Эгерде азыраак өзүмчүл болсо, демек, анда, мисалы, европалыктарга "кызматташабыз" деп туруп эле, кайра ошол жерден "келгиле, европалык компаниялар "Газпром" менен иштеп жаткандыктан, аларга америкалык санкцияларды салабыз" дегенге болбойт. Көрө жатарбыз. Андыктан Байдендин кадамдары бир кылка эмес", ‒ деди Митрахович Sputnik радиосунун обосунда.

АКШнын Түндүк агым – 2 долбооруна каршы коалициясы курулушту токтотобу? Видео - Sputnik Кыргызстан
АКШнын "Түндүк агым – 2" долбооруна каршы коалициясы курулушту токтотобу? Видео
"Түндүк агым-2" — Балтика деңизи аркылуу Россиядан Европага кеткен, Германияга чейин жеткен газ түтүгүнүн долбоору. Анын кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метр деп боолголонууда. Долбоорго россиялык газдын транзитинен түшкөн кирешеден кол жууп каларынан корккон Украина менен Европага өзүнүн суюлтулган газын жеткирүүгө кызыкдар АКШ каршы чыккан. Алардан тышкары Улуу Британия, Польша жана Балтика өлкөлөрү да курулушту токтотууну бир нече ирет талап кылышкан. АКШ 2019-жылдан тарта ишти алып барып жаткан компанияларга эскертүү берип, процессти токтотууну талап кылып келет.

Швейцариялык Allseas мындай кадамдан кийин газ куурларын жаткырууну аягына чыгарбай, ишин токтотуп койгон болчу.

Октябрдын ортосунда Вашингтон "Түндүк агым-2" долбооруна чыккан каршылыгын экономикалык санкцияларды кеңейтүү менен дагы бир ирет бекемдеди. Чектөөгө кызмат көрсөткөн, модернизациялоо үчүн жабдуу же каржы менен камсыздаган, кемелерди жабдыган компаниялар кабыла турган болгон. ЖМКлардын маалыматына караганда, Вашингтон газ куурларын коюп бүтүү процессинде россиялык кемелер менен иштешип жаткан камсыздандыруучу жана сертификат жаатындагы компаниялардын башына кара булут айлантуу ниетинде турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0