ЕАЭБ аймагында "COVID жок саякаттайм" тиркемеси ишке кирет. Артыкчылыгы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСнегопад в Москве
Снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санариптик технологиялар темир жол аркылуу ташылып жаткан жүктөрдүн тийиштүү жерге эрте жетишине жакшы шарт түзөрү айтылды.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. ЕАЭБ аймагында транспорттук жүк ташуулар үчүн бирдиктүү маалыматтык платформа иштелип чыгат. Бул тууралуу бирикменин өкүлдөрү билдиришти.

Алар бүгүн, 19-ноябрда, өтүп жаткан "Транспорттук жума — 2020" форумуна катышып жатышат.

Посадка на вывозной поезд из Ростова-на-Дону в Узбекистан  - Sputnik Кыргызстан
Россияда бекер дарыланат. ЕАЭБ ичинде мигранттарга каралган жеңилдиктер
Адистердин айтымында, санариптик технологиялар темир жол аркылуу ташылып жаткан жүктөрдүн тийиштүү жерге эрте жетишине шарт түзмөкчү.

Жыйында COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк транспорт тармагы санариптик революцияны баштан кечирип жатканы белгиленди. Аба каттамдары токтотулганы менен темир жол транспорту аркылуу ташылган товардын көлөмү өсүүдө. Мисалга "Азия — Европа" темир жолундагы контейнердик транзит 1,5 эсеге өскөн. Буга байланыштуу ЕАЭБдин аймагында бирдиктүү санариптик экосистема түзүү зарылдыгын Евразия өнүктүрүү банкынын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Тигран Саркисян билдирди.

"Евразия өнүктүрүү банкы бир катар долбоорлорду ишке ашырганы жатат. Алардын бири 4-декабрда ишке кирет. Бул — "COVID жок саякаттайм" тиркемеси", — деди Саркисян.

Аталган тиркеме — киши коронавирус менен оорубай турганын тастыктаган санариптик документ. Долбоордун пилоттук версиясы Армения менен Россияда иштейт.

"Башка документтерди дагы электрондук форматка өткөрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууга 2-3 жыл керектелет. Аны бардык өлкө тааныгандай болушу керек", — деди Саркисян.

"Транспорттук жума" — Россия өкмөтүнүн буйругу менен жыл сайын өткөрүлүп турчу иш-чара. Анда транспорттук жана бийлик менен бизнестин алакасын жакшыртуу маселелери талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0