ДССУ: COVID-19га кабылган бейтаптарды ремдесивир менен дарылоого болбойт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЭкспресс-диагностика на антитела к коронавирусу в клинике Hadassah Medical Moscow в Сколково
Экспресс-диагностика на антитела к коронавирусу в клинике Hadassah Medical Moscow в Сколково - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, ушул тапта бул каражат илдетти айыктырары же өпкөнүн дем алышын жакшыртары тууралуу далилдер жок.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) COVID-19 вирусун жуктурган оорулууларды дарылоодо ремдесивир препаратын колдонбой эле коюуга чакырат. Бул тууралуу уюмдун эл аралык эксперттерине таянып РИА Новости жазды. 

ДССУнун маалыматына караганда, ушул тапта бул каражат илдетти айыктырары же өпкөнүн дем алышын жакшыртары тууралуу далилдер жок.

"Уюм бул препаратты стационарда жаткан абалы оор бейтаптарды дарылоого болор-болбосун текшерүү үчүн иликтеп көргөн. Бирок анын канчалык таасирдүү экени далилдене элек", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин ДССУ окумуштуулары (анын ичинен төртөө коронавируска кабылгандар) ремдесивир препараты өлүмдү азайтууга же адамды жасалма дем алдыруу аппаратына жеткирбөөгө канчалык жардамы тиерин изилдеп көрүшкөн. Бирок анын бири дагы окумуштуулар каалаган жыйынтыкты бере элеги айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0