Тоолуу Карабахта россиялык аскер кызматкерлери

Тоолуу Карабахтагы тынчтык орнотуучу операциялардын рейтинги

174
(жаңыланган 15:08 22.11.2020)
Тоолуу Карабахта россиялык аскер кызматкерлеринин орун алышы жаңжалды согуш жолу менен чечүү мүмкүндүгүн дээрлик жок кылып, Азербайжан менен Армениянын жетекчилигине сүйлөшүүгө, ал эми жергиликтүү тургундарды өз үйлөрүнө кайтууга шарт түзөт.

Бул россиялык тышкы саясаттын натыйжалуулугун, РФ Куралдуу күчтөрүнүн кынтыксыз уюшкандыгын жана жогорку даярдыгын айгинелеп турат. Жакында эле кан күйгөн аймактагы жана дегеле РФтин тынчтык орнотуу операция тажрыйбаларына аскерий баяндамачы Александр Хроленко сереп салган.

Жаңжал аймагындагы тынчтык орнотуучу күчтөр өз аракеттери менен касташкан тараптардын куралдуу тирешине жол бербейт. Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн аскердик-транспорттук авиациясынын учактары 15-мотоаткычтар бригадасынын бөлүктөрүн жана техникасын жеткирүүнү дале улантууда. Аталган бригада Түштүк Кавказдагы туруктуулуктун ынанымдуу жаңы кепилине айланып барат.

Тоолуу Карабахтын Степанакерт жана калктуу пунктуларында операция башталгандан бери Армения Республикасынын аймагынан төрт миңден ашуун качкын кайтты. 19-ноябрда эле тынчтык орнотуучулардын коштоосунда 27 автобус менен 1200дөн ашуун киши келди.

Тоолуу Карабахтагы гуманитардык милдеттердин татаал топтомун чечүү үчүн Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелештирилген отряды жана гуманитардык мина-зыянсыздандыруу, медициналык, транспорттук жана соода-тиричиликти камсыздоо, душмандашкан тараптарды элдештирүүгө адистештирилген беш структура Мекемелер аралык аракеттенүү борборунун курамында иш алпарууда.

"Түндүк" жана "Түштүк" коопсуздук аймактарындагы байкоо салуу пунктуларын, күзөт жана полиция функцияларын байкабай калуу мүмкүн эмес. Россиялык тынчтык орнотуучулар Лачын коридору боюнча жарандык автотранспорттук кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, курал ташуунун алдын алуу үчүн автомобилдерди текшерүүдө. Карабахтагы россиялык операциялардын көптөгөн милдет, структура, механизм жана алгоритмдери анчалык айкын эмес. Карабахтагы кырдаалдын тарыхта аналогу жок, андыктан 15-мотоаткычтар бригадасынын аскер кызматкерлерине катаал талаптар коюлат.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Азербайжан жана Нахичеван Автономдуу Республикасынын батышындагы райондору менен Армениянын транспорттук каттамдарын (эки багытта тең адамдардын, транспорттук каражаттар жана жүктөрдүн кыймылын) камсыздоону көзөмөлгө алат.

РФ өкмөтү өз тынчтык орнотуучуларынын ишмердигине байланышкан каржылык чыгымдарды көтөрөт. Мындай операцияга (ички курамды кармоо, техниканы пайдалануу, күйүүчү май чыгымдары) жылына жүз миллиондогон доллар сарпталат, бирок Түштүк Кавказдагы тынчтыкты акча менен өлчөгөн болбойт.

Операциянын маңызы  эбегейсиз, рейтинги эң жогору. Карабахтагы россиялык вазийпа эң көп санда болбосо да (БУУнун ченемдери боюнча), Түштүк Кавказ жана Каспий аймагындагы туруктуулуктуу сактоо үчүн өтө чоң мааниге ээ.

Жакынкы чет өлкө

Россиялык тынчтык орнотуучулар постсоветтик мейкиндиктеги, атап айтканда, Абхазия, Түштүк Осетия, Тажикстан, Приднестровьедеги коопсуздукту бекемдөө үчүн көп аракет жумшап келишкен. Анткен менен Тоолуу Карабахтагы жакындагы эле каргашалуу окуялар КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда куралдуу жаңжал коркунучу дале бар экенин айгинелейт. Тынчтык кыл учунда экенине мисал издеп алыс баруунун кажети жок.

Бүгүн да Молдованын кайрадан шайланган президенти Майя Санду Приднестровьеден россиялык аскер кызматкерлерин чыгаруу зарылдыгы боюнча программалык (же кайталанма) билдирүүсү менен чыгып отурат. Балким президент айым бул Чыгыш Европадагы 1992-жылы тынчтык орнотуучу контингент киргизилип, тийиштүү макулдашуунун негизинде согуштук аракеттер басылып, 28 жылдан бери кайрадан тутанбаган жападан жалгыз регион экенин эстен чыгаргандыр.

Приднестровьеде россиялык күчтөрдүн Ыкчам тобу жайгашкан. Анын негизги милдеттеринин бири – Колбасна калктуу пунктуна жакын жерде жайгашкан ири жана өтө кооптуу эски ок-дары арсеналын (20 миң тоннадан ашык) кайтаруу. Бул жакка 1990-жылдардын башында Германия, Венгрия, Польшадан советтик күчтөрдүн ок-дары, курал-жарагы алып келинген.

Арсеналды жеринде жок кылуу мүмкүн эмес, чыгарып кетүү да машакаттуу. Ал үчүн болжол менен 2500 вагон керектелет, бирок ок-дарынын 57 пайызы ташып жүрүүгө ылайыксыз. Эгер россиялыктар чыгып кетсе, Молдовадагы жагдай сөздүн түз маанисинде жарылып кетүү коркунучу бар.

Борбордук Азиядагы тынчтык орнотуучулардын натыйжалуулугуна мисал келтиргибиз келет. Эске салсак, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан 1993-жылы Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдү түзүү боюнча чечимге кол коюшкан. Алар аймактык туруктуулуктун негизи болуп калды.

Ошондо Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрдүн курамына Россиянын 201-мотоаткычтар дивизиясы жана Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандын аскердик бөлүктөрү кирген. Тынчтык орнотуучулардын жамааттык аракети менен ошол эле жылы Тажикстандагы куралдуу жаңжал басылган.

Республикада Россиянын ФККсынын чек ара кызматынын ыкчам тобу калган, ал эми 2005-жылы 201-мотоаткычтар дивизиясынын базасында Тажикстанда 201-россиялык аскердик, маңызында тынчтык орнотуучу база түзүлгөн.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү катары Россия Федерациясы эл аралык коомчулуктун башка мүчөлөрү менен бирдикте бүтүндөй планетадагы тынчтык үчүн жоопкерчиликти артынат. Айрым (автономдук) миссиялар, БУУнун күчтөрү жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун курамында постсоветтик мейкиндикте жана алыскы чет өлкөдөгү мамлекеттерде улуттар аралык жана өз ара жаңжалдардын алдын алып жана жоюп келет.

Югославиядан Анголага дейре

Россиялык тынчтык орнотуучулар тажрыйбага мол, аскердик байкоочулардын саны боюнча РФ Бириккен Улуттар Уюмуна алдыңкы саптагы ондукка тегин жерден кирип калган эмес.

Мындай миссияларды – тынчтыкты сактоо жана күч менен тынчтыкка мажбурлоо деп шарттуу түрдө экиге бөлүшөт. Жаңжал аймагындагы кырдаалга жараша тынчтык орнотуучулардын артыкчылыктуу милдеттери жана аракеттери, операциянын макамы түзөтүлүшү мүмкүн. Ошентип 2008-жылы грузин-осетиндик жаңжал аймагында тынчтыкты сактоо операциясы грузин тараптын согуштук аракеттерди башташы жана РФ тынчтык орнотуучу постторуна чабуул койгондугунан улам Грузияны тынчтыкка мажбурлоо операциясына айланып калган.

Россиялык аскер кызматкерлери 1992-жылдан тарта оңой эмес эл аралык тажрыйбага ээ боло башташкан. Югославияда тынчтыкты сактоо боюнча БУУнун операцияларына (1992-2003-жылдары) катышып, ал жакта россиялык контингенттин саны 1600 кишиге жеткен.

Ушундай эле милдеттер кийин Ангола, Либерия, Мозамбик, Кот-д"Ивуар, Руанда, Бурунди, Эфиопия, Судан, Чад Республикасы жана Борбордук Африка Республикасында аткарылган.

Ар бир миссия жаңжалдын мыкаачылыгы, коопсуздук аймагындагы согуштук каршылык көрсөтүү тобокелдиги, тартылган аскер жана күчтөрдүн саны, логистика жана ротация айырмачылыктары, жергиликтүү калктын менталитети жана жаратылыш-климаттык шарттарына жараша аныкталган мүнөздүү өзгөчөлүктөргө ээ.

Аскер кызматкерлери "туруксуз тынчтык" кырдаалына, бейтааныш өлкөгө тез көнүп, иш сапардын ар ирмеминде аскердик даярдыкта болууга тийиш. Ротация адатта жарым жыл сайын жүрөт, аскердик тынчтык орнотуучулардын духу жана чыдамкайлыгы мындайда катаал сыноодон өтөт. Байкоочулардын миссиясы дээрлик куралсыз, тынчтык орнотуучулардын күчтөрүнүн катышуусундагы операцияларда жеңил куралдануу басымдуулук кылат.

Россиялык тынчтык орнотуучулар быйыл БУУнун тогуз миссиясында, атап айтсак, Батыш Сахара (MINURSO), Борбордук Африка Республикасы (MINUSCA), Конго Демократиялык Республикасы (MONUSCO), Кипрде (UNFICYP), Суданда (UNISFA), Косоводо (UNMIK), Түштүк Суданда (UNMISS), Жакынкы Чыгышта (UNTSO) жана Колумбияда (UNVMC) кызмат өтөөдө.

Алардын арасынан БУУ жана Африкалык союздун Судандагы тынчтык орнотуучу операциясы эң ири болуп саналат. Ал жакта тынчтык орнотуучу контингентти 20 миңден ашуун аскердик кызматкер түзөт. Экзотикалык географиясына карабастан, бул – өмүргө дайым коркунуч туудуруп турган оор иш. Жыл сайын планетада, көбүнесе атайын кол салуулардан улам 100дөй тынчтык орнотуучу набыт болот.

174
Белгилер:
тынчтык орнотуучу, Тоолуу Карабах
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал (57)
Тема боюнча
Карабах окуясы. Путин согушту токтотууда кандай тоскоолдуктар болгонун айтты
Армениянын чек арасын жанындагы талкаланган шаар. Архив

Армениядагы чек ара жаңжалы: ЖККУ кийлигишер кезби?

51
(жаңыланган 23:29 16.05.2021)
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин аймагындагы улам чыгып калып жаткан чек ара жаңжалы – чоң согуштун тутанышына себеп эмес.

Бул өңдүү көйгөйлөр эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү, дипломатиялык жөнгө салууну, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европа коопсуздук кызматташтык уюму (ЕККУ), Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюму (ЖККУ) же Түндүк атлантикалык келишим уюмунун (НАТО) потенциалын пайдаланбастан кадыресе делимитация же демаркацияны талап кылат. Ушундай ойду карманган аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул сапар Армениядагы абалга токтолгон.

Армения Республикасынын Сүник облусундагы ок атуусуз чек ара жаңжалы чындап технологиялык мүнөздө, ошондуктан саясий билдирүүлөр менен кырдаалды жасалма түрдө козутууга болбойт.

Армениянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, 12-майда таң эрте: "Азербайжандын Куралдуу күчтөрү "чек араны тактоо" шылтоосу менен чек ара тилкелеринин биринде иштерди жүргүзүүгө аракет кылышкан. Армениялык күч бөлүктөрү тарабынан көрүлгөн чаралардан соң азербайжандык аскерлер бул ишти токтотушкан". Ошондон кийин дароо жагдайды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян Сүник облусундагы абалга байланыштуу ЖККУга расмий кайрылуу жөнүндө чечим кабыл алганын маалымдады. Андан мурунку күнү эле ал Азербайжан аскердик күчтөрү 12-майда чек арадан өтүп, Кара көлдү курчоо аракетинде армениялык аймакка 3,5 чакырым аралык кирип келгендигин билдирген.

Бул боюнча Азербайжан тарап да үн катпай койгон жок. "2020-жылдын 10-ноябрында кол коюлган үч тараптуу билдирүүгө ылайык, аба ырайынын жакшырышы менен азербайжандык чек ара күчтөрү Армения менен чектешкен татаал тоолуу рельеф жана климаттык шарттары бар Лачин жана Көлбажар райондорунда Азербайжан позициясында жайгаштырылат. Процесс кадимки режимде жана системалуу жүргүзүлүүдө", — деп айтылган Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян теледеги мурдагы күнкү маегинде: "Армениянын аймагынан азербайжандык аскерлерди али чыгарта албадык. Коопсуздук кеңешинин жыйынында биз ЖККУга кайрылууну чечип, бул процессти баштадык".

ЖККУдагылар Армениянын Сүник облусунун чек арага жакын райондорундагы абалдын өнүгүшүнө кылдат көз салууда. Ошону менен бирге эле: "Жагдайга жараша зарылдыгы чыкса Жамааттык коопсуздук боюнча келишимдин жана ЖККУнун Уставынын жоболорунда каралган чаралар көрүлөт".

Азербайжан Тышкы иштер министрлиги 13-майда аталган аймактагы жалпы көрүнүштү мындайча сүрөттөдү: "Көз карандысыздыкты калыптандыргандан бери эки мамлекет белгилүү себептер менен мамлекеттик чек араларга ээ болгон эмес. Биз ушул тапта тараптардын ортосундагы келишпестик менен коштолгон татаал техникалык процесс жөнүндө кеп кылып турабыз". Бул билдирүүлөрдө согуштан кийинки чек аралар агрессияга алдыруу (ок атуулар) же Азербайжандын Арменияга карата кандайдыр бир территориялык дооматтары байкалбайт.

Технологиялык келишпестиктер – маанисиз деңгээлге чейин жеткирилбесе эле кадыресе процесс. 1991-жылы КМШ өлкөлөрүндө чек ара боюнча талаш маселелер ар кыл даражадагы ийгилик менен чечилип келген. Ошентсе да "талаш" маселелер кескин геосаясий кыймылдар жана кан төгүүгө арзыбайт. Бүгүнкү күндө Баку же Ереванда көйгөйдүн булагын издөөнүн кереги жок. Кавказдагы бул көйгөйдүн түбү Россия империясын СССРге трансформациялоонун жүрүшүнө барып такалат. Процесс саясий болуп саналат, советтик республикалардын чийилген чек аралары көбүнесе шарттуу жана мурдатан эле талаштуу. Россиянын революцияга чейинки "монолиттик" картасында улуттук республикалар болгон эмес, өлкө административдик жактан губерния жана облустарга бөлүнгөн. Тургундардын баары россиялык букаралыкка гана ээ болушкан.

Ырбаган учурларды мисал келтирүү үчүн өткөнгө терең үңүлүүнүн деле кереги жок. Жакындагы эле Тажикстан менен чек ара жаңжалынан улам Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрү 11-майда өз өлкөсүн ЖККУга катышууну кайра карап чыгууну сунуштаганы маалым. Дүйнөдө ушул жааттагы тажрыйбаларды карап көрсөк, НАТОдо Греция менен Түркиянын чек ара маселелери улам көтөрүлөт, бирок атлантикалык альянс тигил же бул тарапты бомбалоого белсенбейт. Эч кимиси НАТОдон чыгып кетүүгө кам урбайт.

Кавказда жагдай жеңил эмес. Армения – ЖККУга мүчө, Азербайжан бул уюмга кирбейт. Ошентсе да Баку менен Еревандын чек ара боюнча бул (бир да ок атылбаган) талаш кырдаалында жаңжалдашкан тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн улам (Россиянын катышуусундагы) агрессия, аннексия тууралуу катуу кыйкырып, анан да ЖККУ боюнча союздаштарына дээрлик шантаж кылуу натуура.

Азыр Арменияны эч ким аскердик кол салуу менен коркуткан жери жок. Россиялык чек арачылар макулдашууларга ылайык Сүник облусундагы автожолдун көйгөйлүү тилкелериндеги (Горис – Давид Бек жана Горис – Капан) кыймылдын коопсуздугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыздоодо. Азербайжандык күчтөрдүн бул багытта кандайдыр бир өтүп кетишин элестетүү да дээрлик мүмкүн эмес.

Мурдараак Армения ТИМи Ереван менен Баку россиялык чек арачылар жайгашканга чейин мурда таанылбаган Тоолуу Карабах республикасына кирген жана Армения менен чектешкен бир катар аймактардын Азербайжандын карамагына өткөндөн кийинки чек ара тилкелерин демаркациялоо үчүн убактылуу аскердик позицияларды жайгаштырууну такташышкан.

Демаркациялоо жүрүп жатат. Чиеленишкен чек ара маселелери оор чечилет, уй мүйүз тарта отуруп сүйлөшүү менен кылдат жөнгө салууну, кыйла интеллектуалдык аракеттерди талап кылат. Кара көлдөгү абалды жөнгө салуу үчүн дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдүн да, ЖККУнун күчтөрүн жана каражаттарын тартуу менен күч операцияларынын да түк  кереги жок.

Жамааттык коопсуздук келишимдин 2-беренесине ылайык: "Мамлекет-катышуучулар алардын кызыкчылыгына тиешелүү эл аралык коопсуздуктун бардык маанилүү маселелери боюнча бири-бири менен кеңешип, позицияларын макулдашышат.

Катышуучу мамлекеттердин биринин же бир нечесинин коопсуздугуна, территориялык бүтүндүгүнө жана суверенитетине коркунуч туулса же эл аралык тынчтыкка кооптуулук жаралса, мамлекет-катышуучулар өз позицияларын координациялоо жана коркунучту жоюуга чара көрүү максатында биргелешкен консультациялар механизмин кечиктирбестен кыймылга келтирет".

Чек араны демаркациялоо жагдайында эл аралык же Армениянын тынчтыгына реалдуу кооптуулук туулган жок. Андай эмес деп далилдөө (ЖККУнун консультацияларында жана бөлөк сүйлөшүү аянтчаларында) кыйын болот.

БУУнун аныктамасына ылайык, "бир мамлекет тарабынан башка бир өлкөнүн суверенитетине, территориялык кол тийбестигине же саясий көз карандысыздыгына каршы куралдуу күч колдонуу" агрессия болуп саналат. БУУнун Коопсуздук кеңеши да Сүник облусундагы Азербайжан агрессиясын байкаганы жок.

51
Белгилер:
ЖККУ, Жаңжал, чек ара, Армения
Тема боюнча
Америкалыктар Россияга "афган бомбасын" таштаганы турабы?
Туристтер Стамбулдагы Айя София мечитинин жанында отурат

Түркияда коронавируска байланыштуу чектөөлөр акырындык менен алынууда

56
(жаңыланган 23:57 16.05.2021)
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир нече күндөн бери оору жуктургандардын саны азайып келе жатат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Түркиянын Ички иштер министрлиги коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөр акырындык менен алына баштаганы жазылган документти жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Документке ылайык, соода борборлор, кийим, чарба буюмдарын саткан дүкөндөр иш күндөрү саат 10:00дөн 20:00гө чейин иштей алат. Азык-түлүк саткан дүкөндөр дем алыш күндөрү деле саат 10:00дөн 17:00гө чейин соодасын жүргүзө берет.

"1-июнга чейин саат 21:00дөн таңкы саат 5:00гө чейинки, ишемби, жекшембиде 24 сааттык коменданттык саат сакталып турат. Кафе жана ресторандар азырынча ачылбайт, тамакты үйгө жеткирип гана иштеп турат", — деп айтылат маалыматта.

Бирок маалыматта бул чектөөлөр туристтерге тиешеси жок экени жазылган. Ал эми туруктуу жашоого уруксаты барлар жаңы эрежелерди аткарышы абзел.

Эске салсак, буга чейин Түркия коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаалдан улам бир катар шаарларына локдаун киргизген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир нече күндөн бери оору жуктургандардын саны азайып келе жатат.

Аталган мамлекетте оору март айында күч алып, 16-апрелде жогорку чекке жеткен. Тагыраагы, бир суткада 63 082 жаңы учур катталган.

56
Белгилер:
коменданттык саат, дүкөн, чектөө, коронавирус, Түркия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда йогурт сымал коронавируска каршы вакцина жасалды
Бир суткада 224 адамдан COVID-19 табылып, сегиз киши көз жумду