Гаванадагы мектептин окуучулары. Архивдик сүрөт

ДССУ: 2021-жылы коронавирустун үчүнчү толкуну башталат деген коркунуч бар

385
(жаңыланган 20:13 22.11.2020)
Дүйнөлүк уюмдун өкүлү Европа өлкөлөрү коронавирустун биринчи толкунун көзөмөлгө алганы менен экинчи толкунду алдын ала алышкан эмес.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын өкүлү Дэвид Набарро 2021-жылдын башында Европада коронавирустун үчүнчү толкуну боюнча коркунуч бар экенин эскертти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты.

Анын айтымында, Европа өлкөлөрү илдеттин биринчи толкунун көзөмөлгө алганы менен экинчи толкунду алдын ала алышкан эмес.

"Европанын пандемияга каршы аракети жетишсиз болду. Алар биринчи толкунду көзөмөлгө алганы менен жай айларында зарыл болгон инфраструктураны кура салууга жетишпей калышты. Эми аларга экинчи толкун келди. Эгер зарыл болгон инфраструктураны куруп албаса, 2021-жылдын башында аларда үчүнчү толкун болот", — деген Набарро.

Ал белгилегендей, учурда Батыш Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө вирусту кайрадан көзөмөлгө алуу милдети турат. Бирок алар локдаун (бөгөт коюу) сыяктуу орой чараны колдонбошу керек, анткени ал кымбатка турат.

Учурда Европада оору жуктургандардын саны кайрадан өсүп баштаганы байкалууда. Франция менен Германия ноябрдын башында кайрадан эң катаал чектөөлөр киргизилгенин жарыялады. Окумуштуулар пандемиянын тездик менен өсүшү коронавирустун жаңы мутациясы менен байланыштуу экенин эскертишти.

385
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, толкун, Европа, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1164)
Тема боюнча
ДССУ коронавирустун вакциналарын тарата турган болжолдуу датаны айтты
Портфель менен киши. Архив

Беш өлкө Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берди. Тизме

93
(жаңыланган 22:03 27.11.2020)
Өлкө бийлиги тышкы карызды тейлөө боюнча бир катар мамлекеттер менен мөөнөттү жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызын тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш мамлекет менен макулдашуулар болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансы министрлигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө нөл пайыздык чен менен карыздарды төлөп берүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш кредитор менен макулдаштык. Алар: БАЭ, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Euler Hermes) жана Түркия”, — деп айтылат билдирүүдө.

Пролонгация кылынган каражаттын көлөмү 51 миллион долларга жетти. Аны мамлекет төрт жылдын ичинде кутулушу керек.

Дагы алты кредитор, анын ичинен Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Түштүк Корея, Япония) менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан жогору. Анын ичинен дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет.

93
Белгилер:
Тышкы карыз, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады
Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады
Беларусь президенти Александр Лукашенко

Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынганда президент болбой турганын жар салды

165
(жаңыланган 19:50 27.11.2020)
Лукашенко азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарына басым жасалганын айтып, өлкөнүн пайдасы үчүн жаңысын кабыл алуу керектигин белгилеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенко жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өлкө башчысы болбой турганын жар салды. Бул тууралуу БелТА агенттиги жазды.

"Конституцияны өзүмө ылайыктаган жокмун. Жаңы Баш мыйзам кабыл алынса, мен силердин президентиңер болуп иштебейм. Ошондуктан муну жеңил кабыл алып, тынч болгула", — деген президент.

Ал шайлоонун жыйынтыгын кимдир бирөөнүн жасалмалоосуна жол бербей турганын айтып, ошол себептен жаңы Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоп жатканын айткан.

"Мен жаңы Баш мыйзамдын тарапташымын. Себеби азыркы иштеп жаткан Конституцияны "белгисиз президенттин" колуна карматканга болбойт", — деген ал.

Лукашенко азыркы Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарына басым жасалганын айтып, өлкөнүн пайдасы үчүн жаңысын кабыл алуу керектигин белгилеген.

165
Белгилер:
өзгөртүүлөр, конституция, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Жапаров референдумга Конституция эмес, башка маселени алып чыгууну сунуштады
Лавров: Беларустагы конституциялык реформаны колдойбуз
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

0
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

0
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео