Афганистанда кызмат өтөп келген 9 австралиялык аскер жанын кыйды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАскелрер. Архив
Аскелрер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай окуя өлкө аскерлери Афганистанда жасаган согуштук кылмыштары жөнүндө доклад жарыяланган тушта болду.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Австралияда акыркы үч аптада эле тогуз аскер өз жанын кыйган. Бул тууралуу The Daily Mail маалымат булагы жазды.

Мындай окуя Австралиянын аскерлери Афганистанда жасаган согуштук кылмыштары жөнүндө доклад чыккан тушта болду. Аны куралдуу күчтөрдүн командачысы Ангус Кэмпбелл жарыялаган.

Оперативная база США в провинции Нангархар. Афганистан - Sputnik Кыргызстан
АКШ Афганистан жана Ирактагы аскеринин санын кыскартат
Документте 2005-2016-жылдары Австралиянын атайын аскерлери тарабынан 39 афган жоокери жана карапайым тургундар өлтүрүлгөндүгү жөнүндө далилдер бар. Отчётто келтирилген маалыматтар 400дөн ашуун күбөнүн көрсөтмөсүнө негизделген.

Басылма кыска убакыттын ичинде ушунча суицид катталган учур Австралиянын тарыхында биринчи жолу болгонун белгиледи. Анда сегиз жоокер жана бир аскер кыз өз жанын кыйышкан. Азырынча алардын Афганистандагы адам өлтүрүүлөргө тиешеси бар экендиги тууралуу далил жок, бирок тергөө муну четке какпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0