Илон Маск Билл Гейтстен озуп кетти. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын жаңы тизмеси

© REUTERS / HANNIBAL HANSCHKESpaceX жана Tesla компанияларынын башчысы Илон Маск. Архив
SpaceX жана Tesla компанияларынын башчысы Илон Маск. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы Илон Маск алдыга секирик жасап, рейтингд экинчи орунга илинди. Биринчиде дагы деле Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос калууда.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. SpaceX жана Tesla компанияларынын башчысы Илон Маск Microsoft ишканасынын негиздөөчүсү Билл Гейтсти артта калтырып, дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде экинчи орунга чыкты. Бул тууралуу Bloomberg Billionaires Index (BBI) рейтингине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Масктын байлыгы бир жыл ичинде 100,3 миллиард долларга өсүп, учурда 127,9 миллиард долларга жетти. Үчүнчү орунга түшүп калган Билл Гейтстин капчыгында 127,7 миллиард доллар бар.

SpaceX компаниясынын башчысы Илон Маск. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илон Маск COVID боюнча тапшырган тесттеринин жыйынтыгына таң калды. Себеби
Биринчи орунда мурдагыдай эле Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос калууда. Анын байлыгы 182 миллиард долларга жетти.

Ошондой эле эң бай адамдардын бештигине Louis Vuitton Moët Hennessy компаниясынын президенти Бернар Арно жана Facebook тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг кирет.

Бул жылы чоң ийгиликке жетишкен Илон Масктын Tesla Motors компаниясы 2003-жылы негизделген. Ал негизинен электромобилдерди жана ага тиешелүү жабдууларды өндүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0