АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден. Архив

Байден "Ачык асманга" кайтабы? 35 өлкө кирген макулдашуунун эртеңи

122
(жаңыланган 12:59 25.11.2020)
Келишимге ылайык, 2002-жылдан бери ага мүчө 35 мамлекет бири-биринин аймагынан чалгындоо иретинде уча алат. Алынган маалыматтар бардыгы үчүн жеткиликтүү.

АКШ "Ачык асман" боюнча макулдашуудан чыга турганын маалымдаган күндөн берки алты айлык мөөнөт өттү. Вашингтон "Россия жылдап бузуп келген" келишимден чыкты. Трамптын администрациясы өзүн өлкөнү жедеп эскирип бүткөн, "улуттук коопсуздук курмандыкка чалынган" макулдашуулардан чыгарып жатат деп эсептөөдө. Эми Москва макулдашууда калган милдеттердин аткарылышын талап кылууга ниеттенип жатат. Байдендин командасы ыкка көнөбү же далысын салып коёбу? Бул маселени РИА Новости талдап көрдү.

Ишеним болбосо келишим да болбойт

Ак үйдүн Москвага койгон башкы кинеси — Түштүк Осетия, Абхазия, Чечен республикасы жана Калининграддын үстүнөн жасалчу инспекциялык учуулардын чектелиши. Америкалыктар жооп иретинде Аляска менен Тынч океанындагы аралдардын асманын жаап койду.

Макулдашууга ылайык, 2002-жылдан бери ага мүчө 35 мамлекет бири-биринин аймагынан чалгындоо иретинде уча алат. Алынган маалыматтар бардыгы үчүн жеткиликтүү. Мында учактарда эч кандай курал болбойт, видеоаппаратура алдын ала текшерилип, бортто чалгындануучу өлкөнүн бирден өкүлү кошо учуп жүрөт.

2019-жылы аталган келишимдин алкагында 1,5 миң ирет чалгындоо жүзөгө ашкан. Мында көзөмөл менен өлкөлөр аралык ишенимди бекемдөө — жалгыз максат эмес. Маанилүү саясий сигналдар да болушу мүмкүн. Мисалы, Донбасста конфликт башталганда АКШ Киевди колдой турганын билдирип Украинанын чыгышында учуп жүргөн маалым.

Ыплас оюндар

Кремль бул макулдашууну ич ара ишеним артуунун жана куралданууга көзөмөл жасоонун маанилүү фактору деп эсептейт. АКШнын келишимден чыгуусу документтин жарактан чыгарарын Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтты. Буга карабастан Москва бир катар шарт менен макулдашууда каралган жоболорду аткарууну уланта бермекчи.

Биринчи шарт — Европа өлкөлөрү чалгындоодон кийин ээ болгон маалыматтарды АКШга өткөрүп бербеши керек. Экинчиси — россиялык учактардын Американын Европадагы объектилерин текшерүүгө жолу ачык болушу керек. Азырынча эч кандай кепилдик бериле элек, буга Москва караманча каршы.

"Макулдашуудан чыккан АКШ союздаштарынан Россиянын асманынан учкандан кийин маалыматтарды берип туруу каралган келишимге кол коюусун талап кылып жатканы жашыруун эмес. Бул жөн гана келишимдин шартын бузуу эмес, бул — ыплас оюн", — деди аскерий коопсуздук жана куралданууну көзөмөлдөө маселелери боюнча Венада өткөн сүйлөшүүгө катышкан РФ делегациясынын жетекчиси Константин Гаврилов.

Акылсыздык

АКШнын макулдашуудан чыгышы биринчи кезекте Вашингтондун Европадагы союздаштарына терс таасир тийгизет. Алар үчүн америкалык учактар чогулткан маалыматтын жеткиликтүүлүгү маанилүү. Бир тобу нааразычылыгын билдирүүгө да жетишти.

"Россия тараптан айрым жоболор сакталбаганын түшүнөбүз, бирок бул макулдашуудан чыгууга себеп эмес", — деди Германия ТИМинин башчысы Хайко Маас.

Франциянын Тышкы иштер министрлиги АКШ Москва келишимди бузганын тастыктаган далилдерди көрсөтө электигин белгиледи. Испания, Бельгия, Финляндия, Италия, Люксембург, Нидерланддар, Чехия жана Швеция биргелешкен билдирүү жасап, макулдашуунун зарылдыгы менен пайдалуулугун айтышты.

АКШнын өзүндө деле бул тууралуу бир пикир жок. Мисалы, сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин мүчөсү Роберт Менендес Ак үйдүн аракетине "Трамп мыйзамга кол шилтеп, президенттик шайлоодон утулгандан кийин деле саясий кызыкчылыктан улам эле макулдашуудан бир тараптуу чыгып кетти" деп баа берди.

"Бул жеткен акылсыздык", — деди АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн генералы, Улуттук коопсуздук агенттигинин мурунку директору, ЦРУ жетекчиси Майкл Хайден. Рональд Рейгандын тушунда Мамлекеттик департаментти тескеп турган Жорж Шульц, Жорж Буштун доорунда коргоо министри болуп турган Уильям Перри жана Барак Обаманын бейрасмий кеңешчиси, мурунку сенатор Сэмьюэл Нанн Ак үйгө кат жолдоп, Ачык асман боюнча келишимди сактоого чакырышкан.

Макулдашуунун соңу

Дональд Трамп президент болгон төрт жылда дүйнө анын куралданууну көзөмөлдөөгө кызыкдар эместигин билди. 2018-жылы лидер 2015-жылы түзүлгөн Иран өзөктүк макулдашуусунан Тегеран келишимдин шартын аткарбай жатат деген жүйө менен чыгып кеткен.

Бир жылдан кийин Рональд Рейган менен Михаил Горбачев кол койгон орто жана жакын аралыкка учуучу ракеталар тууралуу макулдашууну жарактан чыгарды.

2020-жылы 1992-жылдан бери биринчи жолу Ак үйдө өзөктүк сыноолор тууралуу талкууланганы маалым болду. Бул АКШ, Россия, Кытай, Британия жана Францияга жайылган мораторийдин шартын бузууга алып келмек.

Мындан тышкары, 2010-жылы Стратегиялык чабуул жасалуучу курал боюнча келишимдин (СНВ-3) да тагдыры бүдөмүк. Сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду сентябрда аяктады, АКШ Россияга бир катар шарттарды койгон. Арасында аткарууга мүмкүн болбогондору да бар — макулдашууга Кытайды кошуу талап кылынууда. СНВ-3түн мөөнөтү февралда соңуна чыгат, РИА Новости сурамжылоого алган эксперттердин көбү макулдашууну узартуу мүмкүн эмес экенин айтышты.

Кандай болгон күндө да "Ачык асман" боюнча келишим Дональд Трамптын администрациясынын акыркы курмандыгы болгону калды окшойт. Жо Байденди да расмий куттуктоого эрте, бирок анын президент болору күндөн күнгө айкын болуп бара жатат.

Айланып казыгын таап...

Айрым эксперттер Байден "Ачык асман" боюнча келишимге кайтуу тууралуу ойлонуп көрүшү керек деп эсептөөдө. Бирок мунун ишке ашышы күмөн экенин Жогорку экономика мектебинин Улуттук изилдөө университетине караштуу Европа жана эл аралык изилдөө борборунун директору Дмитрий Суслов билдирди.

"АКШда ондогон жылдардан бери макулдашуудан чыккандан кийин ага кайра кайрылбаган салт калыптанып калган. Анын үстүнө Россияга "Ачык асман" келишими боюнча Барак Обамадан бери доомат коюлуп келет. Ак үй, Пентагон жана чалгын кызматынын ортосунда Россия документтин жоболорун сактабайт деген орток пикир бар", — деди ал.

Эксперттин баамында, келишимге кайтуу конгресстин жогорку палатасынын ратификациялоосун талап кылат. Эгер анда республикачылар басымдуулук кыла турган болсо жаңы көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Бирок Байден Трамптын чечимин жокко чыгара турган болсо да процесс убакытты талап кылат. "Анын үстүнө Трамп да кошумча тоскоолдук жаратууда", — дейт ПИР-борбордун консультанты Олег Шакиров. Мында кеп өлкөнүн аскер-аба күчтөрүн көзөмөл жүргүзүүчү учактардан арылтууга мажбурлоо аракети тууралуу болуп жатат.

Кененирээк алкактан карай турган болсок, Байдендин башкы максаты — Европа менен мамилени калыбына келтирүү. Ал эми аталган макулдашуунун Европа үчүн маанилүүлүгүн эске алсак, АКШ келишимге дароо болбосо да союздаштары үчүн качандыр бир кезде кайтышы толук ыктымал.

122
Белгилер:
Жо Байден, Дональд Трамп, учак, мораторий, келишим, Европа, Россия, АКШ
Тема боюнча
Байдендин тушунда да санкциялар Россияны азапка салабы?
Трамп бийликти Байденге өткөрүп берүүнү баштады
Эссен университеттик клиникасында иштеген кыргызстандык хирург Азим Шайбеков

Дүйнөдөгү күчтүү профессорлор менен иштеген хирург. Германиядагы Шайбеков менен маек

2
(жаңыланган 14:21 25.01.2021)
Кыргызстандык Азим Шайбеков 2013-жылдан бери Германияда жашап, иштеп келет. 37 жаштагы мекендешибиз Эссен университеттик клиникасында адам органдарын трансплантация кылып, илимий изилдөө иштери менен алек.

Медицина илимдеринин кандидаты учурда келинчеги экөө бир кызды тарбиялоодо. Чет өлкөдөгү тажрыйбалуу хирург менен үч-төрт саатка созулган операциядан кийин баарлашып, кызыктуу маек курдук.

— Германияга келип кантип күчтүү хирургдардын катарына кошулуп калдыңыз?

— Ысык-Көлгө 2012-жылы германиялык профессорлор келип, жаш дарыгерлер арасында сынак уюштурган. Ага 40 киши катышып, тандоо бир жумага созулган. Натыйжада Тинатин Какчекеева экөөбүз гана өтүп кетип, стипендияга ээ болгонбуз. Кыргызстанда медициналык академияны 2006-жылы аяктап, кийинки жылдары ординатураны, Кыргыз-Россия Славян университетинде профессор Бахадыр Бебезовдун жетектөөсүнүн алдында порталдуу гипертензия боюнча аспирантураны бүтүп иштеп жүргөм. Германияга келгенде өзүмдүн кесиптик ишмердүүлүгүмдү кайра башынан баштап, хирургиялык клиникада практикант болуп, төрт жылдан кийин операция кыла баштадым. Албетте, тил үйрөнүүдө кыйналдым. Жергиликтүүлөрдүн менталитетине, тартибине, абасына, адамдарга көнө албай жүрдүм.

Врач-хирург в университетской клинике Эссен в Германии Азим Шайбеков во время операции
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков

— Маектин алдында сиз менен байланышканда бүгүн узакка созулган операция жасайм деп жаттыңыз эле. Бир күндө канча оор операция жасайсыз?

— Негизи иш күнүбүз саат 7.30да башталат. Эртең менен дарыланып жаткандарды текшерип, андан соң операцияга киребиз. Түштөн кийин андан чыгып кайра бейтаптарды көзөмөлдөп, эртеси боло турчу операцияга бейтаптарды даярдап, анализин текшерип, студенттер менен иштешип кечинде үйгө кетем. Кечки нөөмөткө турганда үчтөн бешке чейин операция жасайбыз. Ошондой эле ар кайсы шаарга барып колдонулчу бөйрөк, боорду алып келебиз. Мен университеттин клиникасында боор, бөйрөк жана эндокринологиялык, онкологиялык хирургия боюнча иштейм. Узак операциялар боорго жасалат, ал үч-төрт саатка чейин созулат. Жумушубуз өтө кылдаттыкты, көңүл бурууну, тажрыйбаны талап кылат.

— Германиядагы дарыгер ооруканага кайрылган адамды өзү кабыл алып түрдүү текшерүүдөн өткөрүп, анализдерин алып дартын аныктап, дарылануусуна чейин көзмөлдөйт экен. Мындай ыкма учурдун талабыбы?

— Бул бизде эле эмес, башка мамлекеттердеги дагы негизги талап. Эгер бейтап ооруканага алып келинсе, дарыгер туура диагноз коюп, дарылоонун тартибин бекитип, качан бутуна туруп үйүнө аман-эсен кайтарына чейин аныкташы керек. Дарыгерлердин иш билгиси ушул жөндөмдөр менен бааланат. Жумушта технологиялык бардык шарттар түзүлгөн, карамагыбызда эндоскопия, компьютердик томография өңдүү толтура аппараттар бар. Эгер зарыл болсо, бир нече мүнөттө башка кызмат, адистер жардамга чакыртылат. Германияда 80 миллиондон ашык калк жашайт. Мамлекет медициналык мекемелердин ишин абдан жакшы жолго салып койгон. Ооруп, кырсыктап же өзүн жаман сезген адам өлкөнүн кайсы бөлүгүндө болбосун, кандай илдет менен кайрылбасын, 20 мүнөттүн ичинде биринчи медициналык жардамды алат. Антпесек адам өмүрүн сактап калуу үчүн убакыт абдан чоң ролду ойнойт.

Врач-хирург в университетской клинике Эссен в Германии Азим Шайбеков
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков

— Эми ошончо жөндөм, кесипкөйлүктү талап кылгандан кийин тажрыйба алмашууга, медицина тармагындагы тенденциядан артта калбоого жумушта шарт түзүлсө керек?

— Ак халатчандардын ар тараптан өнүгүп, кесиптик жөндөмүн жакшыртуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги бардык шарттарды түзгөн. Клиникада дайыма квалификацияны жогорулатуу курстары, өзүбүздүн кесиптик багытыбызга жараша сертификациялоолор өтүп турат. Клиника командировка, стажировкага, курс, окууларга жөнөтүп, илимий эмгектерибизди жарыялоого дайым көмөктөшөт. Дүйнө жүзүндө медицина күн сайын өнүгүүдө, дарыгерлер да андагы жаңычылдыктардан кабардар болуп турганы жакшы.

— Сиз да учурда кандайдыр бир илимий иштер менен алектенип жатсаңыз керек?

— Көбүнчө илимий изилдөөнү университеттик клиникалар жүргүзөт жана кызматкерлер үчүн ал акысыз. Окумуштуулар да жаш адистердин демилгесин кош колдоп турат. Азыр мен хирургиялык эндокринология боюнча илимий иш алып барып жатам. Жетекчим дүйнө жүзүнө белгилүү профессор Хенинг Дралле (Henning Dralle). Бизде илим менен алектенүүгө толук мүмкүнчүлүк бар, бир гана каалоо керек.

Ушул жерде жаштарга кеңешимди айта кетейин, адам амбициялуу, чынчыл, эч нерседен корпой ар кыл сыноолорго даяр болсо, кайда болбосун өз ордун таба алат. Жасаган иши, аракети такыр бааланбай жерде калбайт. Мен кыргызстандык кесиптештерге ар тараптан колдоо көргөзүп, жардам берүүгө даярмын. Менимче, ошолор чет жактан билим алып, иштеп тажрыйба топтоп, Кыргызстанга барып чоң өзгөрүүлөрдү жасайт.

Врач-хирург в университетской клинике Эссен в Германии Азим Шайбеков во время операции
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков

— Эми трансплантология жөнүндө кеп козгойлу, акыркы жылдары көптөгөн мекендештер бул кызматты алуу үчүн чет өлкөлөргө барууда. Өзүбүздө ошондой оор операцияларды кылуу үчүн кандай аракеттерди жасашыбыз керек?

— Бул аябай чоң маселе. Биринчиден, мыйзамдарды жолго салуу зарыл. Экинчиден, өтө чоң акча талап кылат. Германияда эле боорду алмаштыруунун баасы 200 миң еврого жетет. Мисалы, бул жактын ооруканасында операциядан соң жандандыруу бөлүмүндө бир сутка жатканына эле 800 евро кетет. Кыргызстанда боордун циррозу, гепатит В, С, Д менен жабыркагандар өтө көп. Өз кезегинде ал илдеттерди кандидаттык диссертациямда изилдегем. Аны менен жабыркагандардын орто курагы 31 жаш болгон. Мындайча айтканда, келечеги кең, ал-күчкө толгон адамдар ошол илдеттен запкы чегет. Ал эми бөйрөк алмаштыруу дагы кымбат балуу операциялардын катарына кирет.

Кыргызстанга борборлоштурулган трансплантология кызматын ишке киргизүү мезгилдин талабы болуп жатат. Ал вазийпа мамлекеттик ооруканага гана жүктөлүшү керек. Менимче, эгер жеке клиникаларга тапшырсак, кылмыштык аракеттер менен коштолушу ыктымал. Тиешелүү кесипкөй адистер менен бир команда иш алып барса эле жетиштүү болот. Алардын өзүнүн жандандыруу бөлүмү, гемодиализи, иммунологиялык лабораториясы болушу абзел. Трансплантациядан кийин бейтапты кайра бутуна тургузуп, ден соолугун калыбына келтирүү өзүнчө бир чоң жумуш жана ал көп каражатты, кымбат дары-дармекти талап кылат. Коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан көптөн бери трансплантология боюнча ийгиликтүү иштөөдө. Кыргызстан бул багытта жакшы эле артта калып калдык жана көптөн бери чоң көйгөй болуп келе жатат.

— Түшүнүктүү. Бизде трансплантация боюнча иш алып барган саналуу эле хирургдар бар. Качандыр бир кезде мекенге кайтып келүү планыңыз барбы?

— Мен Кыргызстанды аябай сүйөм. Мекенимде жакындарым, тууган-туушкандарым жашайт. Биз чет жакта болсок дагы мамлекетибизде болгон окуяларга көз салып, Ата Журтубуз ар дайым жүргөбүздө. Кээде кайгырабыз, кээде кубанабыз. Мага, буюрса, мекендешим же кесиптешим кайрылса медицинанын кайсы багыты болбосун өзүмдүн дараметиме жараша кубануу менен жардам берем. Эгер мамлекет шарт түзүп берсе, Кыргызстанга кайтуу оюмда бар. Бирок мен бул жактагы клиника менен узак убакытка келишим түзүп койгом.

Врач-хирург в университетской клинике Эссен в Германии Азим Шайбеков с супругой
© Фото / из личного архива Азима Шайбекова
Врач-хирург в немецкой клинике Азим Шайбеков

— Үй-бүлөңүз жөнүндө бир-эки ооз сөз айта кетсеңиз?

— Келинчегим бар, үй-бүлөбүз менен Германияда орун-очок алганбыз. Экөөбүз учурда бир кызды тарбиялап чоңойтуп жатабыз. Аялым жароокер, акылдуу жан болгондуктан өзүм хирургияда ийгиликтүү иштеп жатам деп ойлойм. Анткени бул кесипти аркалагандардын үйдөгү тылы күчтүү болбосо болбойт.

2
Белгилер:
маек, медицина, Кыргызстан, хирург, Германия
Тема боюнча
Операциядан соң эсине келген жигит акылынан айнып... Хирургдун баяны
Косметологиядагы бир процедура азиз кылып коюшу мүмкүн. Дарыгердин маеги

Коронавирустун "британиялык" штаммынын алгачкы сүрөтү алынды

53
(жаңыланган 13:49 25.01.2021)
Микроскоптун жардамы менен алынган вирустун сүрөтү жаңы штаммдын өзгөчөлүктөрүн изилдөө үчүн тартылып алынды.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Роспотребнадзордун окумуштуулары алгычкы ирет микроскоптун жардамы менен коронавирустун жаңы, "британиялык" штаммынын сүрөтүн тартып алды.

"Роспотребнадзордун "Вектор" илимий борбору дүйнөдө алгачкылардан болуп 2020-жылдын декабрында бейтаптан алынган коронавирустун "британиялык" штаммын сүрөткө тартып алды. Микроскоптун жардамы менен алынган вирустун сүрөтү жаңы коронавирустун өзгөчөлүгүн изилдөө үчүн тартылды. Эми анын структурасы, эксперименталдык моделдери изилденет ", — деп айтылат маалыматта.
Первое изображение британского штамма нового коронавируса
Роспотребнадзордун окумуштуулары алгычкы ирет микроскоптун жардамы менен коронавирустун жаңы, "британиялык" штаммынын сүрөтүн тартып алды

Роспотребнадзордун институттары тарабынан иштелип чыгып, Россияда катталган ПЦР-тесттер вирустун британиялык вариантын ишенимдүү аныктай алары белгиленет. Ал эми мекеменин Борбордук эпидемиология илим-изилдөө институтунун тест-системасы вирусту мутант эмес формалардан айырмалоого жөндөмдүү.

"Коронавирустун "британиялык" штаммына мүнөздүү мутациялар вирустагы протеиндин консервацияланган бөлүкчөсүнө таандык пептиддик антигендерди камтыган "ЭпиВакКорона" вакцинасынын натыйжалуулугуна таасирин тийгизбейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан. Кийинчерээк ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга тез экени маалым болгон. Деген менен адам өлүмү көп катталган учур жок.

53
Белгилер:
Роспотребнадзор, коронавирус, изилдөө, Сүрөт
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коркуу, тынчсыздануу коронавируска кабылуунун себептеринин бири экени айтылды
Пандемия учурунда балалуу болобуз дегендерге адистин кеңеши