Соцтармак Марадонанын бокстагы дебютун эскерди. Видео

© AFP / LA VOZ DEL INTERIORФутболчу Диего Марадона кесипкөй бокстун эки салмак боюнча дүйнө чемпиону Сантос Ласьяр менен 1996-жылы бокс беттеши учрунда. Архив
Футболчу Диего Марадона кесипкөй бокстун эки салмак боюнча дүйнө чемпиону Сантос Ласьяр менен 1996-жылы бокс беттеши учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттештен бир күн мурда мушкерлер салт катары таразага түшүшүп, Марадона атаандашынан 14 килограммга оор болгон.

БИШКЕК, 27-ноя. – Sputnik. Диего Марадона 1996-жылы бокс спортунда өз күчүн сынап, досу, кесипкөй бокстун эки салмак боюнча дүйнө чемпиону Сантос Ласьяр менен рингге чыккан. Бул тууралуу World Boxing Council (Дүйнөлүк бокс кеңеши) уюму футболчунун бокстагы дебютун эскерип, анын беттешиндеги үзүндүлөрүн Instagram баракчасына жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от World Boxing Council (@wbcboxing)

Марадона ошол кезде өзү ойногон "Бока Хуниорс" футбол командасынын кийимине түспөлдөш көк-сары түстөгү чолок шымчан мушташкан. Атаандашы Ласьяр WBA (Дүйнөлүк бокс ассоциациясы) уюмунун титулу үчүн түштүк африкалык Питер Матебуланы уткандан кийин 15 жылдан соң рингге чыккан.

Маалыматтарга ылайык, беттештен бир күн мурда мушкерлер салт катары таразага түшүп, Марадона (75,3 килограмм) атаандашынан (61,45 килограмм) 14 килограммга оор болгон.

Легендарлуу футболчу Диего Марадона. Архив - Sputnik Кыргызстан
Диего Марадонанын өлүмүнүн чоо-жайы айтылды
Тамашалуу маанайдагы беттеш үч раундга созулуп, айрым жеринде боксчулар бири-бирине эмес, калыска чабуул жасап, соккулашкан. Беттештин соңунда легендарлуу футболчу топту бут менен ойноонун керемет ыкмаларын жасап, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөргөн.

Эске салсак, Диего Марадона 25-ноябрда 60 жаш курагында Буэнос-Айрес шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Тигре шаарындагы жашап жаткан үйүндө жүрөк кемтиги оорусунан улам көз жумган.

Аргентинанын президенти бул кайгылуу окуяга байланыштуу үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0