Аза кызматындагылар Марадонанын сөөгү менен фотосессия уюштурушкан. Сүрөт

© AFP / Argentinian PresidencyАргентиналык футболчу Диего Марадонанын сөөгү салынган табыт
Аргентиналык футболчу Диего Марадонанын сөөгү салынган табыт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аза кызматынын өкүлдөрүнүн жоруктары Аргентина коомчулугунун кыжырына тийди. Алардын бири кызматтан бошотулганы айтылууда.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Аргентинада аза кызматынын бир нече кызматкери табытта жаткан Диего Марадонанын сөөгү менен сүрөткө түшкөн жоругунан улам чыр чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү TN маалымат булагы жазып чыкты.

​Жарыяланган сүрөттөрдүн биринде мекеменин кызматкери Марадонанын маңдайына колун коюп, камерага карап бармагын өйдө көрсөтүп турганын көрүүгө болот.

Аргентиналык футболчу Диего Марадона. Архив - Sputnik Кыргызстан
Футбол, бокс, кокаин. КР калысына рахмат айткан Марадона тууралуу фактылар
Аза кызматынын өкүлдөрүнүн бул аракеттери Аргентина коомчулугунда кыжырданууну жаратып, кызмаркерлерди жазалоо талабы коюлган. Бюронун ээси ал кызматкерлердин бири жумуштан айдалганын, футболчунун үй-бүлөсүнөн кечирим сураганын билдирген.

Диего Марадонанын каза болгону тууралуу кабар 25-ноябрда айтылган. XX кылымдын мыкты футболчуларынын бири жүрөк кемтигинен каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0