Россиялык валютанын куну түшүп кетүүсүн Швейцария банкынын аналитиктери убактылуу деп эсептешүүдө. Вакциналар жана улам кымбаттап бара жаткан нефть рублдин баасын калыбына келтирүүгө шарт түзөрү айтылып келет. Аталган акча бирдигинин абалына РИА Новости баам салган.
АКШда өтчү шайлоонун алдында рублдин куну түшүп кетип, бул окуяга байланышкан негативдин баары билинбей калды. Андан кийин долларды артка таштап кайра кымбаттап кетти. Ири банктар буга чейин эле Байдендин келиши менен америкалык валюта эч жакшылык көрбөй турганын саймедиреп келишкен.
Рубль үчүн быйылкы ноябрь ар кыл болду. 2010-жылдан 2019-жылга чейин бул айда рубль, тескерисинче, орто эсеп менен үч пайызга арзандап калчу. Быйыл баасы беш пайызга жогорулап кетти.
Буга Pfizer жана Moderna вакциналарынын жогорку эффективдүүлүгү тууралуу жаңылыктар негиз болду. Инвесторлор күүлөнүп-күчтөнүп, нефтинин баасы өстү. Brent үлгүсүнүн бир баррели марттан бери 48 долларга көбөйдү. Мындан улам инвесторлордун тобокелчилиги жогору болгон активдерге табити "ачылып" кетти. Мында көбүнесе тезирээк калыбына келе турган баалуу кагаздар менен өнүккөн өлкөлөрдүн валюталары тууралуу сөз болууда. Алардын арасында рубль да бар экенин QBF аналитиги Ксения Лапшина билдирди.
"Нефтинин баррели 45-50 доллар болуп турган чакта курс бир бочкасына 3,5 миң рублден тарта коюлат. Башкача айтканда, 70-77 килограмм. Демек, ушу тапта рубль тең чамалаш болуп турган абалга жакын", — деди ал.
Россиялык валюта Чыгыш Европадагы эң алсыз акча болуп калганын Швейцариянын Credit Suisse банкынын аналитиктери коронавирус пандемиясынын кесепеттерин талдап жатып айтышты. Январдан бери рубль долларга карата 19 пайызга арзандап кеткен.
Банк эксперттеринин айтымында, буга өлкөдөн капиталдын чыгышы, акча сактоо структурасынын өзгөрүшү, башкача айтканда, банк депозиттеринен каражаттын агымы башкы себеп болгон. Анан, албетте, геосаясат. Навальный окуясы, Беларустагы шайлоо, Тоолуу Карабах чыры да терс салымын кошту.Бирок ошол эле Credit Suisse банкы негативдүү факторлордун баары убактылуу экенин белгиледи. Экономикалык өсүү, жүрүп жаткан операциялардын эсеби жана реалдуу пайыздык коюмдар сыяктуу негизги көрсөткүчтөр боюнча алып караганда рублдин баа-баркы кадимкидей эле. Геосаясий жактан күтүүсүз окуялар болуп кетпесе рубль долларга карата 70-72нин тегерегинде болуп курсу бекемдей берери божомолдонду.
Custodian инвестициялык компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Андрей Плотников жыл аягына чейин бир доллар 73-74 рубль болору күтүлүп жатканын айтты.
"Рубль сырье валютасы катары рынок нефтисиндеги суроо-талаптын калыптанышына карата бекемделе берет. Вакцина багытындагы ийгиликтер тууралуу жаңылыктардын фонунда активдердин баасы өсө турганы айгине болуп калды. Рублдин жыл аягына чейин үч-беш пайызга кымбатташын болжолдоп жатабыз", — деди GB CLUB инвестициялык клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири Хачатур Гукасян.
Ал эми Евразиялык өнүктүрүү банкынын божомолу бир аз башкачараак. Рубль арзан бойдон калууда, бирок анын күчтөнүшү үчүн мейкиндик чектелүү дейт банктын өкүлү Алексей Кузнецов.
Аналитиктердин көбү 2021-жылдын биринчи кварталында эле нефтинин бир баррели 55-60 долларга көтөрүлөт деп айтууда, дал ушул убакытта массалык вакцинация башталат. Демек, бул маалда бир доллар 71-73 рубль болуп калышы толук ыктымал.
Mitsubishi UFJ Financial Group (MUFG) божомолу боюнча нефтинин кымбатташы менен доллардын арзандашын биринчи кезекте нефть валюталары колдоого алат, анын эң мыктысы рубль болуп калышы мүмкүн. "Рубль кымбаттоого кызыкдар, ал нефть бааларынан катуу артта калды", — дешти MUFG аналитиктери.Ал эми долларды айта турган болсок, вакциналарды сыноо процедураларынын аяктап, жапырт колдонула башташы шайын бир топ оодарчудай. Мындай күтүүсүз бүтүмгө АКШнын Citigroup банкынын стратегдери келишкен. Дарылардын натыйжалуулугу дүйнөлүк сооданы жандантат. 2000-жылдардын башындагыдай окуя кайталанат: анда Кытайдын Дүйнөлүк соода уюмуна кириши глобализацияны тездетип, доллардын баасы түшүп кеткен. Бул көрүнүш бир нече жылга созулган эле.
Азыр алты негизги валютага карата доллардын баасын чагылдырган DXY индекси сентябрдан бери минимум көрсөткүчтө, ага Байдендин келиши жана экономикалык саясаттын өзгөрүүсү таасир этип турат. Goldman Sachs ири инвестициялык банкынын эсеби боюнча азыркы абал эки жыл мурунку минимумга кайтарат. Ал эми Citigroup вакциналардын пайда болушу менен 20 пайызга да төмөндөп кетиши болжолдонууда. Дүйнөлүк валюта үчүн маңдай жарчу кабар эмес.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Пакистандын өкмөтү россиялык "Спутник V" вакцинасын чукул кырдаал учурунда колдонууга уруксат берип, жергиликтүү фармацевтикалык компанияларга аны сатып алууга жана таратууга жол ачты. Бул тууралуу ЖМКларга таянып, РИА Новости жазды.
Россиялык вакцина өлкөдө колдонууга уруксат берилген үчүнчү дары болгон.
"Пакистандын Дары-дармектерди тескөөчү органынын (Drap) каттоо кеңеши өткөргөн жыйында өзгөчө кырдаалдарда дагы бир вакцинаны колдонууга уруксат берилди. Ал Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен иштелип чыккан вакцина", — деп айтылат маалыматта.
Ал ошондой эле AGP жергиликтүү фармацевтикалык компаниясы россиялык вакцинанын жалгыз импорттоочу жана дистрибьютери болорун белгиледи.
Пакистандын бийлиги буга чейин чукул кырдаал учурунда AstraZeneca вакцинасын жана кытайлык компания чыгарган Sinopharm дарыларын колдонууга макулдук берген.Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчи болуп COVID-19га каршы "Спутник V" вакцинасын каттаган. Ал Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борбору менен Россиялык түз инвестициялар фонду тарабынан иштелип чыккан. Вакцинанын натыйжалуулугу 90 пайыздан жогору болору айтылат.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын "За рулем" журналы тез эле дат басып кеткен беш автоунааны атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка таянсак, биринчи чыккан Lada Granta үлгүсүндөгү автокөлүктөрдү тез дат басып кетиши ыктымал.
Журналда жазылгандай, Lada Granta автокөлүгүнүн капотунун алды жана түбүнүн капталдары сырдалбагандыктан тез дат басат. Автоунаа ишке берилген соң үч-төрт жылдан кийин анын эшигинин алды менен босогосунда дат пайда болушу ыктымал.
Журнал муну сапатсыз цинк менен каптоо менен байланыштырган.Басылма седанга караганда, лифтбек алууну сунуштаган. Анткени анын кузову даттан корголуп жасалат.
Тез дат басып кетүү көйгөйү Renault Logan жана Sandero үлгүсүндөгү автоунаа ээлерине да келиши мүмкүн. Адистердин айтымында, мындай автокөлүктөрдө дат бир нече кыштагандан кийин пайда болушу ыктымал. Мында да седандардын каррозияга кабылары айтылды.
Анча кымбат эмес кроссоверлердин арасынан Skoda Yeti автоунаасы да жогорудагыдай "илдетке" тез кабылган автоунаалардын катарына кирген.
Тез дат баскан жагынан алдыга Россияда чыгарылган жолтандабас "Патриот" аттуу УАЗ чыккан. Маалым болгондой, дат анын 2018-жылы чыккан үлгүлөрүнөн табылган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди.
Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады. Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык деп айтышууда.
"Иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган маалыматтарга ылайык, видео Кыргызстандан сырт жерде тартылган, бул факты биздин өлкөгө тиешеси жок. Кийинчерээк толук маалымат берилет. Баарыңыздарды чагымчылдыкка алдырбай, тастыкталбаган маалыматты таратпаңыздар", — деп Жумаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Ал эми бул боюнча билдирүү тараткан ИИМ видео боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.
Анткен менен кыргызстандыктар социалдык тармакта үрөй учурган бул окуя Кыргызстанда болгон деген божомолдорун айтып, пикирлерин калтырып жатат.