Алтын баасын жоготууда. Төрт жыл ичиндеги эң төмөнкү баага түшүшү мүмкүн

© REUTERS / Leonhard Foeger / File PhotoАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк экономика жакын арада калыбына келет деп ишенген инвесторлор мурда алып койгон баалуу металлдарын сата баштады. Ушул тапта алтын 5,5 пайызга арзандады.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү алтындын баасы акыркы төрт жыл ичиндеги бир айлык орточо наркынан бир топ төмөндөп кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк алтын рыногундагы көрсөткүчтөргө шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, Нью-Йорктогу Comex биржасындагы бааларга караганда, ушул жылдын октябрь айында алтындын бир унцийи эки миң доллардан жогору сатылмак.

Россия рубли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күтүүсүз кымбаттоо. Рублдин мындан аркы бекемделиши болжолдонууда
Бишкек убактысы менен дүйшөмбү күнкү саат 11:11деги маалымат боюнча, Comex биржасында алтындын бир унцийи 0,89 пайызга же 15,8 долларга арзандады (февраль айында сатыла турган баасы). Демек анын наркы 1 772,3 доллар болуп калды. Ал эми күмүштүн унцийи 2,69 пайызга же 22,032 долларга арзандады.

Айдын акыркы күндөрү коронавируска каршы вакцинанын ийгиликтүү чыгарылып жатканы инвесторлорго үмүт жандырып, дүйнөлүк экономика жакын арада калыбына келет деп ишендирип жатат. Мындан улам көптөрү мурда алып койгон баалуу металлдарын сата баштады. Ушул тапта алтын 5,5 пайызга арзандады.

Буга чейин британиялык AstraZeneca компаниясы өзү чыгарып жаткан COVID-19га каршы вакцина 70-90 пайыз таасирдүү экенин айтып чыккан. Ошондой эле өз ийгиликтери жөнүндө Moderna, Pfizer жана BioNTech компаниялары жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0