Россиялык аскерлер Степанакертте талаа госпиталын ачты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСтепанакерттеги Россиянын тынчтык орнотуучулары
Степанакерттеги Россиянын тынчтык орнотуучулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талаа госпиталы кайра жандандыруучу, диагноз коюучу, операция жасоочу жай, диагноз аныктоочу лаборатория менен жабдылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Тоолуу Карабахта РФтин Коргоо министрлиги талаа госпиталын ачты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Атайын модулдардан турган чатырлар тигилди. Биринчи иретте тынчтык орнотуучуларды медициналык жактан камсыздоо максатын көздөйбүз. Жай тургундарга да көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Бул жерге 40ка чукул кишини жайгаштыра алабыз", — деп журналисттерге айтып берген медициналык отряддын жетекчиси Ярослав Иванов.

Анын айтымында, бөлүм кайра жандандыруучу, диагноз коюучу, операция жасоочу жай жана диагноз аныктоочу лаборатория менен жабдылган. Стоматологдун, офтальмологдун кабинеттери иштейт. Жасалма деп алдыруучу, УЗИге жана рентгенге тартуучу медициналык аппараттар бар.

Белгилей кетсек, Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрдан тарта иштей баштады.

Тоолуу Карабахтагы россиялык тынчтык орнотуучу - Sputnik Кыргызстан
Карабахтагы тынчтык орнотуучулар. Россия оор милдетти аркалоодо
Документке ылайык, Тоолуу Карабахка россиялык тынчтык орнотуучулар кирген. Келишимде согуш отун толук өчүрүү, туткундарды жана курман болгондордун сөөгүн алмашуу каралган. Армения Азербайжанга Кельбажар, Лачын жана Агдам райондорун кайтарууга милдеттендирилди.

Баку документти Еревандын капитуляцияланышы деп атап, президент Ильхам Алиев макулдашуу Азербайжанга болушунча пайдалуу болгондугун жар салган. Анын пикиринде, аскердик этап аягына чыкты, эми саясий суроолорго өтүш керек.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян тынчтыкка жетүү абдан кыйынга тургандыгын моюндап, антпесе Карабахты жоготуп алмактыгын айткан. Бул чечимден кийин Ереванда өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жүрүштөрү башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0