ЖМКлар ИРККтин дагы бир командири Муслим Шахдан жок кылынганын айтууда

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEИрактын аскер кызматкери. Архив
Ирактын аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган эле.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ирактын Сирия менен чектешкен аймагында Ислам революциясын коргоочулар корпусунун (ИРКК) командирлеринин бири Муслим Шахдандын өлтүрүлгөнү айтылууда. Бул тууралуу RT Arabic телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Тысячи иранцев вышли на митинг после убийства генерала Сулеймани — видео - Sputnik Кыргызстан
Генерал Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыгышты. Видео
Маалыматка караганда, кечээ кечинде Шахдан "Аль-Каим" чек ара пункту аркылуу өз автоунаасы менен өткөн. Андан соң командирдин машинасына учкучсуз аппарат сокку урган. Ошол жерден Шахдандан тышкары аны коштоп жүргөн үч адам каза болгону айтылды.

Ошол эле учурда анын өлгөндүгү тууралуу маалыматты Ливандын Al Mayadeen телеканалы төгүндөп жатат.

Белгилей кетсек, ушул жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШнын өлкөдөгү аскер базаларына сокку урган.

Жаңылыктар түрмөгү
0