Биолог: коронавирустун жеңил формасынын да кесепети оор болот

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в ГКБ № 52
Госпиталь COVID-19 в ГКБ № 52  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис коронавирустук инфекция адамдагы ресурстарды коротуп, карылыкка жакындатат деген оюн айткан. Бирок бул кылдат изилдөөнү талап кыларын белгилеген.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Коронавирус инфекциясынын жеңил формасынын дагы кесепети оор болорун РИА Новости агенттигине Жордж Мейсон университетинин системалык биология мектебинин профессору Анча Баранова билдирди.

Адис дарыгерлер тобунун ишинин жыйынтыгына таянган. Анда жугуштуу ооруну орточо жана жеңилирээк формада өткөргөндөр кароодон өткөн.

"Илдетти бир топ жеңил көтөргөндөрдүн 70 пайызында ички органдардын патологиясы байкалган. Бирок башкы оорусу адаттагыдай жүрөк эмес, көбүнчө майлуу гепатоз (боор жабыркайт) жана уйку безинин ткандарын май байлап кетиши болгон. Негизи мындай диагноздор 60 жашта коюлат, коронавирус жуктургандарда 40 жашында эле байкалды", — деди Баранова.

Биолог коронавирустук инфекция адамдагы ресурстарды алып, карылыкка жакындатат деген оюн айткан. Ошол эле учурда оорунун кесепеттери дагы кылдат изилдөөнү талап кыларын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0