Семиртип, уйкуну бузат. Уктаар алдында жебей турчу азыктар аталды

© Фото / Pixabay/ TapisRougeТамактанып жаткан адам. Архив
Тамактанып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, биринчи кезекте куурулган эт, помидор, баклажан, консерваланган, туздалган (жашылча, эт) азыктардан, авокадо жана ачуу сырдан баш тартуу керек.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Диетолог Елена Кален жатарда жегенге болбой турган азыктарды тизмектеп, алар уйкуну бузуп, арыктоого тоскоол болорун билдирди. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.

Календин айтымында, биринчи кезекте куурулган эт, помидор, баклажан, консерваланган, туздалган (жашылча, эт) авокадо жана ачуу сырдан баш тартуу керек. Бул азыктардын курамында тирамин аминокислотасы болушу ыктымал. Ал стресс гормону болуп саналган норадреналинге айланат.

"Бул азыктарды жатарда жегенден кийин уйку качат. Эртеси турганда адам түнү менен чуркап жүргөндөй чарчап калат", — деген диетолог.

Кыз уйку учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жатар алдында баш тарта турган жети нерсе
Адистин айтымында, кечки менюдан сельдерей чөбүн да чийип салган оң. Ал салмак таштоодо пайдалуу болгону менен жатар алдында жебеш керек. Адис белгилегендей, сельдерей табарсыкты толтуруп, ажатканага айдайт.

Жаңгактын түрүн, майлуу тамактарды да күндүн биринчи жарымында жеш керек дейт диетолог. Анткени алардын курамында тамак сиңирүү системасына күч келтире турчу крахмал жана шекер көп.

"Майлуу тамак кеч сиңгендиктен аны жатар алдында жебей эле койгон жакшы. Ал адамды семиртип, уйкуну качырат", — деди Кален.

Диетолог уктаар алдында жаңы бышкан мөмө-жемиш, буурчак жана козу карындан да баш тартууну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0