Дарыгер коркунучтуу түштөрдөн кантип арылса болорун айтып берди

© AFP / Alberto E. Rodriguez / Getty Images for New York MagazineФестиваль AT&T в Калифорнии
Фестиваль AT&T в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сомнолог адамдын жаман түштөрү эки топко бөлүнөрүн айтты. Экөө тең кишинин психологиялык абалынан көз каранды экен.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Түндө жаман түштөр кирип же адамдын уктап жатып кыйналышына күндүзгү стресстик абал себепкер болот. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, сомнолог Роман Бузуновго шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Мисалы, жаңылыктарды бир күндө 15 мүнөт карап коюу жетиштүү. Башка убакта негативди карап отура бербей, колдон келсе сейилдеп келиңиз. Көп кыймылдап, үй жумуштарын жасаңыз. Чарчаганга чейин жумуш кылуу стресс менен жагымсыз ойлордон арылуунун эң сонун жолу. Маанай чөгүп, ал кеткенде кофе же таттуулар менен алаксыбай, чуркап же дене көнүгүүлөрүн жасаңыз", — деди сомнолог.

Киши менен аял кучакташып жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кучакташпагыла. Сомнолог аптаптуу күндөрү уйку кандыруунун жолу тууралуу
Анын айтымында, адамдын жаман түштөрү эки топко бөлүнөт.

"Биринчиси — ар кандай сюжеттеги түштөр. Алар мээ бир нерсеге бушайман болуп, бирок ошол кырдаалдан чыгып кетүүгө жол издеп жатканда кирет. Экинчиси — бир эле окуя кайталана берген түштөр. Ал бир нерсеге көнө албай же маанилүү чечим кабыл ала албай жаткан адамдарга көп кирет", — деди профессор.

Мындан тышкары, адис көпчүлүк учурда адамдын күнү кандай өтсө, уйкусу дагы дал ошондой болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0