Лампочкасы күйбөгөндө.... АКШлык аял жөн жерден эле 171 миң доллар утуп алды

Жазылуу
Аял балатынын былтыркы гирляндалары иштебей калгандыктан дүкөнгө барып жаңысын алып, арткан акчага бир нече лотерея билетин сатып алган.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Американын Вирджиния штатынын жашоочусу Филлис Хьюстон жаңы жылдык балатынын күйүп кеткен лампаларын алмаштырам деп жүрүп лотерея утуп алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Аял былтыркы гирляндалар күйбөй калгандыктан дүкөнгө барып жаңысын алып, арткан акчага бир нече лотерея билетин сатып алган.

Натыйжада билеттердин бири утуш сандарына дал келип, ага 171 миң доллардан ашык акча алып келген.

"Мен ишене алган жокмун. Бул өтө сонун нерсе болду!" — деген ал.

Америкалык аял каражатты кандай максатта жумшай турганын азырынча чече электигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0