Жыгылган күрөшкө тойбойт... Трамп кайрадан билдирүү жасады

© REUTERS / TOM BRENNERАКШнын азыркы президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, анда Кошмо Штаттардын мурдагы вице-президенти, демократ Жо Байден уткан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. АКШнын азыркы президенти Дональд Трамп шайлоодо жеңишке жете турганын кайрадан жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ылайык, Трамп Жорджияда тарапташтары менен жолугуп, эгер шайлоонун жыйынтыгы кайра каралса, жеңиш ал тарапта болорун белгилеген.

Ал демократтарды добуш берүү учурунда бурмалоо жасады деп күнөөлөгөн.

"Бардык штатта жүз миңдеген добуштар мыйзамсыз берилген", — деген Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалганчы ЖМК, начар компания. Трамп Байдендин жеңишине нааразы экенин айтты
АКШнын азыркы ажосу Жорджия бийлигин шайлоону талкуулоо үчүн жергиликтүү мыйзам чыгаруу органын чогултууга чакырган. Анын айтымында, эгер почта аркылуу келген бюллетендерде шайлоочулардын добушун текшерсе, бул штатта ал жөн эле алдыга озуп кетет.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча, анда Американын мурдагы вице-президенти, демократ Жо Байден уткан. Бирок азыркы президент Трамп шайлоодо утулганын мойнуна ала элек. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгын сот карап чыгышы керек деген оюнан кайта элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0