Time журналы 2020-жылды тарыхтагы эң начар жыл деп атады

© REUTERS / AMANDA PEROBELLIКоронавирустан каза тапкандарды жерге берүү. Архив
Коронавирустан каза тапкандарды жерге берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналдын киносынчысы Стефани Зачаректин айтымында, азыркы жашап жаткандардын басымдуу бөлүгү мынчалык катаал жылды баштан кечиришкен эмес.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Америкалык Time журналы 2020-жылды дүйнө тарыхындагы эң начар жыл деп атады. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Ага ылайык, журналдын жаңы номеринин тышында 2020 деген сан кызыл сызык менен чийилип, алдына "эң начар жыл" деп жазылган.

Time журналынын киносынчысы Стефани Зачарек журналга 2020-жыл көпчүлүк үчүн сыноо болгону тууралуу макала жазган. Анын айтымында, азыркы жашап жаткандардын басымдуу бөлүгү мынчалык катаал жылды башынан кечиришкен эмес.

"Азыр жашап жаткандардын көбүнүн башынан мындай оор жыл өткөн эмес. Жаратылыш кырсыктары, шайлоо, жарганаттан тарады делип Жер жүзүндөгү адамзаттын баарынын жашоосун өзгөртүп, 1,5 миллион адамдын өмүрүн алган вирус. Мунун баарына көпчүлүк даяр эмес болчу", — деп жазган ал.

Ошол эле учурда макаланын автору дүйнө тарыхында мындан да катаал, жаман жылдар болгонун эскерген. Бирок сасык тумоо пандемиясын, Улуу депрессия жана эки дүйнөлүк согушту көргөн адамдар азыр аз калганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0