Дарыгер пандемия маалында камдап алчу эки препаратты атады

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРабота аптеки во Владивостоке
Работа аптеки во Владивостоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медик антибиотиктер менен вируска каршы препараттарды өз алдынча колдонбой, адистер менен акылдашуу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россия элдердин достугу университетинин жалпы жана клиникалык фармакология бөлүмүнүн башчысы, профессор Сергей Зырянов коронавирус пандемиясы маалында камдап кое турчу препараттарды атап бергенин РИА Новости жазды. 

"Биринчиден, дене табын түшүрүүчү дары-дармектерди алуу керек. Мында жакшыраагы — парацетамол. Ибупрофен COVID-19 үчүн натыйжалуулугун аягына чейин көрсөтө элек, ошондуктан мурунга тамчылатмаларды алууга болот", — деген Зырянов.

Ошондой эле дарыгер антибиотиктер менен вируска каршы препараттарды өз алдынча колдонбой, адистер менен кеңешүү керектигин айтты. Анткени алардын бир катар терс реакциялары бар.

Мындан сырткары, Зырянов D витаминин ашыкча пайдалануу кан тамырлардын жабыркашына, бөйрөк кемтиги жана башка көйгөйлөргө алып келиши мүмкүндүгүн эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0