Түркиялык президент Режеп Тайип Эрдогандын архивдик сүрөтү

Бакудагы парадга Эрдогандын келиши эмнени туюндурат?

(жаңыланган 10:30 08.12.2020)
Баку 10-декабрга белгиленген парадда Азербайжандын Тоолуу Карабахтагы жеңишин жана аймактагы ийгилигин белгилейт.

Парадга түркиялык президент Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу Түштүк Кавказ жана Каспий жээгиндеги аймакта НАТОнун таасир зонасынын кеңейишинен кабар берет. Бул жагдайга аскерий баяндамачы Александр Хроленко баам салды.

Бакуда Тоолуу Карабахтагы жеңишине арналган аскердик парадга даярдык өтүүдө. 10-декабарда өтчү салтанатка 3000ден ашуун жоокер жана аскердик техникадан 150 чакты бирдик катышмакчы. Ошондой эле парадда "ата мекендик согушта" душмандан тартып алынган аскердик трофейлердин бир бөлүгү да көрсөтүлөт.

Азербайжан президенти Ильхам Алиев Азербайжан Республикасында Жеңиш күнүн уюштурууга буйрук берген. Мамлекеттик маалымат каражаттары да бул жеңишти өлкөнүн көп кылымдык улуттук тарыхындагы орчундуу окуя катары талкуулоодо.

Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттиги: "Жеңиш парадынын трибунасында ардактуу мейман катары Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу – түрк боордоштугунун таамай тастыктоосу", — деп белгилеп жатат.

Мурда Түркия коргоо министри Хулуси Акар Азербайжанга аскер кызматкерлерин окутуу, анын ичинде биргелешкен машыгуу форматындагы жардамы уланарын жарыялаган.

Ошентсе да жаңжалдын армян тарабы менен болгон куралдуу тирешинде Анкаранын туугандык көмөгүн ашкере идеалдаштырып болбойт. Түркия – түндүк атлантикалык альянстын мүчөсү. Аталган уюмдун негизги максаттары күч проекциясы жана планетадагы энергоресурсту көзөмөлдөө экени жашыруун эмес, ал эми Азербайжан мунай жана газга бай келери белгилүү.

Аскердик боордоштук

Карабахтагы 44 суткага созулган согуштан соң Азербайжан жана Армения Россиянын ортомчулугу менен окту толук токтотууга макулдашкан. Аймакта россиялык тынчтык орнотуучулар иш алпарууда, бирок кырдаалдын толук турукташуусуна али көп бар.

Ошону менен катар эле Азербайжанда Карабахтагы жагдайга байкоо салуу үчүн биргелешкен россиялык-түркиялык борбор түзүлүүдө. Түркиялык саперлор азербайжандык кесиптештерине миналарды зыянсыздандырууда көмөкчү болууда.

Жалпысынан Түштүк Кавказга Түркиянын аскердик-саясий таасири кыйла өстү. Аны Борбордук Азия өлкөлөрүндө да күчөтүү аракети жасалышы ыктымал. Буга чейин Sputnik агенттиги Тоолуу Карабахка Сириядан келген туркоман-согушкерлер жайгаштырылышы мүмкүн экенин кабарлаган. Алар согуштук аракеттерге катышып, тынчтык жөнүндөгү макулдашуудан кийин да мекенге кайтууга ашыгышпайт.

Мындан тышкары, "Эки өлкө – бир эл" аттуу түркиялык тышкы саясий концепция бар экени чын жана күчүндө болсо, анда "эки өлкө – бир армия" жана бирдиктүү командалык борбор анын уландысы болуп саналар.

Аймакта "улуу агасы" Эрдогандын экономикалык жана аскердик-саясий кызыкчылыктарын коргоо үчүн Азербайжан тарапка альянска мүчө болуунун юридикалык формалдуулуктарын толук сактоонун деле кажети жок. Мындай мамилелердин конфигурациясында Азербайжандын НАТОго киришине анчалык ыраак эмес көрүнөт.

Анкара Осмон империясынын бир кездеги улуулугун кайра жандандырууга умтулат (бул азырынча чектелген аскердик ресурстар менен гана ооздукталып турган экспансия). Татаал жана кооптуу аймакта азербайжандык армияны кыйыр түрдө (Анкара аркылуу) "тескөө" азгырына Брюссель менен Вашингтон туруштук бере алабы?..

Экономикалык кысым (прессинг)

Түркия 9-ноябрдагы макулдашууну расмий түрдө жактырды, бирок россиялык тынчтык орнотуучу операциясынын башталышынан көңүлү калганы айдан ачык.

Негизги максат, тагыраак, Карабахты толук көзөмөлдү кайтаруу маселеси чечилген жок. Анкара Азербайжанга күчтөрүн жөнөтүүгө дайын, келечекке багытталган бул опция түрк парламентинин чечимине байланган. Менимче, Түркия армиясындагылардын бир тобу россиялык аскер кызматкерлери алардын "таза жеңишин" уурдап алды деп эсептешет.

National Interest америкалык басылмасы: "Азербайжандыктар 10-ноябрда Карабах согушунда Арменияны жеңгенин белгилешет. Бирок жеңиш эйфориясы акыры тарайт, ошондо алар бул Азербайжандын чыныгы көз карандысыздыгынын аягынын башталышы экенин аңдашат", - деп жазат. Бирок кудай жалгап Эрдогандын "неоосмондук кыялы" азырынча экономикага гана таралууда.

Сирия, Ливия, Ирак, Чыгыш Жер ортолук деңиз жана Түштүк Кавказдагы аскердик операциялар аларга арзанга түшпөйт. Түркиянын тышкы карызы 421 млрд. долларга жетти. Анын 181 млрд. доллары жыл аягына дейре төлөнүшү шарт.

Акыркы үч айда түрк лирасы дүйнөлүк валюталарга карата 15%, ал эми жыл башынан тарта 25% жоготту. Коронавирус эпидемиясынан улам түркиялык экспорт биринчи жарым жылдыкта эле 26 пайызга түштү.

Батыш талдоочулары оор экономикалык кырдаалда Анкара эртең эле Бакудан Карабахтагы аскердик жардам үчүн арзан энергоресурс (анан да өлкө ичинде түркиялык кеңири керектөөдөгү товарлар үчүн "жашыл коридор") түрүндө компенсация талап кыларын да жоромолдошот.

Мында стратегиялык карама-каршылык жашыруун, себеби Азербайжан алдыңкы "беш жылда" эң оболу жаңы алынган жети районду калыбына келтирип, элди жайгаштырууга тийиш (буга 10 млрд. доллардын тегерегиндеги каражат керектелет).

Азербайжан маалымат каражаттары 9-ноябрдан кийин тегин жерден улуттук армиянын өзүн-өзү камсыз кыла аларына жана Тоолуу Карабахта Бакунун аскердик жеңишинин өз алдынчалыгына басым жасап жаткан жери жок. Экинчи жагынан, Россиянын стратегиялык кызыкчылыктарын да эске алуу зарыл.

Түштүк Кавказдагы чоң оюн дале уланып келет...

Белгилер:
парад, жеңиш, согуш, Түркия, Азербайжан, Кавказ
Тема боюнча
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери

НАТО чалгынчылары РФ чек арасына тез-тезден каттап калышты. Максаты эмне

(жаңыланган 11:50 20.04.2021)
НАТОнун учактары акыркы аптада рекордун жаңылап, Россия чек арасына 58 жолу жакындап келди.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.

НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.

Белгилер:
Украина, Кара деңиз, учак, чек ара, Россия, НАТО
Тема боюнча
Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо
COVID-19 жок саякаттайм тиркемеси. Архив

Россияга барчулар ПЦР-тестти "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесинен көрсөтүшү шарт

(жаңыланган 11:12 20.04.2021)
Тиркемени App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн көчүрсө болот. Учакка отургандан кийин жүргүнчү тиркеменин жардамы менен телефондогу QR-кодду көрсөтөт.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россияга бара турчу Кыргызстандын жарандары коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасын "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесинен көрсөтүп өтүшү керек. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, Роспотребнадзордун токтомуна ылайык, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин жарандары, анын ичинде кыргызстандыктар да Россияга кирерде коронавируска ПЦР-тесттин терс натыйжасын "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесининен көрсөтүп өтүшү шарт. Бул эреже бардык жүргүнчүлөргө тиешелүү.

Тиркеме кандайча иштейт

Коронавируска ПЦР-тест тапшыруу үчүн жаран App Store же Google Play интернет-дүкөнүнөн "COVID-19 жок саякаттайм" тиркемесин көчүрүп алышы керек. Ал тест тапшырууга мүмкүн болгон жакынкы жердеги лабораториянын дарегин көрсөтүп берет. Лабораторияга барган кезде тесттин жыйынтыгын тиркеме аркылуу алуу ниетин билдирүү зарыл. Мындай учурда жаранга анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугун сураган бланка берилет. Бланкадагы QR-кодду мобилдик тиркеме аркылуу сканерлеп алуу кажет. Жүргүнчү учардан мурда тиркемеден тесттин жыйынтыгын бир карап, мөөнөтүн текшерип коюшу шарт (ПЦР-тестти учарга чейин 72 сааттан эрте эмес убакытта тапшырышы керек).

Учакка отургандан кийин жаран тиркеменин жардамы менен телефондогу QR-кодду көрсөтөт.

Система ЕАЭБ аймагында гана инфекциянын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында иштээри айтылды.

Белгилер:
жүргүнчү, тест, тиркеме, коронавирус, Россия, Кыргызстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID: дарылануунун жаңы протоколу чыкты, уу коргошун да жазылганбы?
Тапанчадан атып жаткан адам. Архив

Кара-Балтада аткыланган автоунаа. ИИМ жетекчилиги окуяны көзөмөлүнө алды

(жаңыланган 12:09 20.04.2021)
Арыздануучунун айтымында, түндө катуу чыккан үн угуп маани берген эмес. Эртең менен гана автоунаасы аткыланганын көргөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Балтада белгисиз адамдар автоунааны аткылап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББден билдиришти.

Бүгүн, 20-апрелде, саат 08:00дөр чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Б.Н. аттуу жарандын короодо токтоп турган унаасын белгисиз адамдар аткылап кеткени боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлерине 45 жаштагы Б.Н. түнкү саат 03:30дар чамасында катуу үн угуп, бирок маани бербегенин, эртең менен унаасын көргөндөн кийин гана милицияга кабарлаганын айткан. Toyota Camry үлгүсүндөгү унаага эки ирет ок чыгарылган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси ("Бейбаштык") менен иш козголду. Тергөөнү ИИМ менен ИИББ жетекчилери көзөмөлдөөдө.

"Окуяга эмне себептен милициянын жетекчилиги көңүлүн бурду" деген суроого ИИББдин маалымат кызматы буга ок атуучу куралдын колдонулганы себеп болгонун билдирди.

ЖМКлардын маалыматына караганда, автоунааны саясий партиялардын биринин лидери аткылап кеткен. Айрым маалыматтар боюнча, кеп "Элдик-Народная" партиясын жетектеген Назми Бадалова жөнүндө болуп жатат.

Белгилер:
кылмыш иши, милиция, ок атуу, автоунаа, Кара-Балта
Тема боюнча
КЭДП Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоо жарышынан четтетилди. Себеп