АКШ коронавируска вакцина изилдеп аткан лаборатория кызматкерлери. Архивдик сурөт

Вакцина наркы. Калктын саламаттыгынан капчыктын калыңдыгы артык болгондо...

179
(жаңыланган 15:42 08.12.2020)
Бүгүн, коронавирус күн сайын эки миңден ашуун америкалыктын өмүрүн алып кетип жатканда, саясий атаандаштары бул үчүн күнөөнүн баарын президент Трампка жүктөөдө.

Дооматтары — өлкө башчысы саламаттык сактоо тармагын кыйратып, калкты ооруканаларда жетиштүү орундар менен камсыздай албады, кезегинде COVID-19дун кооптуулугун туура баалабады.

Чындыгында кеңири калкка ылайыкталган америкалык медицинанын бүлгүнгө учурашы тээ 90-жылдары эле башталган. Дональд Трамп дал ошону жайлатууга тырышкан. Мисалы, ал америкалык "Биг Фарм" ишканасына ачык согуш жарыялаган. Бирок ал күрөштө жеңип чыгуу дээрлик мүмкүн болбоду. Америкадагы фармацевтикалык компаниялардын акыркы жылдардагы ишмердигине Виктория Никифорова сереп салган.

Бир топ жылдан бери америкалык саламаттык сактоо тутумунун эң башкы көйгөйлөрүнүн бири – дары-дармек баасы. Тагыраак, анын тынымсыз өсүшү өндүрүшчүлөрдүн ач көздүгү менен гана шартталган.

2015-жылы дүйнөлүк басма сөз бир ооздон Мартин Шкрелини жамандап чыгышкан. Айлакер фармацевт ВИЧке кабылгандар үчүн белгилүү дарыны чыгаруу укугун сатып алары менен баасын көтөрүп салган. Мурда 13,5 доллар турган дары 750 долларга чыккан. Шкрелини жылдын эң жек көрүнгөн адамы деп аташкан, бирок бул деле аны токтото албады. Баары бир ал ошол бойдон препарат наркын түшүргөн эмес.

Чындыгында мында бөтөнчө деле нерсе жок. Америкалык фармацевтикалык компаниялардын баары соңку убакта өтө тездикте дары-дармек баасын кымбаттатышкан. Болгону алар ызы-чуу жаратпоо үчүн бааны тымызын көтөрүшкөн. Маселен, белгилүү Novartis корпорациясы 2003-жылы рактан сакайтуучу дары чыгарышкан эле. 17 жыл ичинде ошол препараттын наркы 22 эсеге көбөйдү. Ушул тапта бир жылдык дарыланууга 123 миң доллар сарпталат.

Сейрек кездешүүчү кеселдерди дарылоого багытталган орфандык препараттарды өндүрүүчүлөр укмуштай киреше табышат. Жылдык дарылануу жарым миллион долларды чапчыйт.

2019-жылдын алты айында эле айтылуу Прозактын (антидепрессант) баасы 8,8 эсеге өскөн. Айрыкча өтө зарыл дары-дармектердин кымбатташы үрөй учурат.

Кадимки эле инсулиндин бир ченеми 2019-2019-жылдар аралыгында үч эсеге, тагыраак, 90 доллардан 330 долларга чейин өскөн. Медициналык камсыздандыруу инсулиндин баасын жабат, бирок эки миллиондой диабетиктердин эч кандай андай социалдык пакети жок.

Отуз алты жаштагы Лора Марстон BBC журналисттерине былтыр иштеген фирмасы жабылгандан кийин медициналык камсыздандыруусуз калган. "Тирүү калуу үчүн эле айына дарыланууга 2880 доллар сарптайм", – дейт ал.

Азырынча жумушка орношо элек, Марстон машинасын сатууга, пенсияга топтогон каражатынын баарын эң зарыл дары-дармегин сатып алууга жумшоого мажбур болгон.

Аргасы түгөнгөн адамдар инсулиндин бир жолку ченемин бир нечеге бөлүп, жеткирүүгө тырышып келишет. Көп учурда андай аракет ажалга жетелейт. 26 жашар Алек Смит медициналык камсыздандыруусу аяктагандан бир ай өтпөй 2017-жылы көз жумган. Смит күн сайын таңдан кечке дейре иштечү, ошентсе да анын бир айга инсулин сатып алууга каражаты жеткен эмес.

Антибиотиктердин ашкере кымбаттыгынан улам америкалыктар ветеринардык дарыларды сатып ала башташкан. Эң өтүмдүүсү – аквариумдук пенициллин. 1950-жылы эле өндүрүлө баштаган белгилүү антибиотиктин "адамга" ылайыкталган суспензиясынын флакону 2400дөн 2800 долларга чейин турса, башка аргалары барбы?

Анткен менен статистика кыймылсыз мүлктүн рекоррдук кымбатташын көз жаздымда калтыргандай эле дары-дармектин кескин кымбатташын да байкагысы келбегени кызык. АКШдагы инфляциянын расмий деңгээли мурдагыдай эле бир жарым пайыздын тегерегинде кармалат, бирок бул, албетте, реалдуулуктан алыс.

Кошмо Штаттардагы дары-дармектин жетишсиздигине байланышкан кырдаал абдан уникалдуу. Кеп мында дарынын баасында гана эмес, жергиликтүү фармацевтикалык компаниялар толугу менен рынокту энчилеп алып, чөнтөктү какпагыдай баада таблетка сатып алуунун мыйзамдуу мүмкүнчүлүгүн америкалыктардан алып коюшкандыгында.

Жергиликтүү рынок импорттук арзан женериктер (generic drug – фармацевтикалык, биологиялык жана терапиялык натыйжалуулугу оригиналы менен бирдей экени тастыкталган препараттар) үчүн жылчыксыз жабык. Жарандар чет өлкөлөрдөн бир аз дары алып келе алышат, бирок бул үчүн ошол препараттарга жазып берген рецеби болушу шарт. Дарыканада рецептисиз препарат сатып алуу мүмкүн эмес. Чет өлкөлүк интернет-сайт же социалдык медиадан дары сатып алууга тыюу салынат. Башкача айтканда, адам камсыздандыруусуз калса оор абалга тушугат, ал эми андай америкалыктардын саны кырк миллионду түзөт. Дарыканадан парацетамолдон башка дары сатып ала албайт.

Антибиотикти алып ичүү үчүн врачтын рецеби керек. Дарыгерге медициналык камсыздандыруусуз баруу үчүн чоң сумманы төлөөгө туура келет. Бейтаптын каражаты жок, акчасы болсо камсыздандырууну сатып алмактыр...

Медициналык камсыздандыруу деле көбүнесе препараттын баасынын бир бөлүгүн гана жабат. Ошондуктан америкалык бейтаптардын үчтөн бири дарыларды рецепт менен таптакыр сатып албоого аракет кылышат.

Америкалыктарды дары-дармек каатчылыгына рыноктогу көрүнбөс күч кептеген. Ал мамлекетти катыштырбастан эле дайым жарандардын капчыгын кагып келет. Өлкөдө препараттардын баасын жөнгө салуучу мамлекеттик мекеме жок. АКШда дары өндүрүшүн көзөмөлдөй турган жалгыз федералдык орган Азык-түлүк өндүрүмдөрү жана медикаменттердин сапатын санитардык көзөмөлдөө башкармалыгы (Food and Drug Administration) болуп саналат. Бирок фармацевтикалык компаниялар FDA менен маселелерин ийгиликтүү чечип алышкан. Дал келүүбү же башкабы, айтор качан болбосун, бул мекеменин башына өмүр бою ири фармацевтикалык компанияларда иштеген кишилер келет.

Бирок FDA мекемесинин да дары-дармек баасын көзөмөлдөөгө укугу жок. Быйыл фармацевтикалык компаниялардын ишмердигин иликтөөгө АКШ конгресси аргасыз болду. Анткени рынокто өкүм сүргөн адилетсиздикти жашырууга мүмкүн болбой калды. Бирок иликтөөгө анчалык ынтаа коюлган жок. "Биг Фармдын" америкалык сынчылары бул индустриянын өкүлдөрү өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана өз талапкерлерин өткөрүү үчүн саясатчыларды сатып алууга жыл сайын жүз миллиондогон доллар сарптаарын айтышат. Анан калса, алардын кызыкчылыгын башкаруучу эки – Демократиялык да, Республикалык партиянын да өкүлдөрү ишке ашырышат. Эки саясатчы гана фармацевтикалык компаниялар менен күрөшүүгө тырышты.

Демократ Берни Сандерс жана республикачы Дональд Трамп ушундай демилгелеринен улам өз партиялаштары тарабынан эле куугунтукка алынды. Кыязы саясий истеблишмент менен фармацевттерди чындап эле кандайдыр бизнес кызыкчылыктар байланыштырып турат өңдөнөт.

Ири маалымат каражаттарынын директорлор кеңешинде чоң фармацевтикалык концерндердин кеминде эле бир өкүлү болору тууралуу имиш бар. Ошондуктан журналисттер фармацевттердин бардык кылык-жоруктарына көз жуумп коюуга аргасыз. Балким бул жөн гана ушак кеп чыгар, бирок "Биг Фармдын" айыбын ачкан макалалар ири америкалык басылмаларда соңку жылдары чындап эле жарыяланган эмес. Болбосо кырдаалдын курчушу жетер чегине жетип калды.

Реалдуулук кандай көрсөтүлсө да катардагы америкалыктардын эң керектүү дары-дармекти сатып алууга дээрлик мүмкүнчүлүгү жоктугу чындык. Президент Трамп дал ушул коррупциялашкан тутумду талкалоого тырышты.

Анын төрт тарыхый жарлыгы дарыканаларга салыштырмалуу арзан канадалык женериктерди сатып алууга уруксат берди, инсулиндин баасын чектеди, Medicare (саламаттыкты камсыздандыруу боюнча улуттук программасын) дары-дармекти өндүрүшчүлөрдөн чет жактагы өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй баада сатып алууга милдеттендирип, препараттарды сатып алууда келишимге ортомчу болгон үчүнчү тараптын үлүштөрүнө тыюу салган.

Июль айында кол коюлган бул жарлыктар фармацевтикалык компаниялардын кыжырын кайнатпай койбоду. Ноябрда шайлоодогу көптөгөн мыйзамсыз аракеттер Трамптын жеңилишине алып келди. Буга ал анын кийинки мөөнөткө шайлануусуна жол бербөө үчүн миллиондорду салган дары өндүрүүчүлөрдү күнөөлөдү. Декабрда алар президенттик администрацияны июлдагы жарлыктардан улам сотко берди. Алардын сотто утуп чыгары да ажеп эмес.

Эгер Трамп акыры кете турган болсо, өлкөдө дары-дармек кол жеткис нерсеге айланары турулуу иш. Андай абалдан эми америкалыктарды эч нерсе сактай албайт. Коронавируска каршы эмдөө жөнүндө ооз ачпай деле коелу.

АКШ бийлиги Россия тарабынан сунушталган Спутник-V вакцинасынан караманча баш тартканы түшүнүктүү. Америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасына өз вакцинасын иштеп чыгып жаткан жергиликтүү фармацевтикалык компаниялар ошол эле жарандарды кайра "ата мекендик гана" дарыны сатып алууга мажбурлашат.

Ал эми ал вакцинанын наркы канча болору али белгисиз. Болгону АКШ бийлигинин ал баага таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү да, каалоосунун да жоктугу гана айкын.

179
Белгилер:
Дональд Трамп, жарлык, компания, вакцина, коронавирус
Тема:
"Спутник V" вакцинасы (91)
Тема боюнча
Дарыгер коронавирустун эң көп учураган кесепети тууралуу айтты
Өспүрүм кыз коронавируска кабылганын түз эфир учурунда билген. АКШдагы окуя
Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын Кайрат клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов. Архив

"Кыргызстандык Месси" Казакстанда керемет гол киргизди. Видео

118
(жаңыланган 19:08 03.03.2021)
Гүлжигит Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп гол киргизген.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу, Казакстандын "Кайрат" клубунун футболчусу Гүлжигит Алыкулов кезектеги кооз голу менен өзгөчөлөндү. "Кыргызстандык Месси" Казакстандын кубогу мелдешинде "Тобол" клубу менен беттеште киргизген голунун видеосун КРдин футбол союзу Instagram баракчасына чыгарды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Алыкулов беттештин 90-мүнөтүндө командасы 2:3 эсебинде утулуп жатканда атаандашын буйтап өтүп, алыстан дарбазанын так бурчуна таамай тээп, керемет гол киргизген. Дарбазачы кыргызстандык футболчунун соккусуна эч кандай каршылык көрсөтө алган эмес.

Буга чейин ал командалашына ыңгайлуу голдук пас чыгарып берген.

118
Белгилер:
Казакстан, гол, кооз, Гүлжигит Алыкулов, футбол
Тема боюнча
Чимирилип тээп. УЕФАнын Чемпиондор лигасындагы суктанткан голдун видеосу
Эки жылдык тыныгуудан соң Бишкекте футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Йемендик козголоңчу-хути Санадагы мечиттин алдында жолдошторун акыркы сапарга узатууда. Архив

АКШ саудиялыктарды жазалоону чечти. Мындан Россия менен Иран утабы?

143
Сауд Аравиясы Кошмо Штаттар менен болгон алакасынын оор дооруна кептелчүдөй. АКШнын Улуттук чалгындоо кызматы 2018-жылы журналист Жамаль Хашукжинин өлтүрүлүшү жөнүндөгү докладын жарыялагандан кийин Ак үй жаңы стратегиясын чыгарды.

Америкалыктар Йемендеги согушту токтотууну жана адам укуктарын коргоону талап кылууда. Вашингтон канчалык чектен ашары жана Эр-Рияд тарабынан ага кандай жооп кайтарыларына Софья Мельничук, Галия Ибрагимова сереп салган.

"Санкцияланбаган" ханзаада

Күтүлгөндөй эле кезектеги билдирүүлөр америкалык бийликтин көз карашын гана толуктады. АКШ Мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкен 76 саудиялык жаранга визалык чектөөлөр боюнча маалымдады. Алар "чет өлкөдөгү диссиденттерди коркутууга, анын ичинде Хашукжинин өлүмүнө катыштыгы бар" деп шектелет. Жеке санкциялар аталган мамлекеттин Жалпы чалгындоо кызматынын жетекчиси Ахмад аль-Асириге да берилген.

АКШнын Чалгын кызматынын докладында саудиялык бийликтин сынчысы, The Washington Post авторунун ырайымсыздык менен өлтүрүүгө мураскер ханзаада Мухаммед ибн Салмандын да тиешеси бар. Анын макулдугу менен журналистти Сауд Аравиясынын Стамбул шаарындагы консулдугунун имаратынан уурдап кетишкен. Кийин анын сөөгүн жиликтеп салышканы айтылат, андан аркысы эч кимге белгисиз. Королдуктун Тышкы иштер министрлиги бул айыптоолорду таптакыр четке какты. Жаңы президент Жо Байден шайлоо убагындагы дебаттарда Эр-Риядды кодулай турганын убада кылганы менен мураскер ханзаадага жеке санкциялар салынган эмес. Бул күдүк ойлорду жаратат.

"Менимче, бир адам менен эмес, бүтүндөй өлкө менен алака артыкчылыктуу экенин түшүнүү зарыл", — дейт Блинкен. Анын айтымында, администрация Сауд Аравиясы менен мамиле кайра каралат, бирок алар баары бир маанилүү, АКШ аларга өзгөчө кызыкдар.

"Биз королдукту коргоону жактайбыз", — деп кошумчалайт Блинкен. Ал түшүндүргөндөй, Эр-Рияд көбүнесе Кошмо Штаттардын көздөгөнү жана баалуулуктарына жооп берчү.

Мамкатчы Эр-Рияддын америкалыктардан алып жаткан жардамын, Йемендеги кырдаалды ажырата билүүсү Ак үй үчүн принципиалдуу экенин баса белгиледи. Саудиялыктар ал жакта хуситтердин шииттик кыймылына каршы президент Абу Рабу Мансур Хадинин өкмөтүн колдоп келет. Вашингтон америкалык куралды үчүнчү өлкөлөрдөгү согуш талаасында колдонулбаганын ырастап алгысы келет.

Чабуулдан коргонуу

Америкалыктардын мунайды королдуктун коргонуу багытын камсыздоо милдеттенмеси менен алат, эки өлкөнүн мамилеси ушуга негизделген. Сауд Аравиясы — америкалык курал-жаракты сатып алуучулардын эң ири өкүлү. Өнөктөштүк эки тараптын тең стратегиялык кызыкчылыктарын камсыз кылат. Бирок демократия, адам укуктары өңдүү баалуулуктар маселесинде мамлекеттер эки башка көз карашта. Барак Обаманын президенттигинин акыркы жылдарында союздаштык "пикирлердин ажырымына" тушуккан. Салмандын жеке кеңешчиси мамилени дал ушундай мүнөздөгөн. Алар Сауд Аравиясынын чөлкөмдөгү негизги атаандашы Иранга болгон АКШнын багытына да тиешелүү эле.

Эки өлкөнүн чалгындоо кызматтары коопсуздук тармагында ийгиликтүү кызматташып келсе да, монархияны сындагандар менен күрөшүүдөгү саудиялык ыкмалар Кошмо Штаттарга жаккан эмес. Ага йемендик көйгөй да кошул-ташыл болду.

Ак үй америкалык курал пайдаланылган деп болжонгон согуштук аракеттердин курмандыктарынын санына тынчсызданган. Бийликке Дональд Трамптын келиши менен мамиле жакшырып калган. Болбосо ал кызматына киришкенче жакынкы чыгыштык өнөктөшүн анчалык жактырбай, королдуктун "күйөрманы эмес экеним анык", "Кошмо Штаттар саудиялык террорчуларга кол кабыш кылбоого тийиш" деп келген. Кандай болсо да, Трамп алгачкы расмий сапарын дал Эр-Рияддан баштаган. Анын мөөнөтү аяктаган АКШ Мамдепартаменти хуситтерди террордук уюм деп тааныган.

Мураскер ханзаада менен экс-президенттин ортосундагы жакын мамиле көбүнесе анын күйөө баласы жана кеңешчиси Жаред Кушнер аркылуу түзүлгөн. Хашукжинин өлүмү жөнүндөгү доклад мурунку администрациянын тушунда эле даярдалган, болгону аны жарыялашкан эмес.

"Трамп Вашингтондун милдеттенмелерин азайтуу үчүн союздаштарын инвестициялоого басым жасаган. Өнөктөштөрү, анын ичинде Сауд Аравиясы дагы көбүрөөк курал сатып алып, чөлкөмдөгү окуяларга жоопкерчиликти алууга тийиш болчу", — деп түшүндүрөт Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун алдындагы Перспективдүү америкалык изилдөөлөр борборунун директору Максим Сучков. Кошмо Штаттар бул вазыйпа үчүн аларды аскердик-саясий жактан калкалап, союздаштарынын маанилүү демилгелерин кубаттап келген.

"Азыр Трампты жектегендер эмне гана дешпесин, мамилелердин ушундай формуласын эки партия тең кабыл алган. Хашукжинин өлүмүнөн кийин демократтар республикачыларды сындап жатып калган. Сауд Аравиясындагы адам укуктарынын бузулушуна көз жумуп, Йеменде саудиялыктардын жана алардын союздаштарынын ырайымсыз операциясын этибарга алышкан эмес деп айыпташкан. Болбосо аны Обаманын тушунда демократтар өздөрү кубаттап, президент Кушнердин күйөө баласы менен мураскер ханзааданын ортосундагы "жылуу мамиле" үчүн жемелешкен эле", — деп эскерет Сучков. Бул Мухаммед ибн Салмандын жазасыз каларына, кандай маселе болбосун Вашингтон менен акча аркылуу чече аларына ишендиргенин белгилешкен демократтар.

Жаңы администрациянын келиши менен бул багыт өзгөрөрүн болжошкон, алар күткөндөй эле биринчи кадамдар жасалды. Байден Йемендеги чабуул коюучу операцияларды колдоону, анын ичинде курал экспорттоо эсебинен кол кабыш кылууну токтоторун кабарлады. Былтыр декабрда кол коюлган макулдашуулар боюнча 290 миллион долларга үч миң GBU-39 таамай тийчү бомбаны, ошондой эле 478 миллион долларга жети миң Paveway IV бомбасы берилери маалымдалган. Ак үйдүн чечими бул келишимдерге да таасир этет.

Вашингтон Йемен жаңжалын дипломатиялык жол менен чечерин жарыялады. Андан тышкары, февралда хуситтерди террордук топтордун тизмегинен чыгарышты.

Жаңы бурулуш

Анткен менен эки өлкөнүн мамилелеринин толук кайра каралышы жөнүндө айтууга болбойт деп боолголошот эксперттер. "Тилдешет, жемелешет, бирок кызматташуу кайра каралбайт", — деп эсептейт Жакынкы Чыгыш боюнча адис Алексей Хлебников. Анын айтымында, стратегиялык планда эч нерсе өзгөрбөйт.

Эл аралык иштер боюнча Россиялык кеңештин жакынкы чыгыштык долбоорлорунун менеджери Руслан Мамедов да ушундай пикирде.

"Обаманын убагынан бери эле америкалыктар энергетика жаатында өстү, дүйнөдө мунай казуу боюнча алдыга чыгып, бул багытта Сауд Аравиясынан мурдагыдан азыраак көз каранды, — дейт эксперт. — Жаңы администрациядагы айрым адамдар АКШнын тышкы саясаты боюнча башкача көз карашта. Алар чөлкөмдөгү бир нече державага таянуу менен бир аз колун бошотуу үчүн тышкы саясатын кайра тең салмактап чыгууну жакташат".

Мамедов аймак ичиндеги абал көбүнесе ирандык өзөктүк келишимдерге жараша болот деп эсептейт. Эр-Рияд — Тегеран менен болгон мамиледе АКШнын негизги өнөктөштөрүнүн бири. Эгер Сауд Аравиясына алар тараптан катаал чара көрүлсө, мындан автоматтык түрдө Иран утат. Хашукжинин өлүмүнө тиешеси барларды жазалоо үчүн Кошмо Штаттар мындай тобокелдикке барбасы анык.

Соңку он жылда чөлкөмдө бир нече окуя болду. Тунис жана Египеттеги толкундоолор, кийин Египеттеги төңкөрүш... Ушундан кийин Каирге америкалык аскердик жардам убактылуу токтотулган. Акыркысы Иран менен түзүлгөн келишим. Мунун баары "королдукту, анын ичинде Сауд Аравиясын, мисалы, Россия жана Кытай өңдүү ири державалар менен дипломатиялык алакаларын диверсификациялоого жана байланышты чыңдоого түрттү" деген пикирде саясат таануучу Алексей Хлебников.

Москва да Эр-Риядга курал-жарак сатат: 2019-жылы алгачкы партиялары берилген. Ал эми бул туурасында эки тарап 2017-жылы макулдашкан. Ошондо королдук Россия менен ТОС-1А оор огнемёттук тутумдары, "Корнет-ЭМ" танкка каршы коргонуучу комплекстери, АГС-30 гранатомёттору жана АК-103 Калашников автоматтарын сатып алуу жана өндүрүштү уюштуруу жөнүндө меморандумга кол коюшкан. 2021-жылдын башында саудиялыктар россиялык С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин жана Су-35 истребителин сатып алары мүмкүн экени айтылган.

Эксперт Мамедов: "Эр-Рияддын Москва менен мамилесинде ОПЕК+ келишиминин таасирин да эске алуу кажет. Бул эки тарапка тең көп каражат табууга мүмкүндүк түзгөн. Абдан прагматикалык өңүт, баары өз энчисиндеги пайдасын алат", – дейт. Анткен менен Владимир Путиндин Сауд Аравиясына же король Салмандын Россияга иш сапарлары көп учурда Вашингтон менен оюндарда инструмент катары каралат.

Монархия америкалыктарга чөлкөмдө көйгөй жаратуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ экенин белгилейт Мамедов. Бирок түпкүлүгүндө баары АКШ Эр-Рияд үчүн өтө маанилүү экенин, ал эми мындай аракеттер – көңүл бурдуруунун ыкмасы гана экенин түшүнүшөт. "Сауд Аравиясындагылар Кошмо Штаттар менен болгон мамиле Ак үйдө азыр кимдер отурганына жараша эмес, эки мамлекеттин байланышы фундаменталдуу. Ондогон жылдардан бери түптөлүп келген, кандай солгундоо болбосун туруштук бере алат", — деп бүтүмүн билдирет эксперт.

Өнөктөштүктүн үзүрү да байкалат, саудиялыктардын каймактары дээрлик бүт АКШда билим алат, сауд риалы долларга байланган, курал-жарак жана аскердик билим берүү негизинен америкалык болуп саналат. Булардын баарын өзгөртүүгө бир топ жыл талап кылынат. Ошондуктан тышкы байланыштардын диверсификациясы тек гана көп полярдуу жаңы дүйнөнүн талаптарына жооп берчү тактикалык жүрүш, көп тараптуу багыт болсо керек.

143
Белгилер:
санкциялар, жаза, АКШ, Иран, Россия, Сауд Аравиясы
Тема боюнча
Америкалык Patriot Сауд Аравиясына коюлган чабуулдан коргой албады
Кыргыз опера өнөрүндөгү өзгөчө үндүү тенор, СССРдин эл артисти, профессор Токтоналы Сейталиев. Архив

Ит-мышык менен коюндашып жетим өскөн. Легендага айланган Сейталиев тууралуу 9 факты

0
(жаңыланган 20:07 03.03.2021)
Быйыл кыргыз маданияты жана опера искусствосу оор жоготууга учурады. Республикада опера ырчыларынын арасында экинин бири аталган, алтын көмөкөйлүү ырчы Токтоналы Сейталиев көз жумду.

Убагында Сейталиевдин талантына суктанган дүйнөлүк маданияттын дөө-шаалары аны булбулга теңешкен. Жакынкы өлкөлөр гана эмес, алыскы Швейцария өңдүү мамлекеттерден да иштөөгө чакыруулар түшкөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз опера өнөрүндөгү өзгөчө үндүү тенор, СССРдин эл артисти, профессор Токтоналы Сейталиевдин өмүрүндөгү урунттуу учурларга токтолду.

Өмүр баяны. 1937-жылы Чүй облусунун Панфилов районунун Жайылма айылында карапайым колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. Эмгек жолун колхоздо иштеп баштап, 1956-1957-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган. 1957-1962-жылдары № 15 Фрунзе жумушчу жаштардын кечки мектебинде окуу менен бирге хор артисти болуп иштеп жүрүп, 1960-жылы окууну аяктаган. Андан кийин 1962-1969-жылдары Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун (Алма-Ата шаары, Казак ССРи) вокал факультетин бүтүргөн (азыркы Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик консерваториясы). Казакстанга окууга кетип жатканда ошол кездеги маданият министри Күлипа Кондучалова "кайра келесиң, калып калба" деп айткан экен.

Алматыдагы консерваториянын профессору, Казакстандын эл артисти Бекен Жилисбаев Сейталиевди бир көргөндө эле "ой, бул алтын үндүү ырчы турбайбы. Сейталиев консерваторияга булбул болуп келди, булбул болуп кайра кетти. Мен аны бузган жокмун, калганы өзүнүкү" деп айткан жайы бар. 1969-жылы Казакстандан кайтып келгенден кийин Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында солист болуп эмгектенген. 1969-2013-жылдар ичинде операнын солисти, алдыңкы сахна чебери, Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-класстын жетекчиси болгон. 1995-2015-жылдар аралыгында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториянын жеке ырдоо классында иштеген.

 Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев с супругой. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Сейталиевых
Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев

Ит-мышык менен коюндаш өткөн жетимчилик. Токтоналы Сейталиевдин бала чагы абдан оор болгон. Белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин айтымында, Сейталиев 7-8 жашында эле томолой жетим калып, бир туугандары да жок, жалгыздыктын азабын жакшы эле тартыптыр.

"Токтанаалы Сейталиевич аксакалды кыргыздын жүзү, кыргыз ырчыларынын атасы десек болот. Бул кишинин тагдыры, басып өткөн жолу өтө кейиштүү, экинчи жагынан өкүнүчтүү окуялар менен да коштолот. Негизинен апасы көп бала төрөгөнү менен арасынан эр жетип чоңойгону жалгыз Сейталиев болгон экен. Бала кезинде ата-энеси эки кулагына сөйкө тагып, мурдун да көзөп аман-эсен жүрсүн деп ырымдашат. Кичине кезинен көзү да жакшы көрчү эмес экен.

"Апам менен атам өлүп, үйдө жалгыз калдым. Кенедей кепе, үй ичинде эч кандай оокат жок. Болгону эки ит жана бир-эки мышык бар. Төшөнчү да жок, самандын үстүнө жатып уктап калам. Эки итим болсо эки жагыма, мышыктар төшүмө жатып алчу. Ошентип ит-мышык менен чогуу чоңойгом. Эртең менен мен турган кезде алар да туруп кетчү", — деп айтып калчу байкуш киши. Бирок деги бир суук тийип, оорубаптыр. Анын башынан өткөнүн айтып отурса, уккан адам ыйлачу", — деди Асаналиев.

Токтоналы Сейталиев негизинен чечен улутун жакшы көрчү экен. Анткени чечендер анын жону катуу жокчулук коштогон, ичсе тамакка, кийсе кийимге жетпей жүргөн бала чагында көп жолу тамак-ашын берип, каралашыптыр. "Токтоналы ага бир аз эс тартканда айылына келген чечендер менен иштешип калат. Аларга "араба түртүшүп жардам берип жүрчүмүн. Чечендер хор менен көп ырдачу. Анан өздөрүнүн ырларын өздөрү ырдай албай калар эле. Ырдап келип эле жогорку ноталарды ала турган жерине келгенде мени карап калышчу. Андан ары мен созуп кетчүмүн" деп көп эскерчү", — деди Асаналиев.

Окууга тапшыруусу. Жетимчилик, жокчулук менен жүрүп окууга өтүүгө жашы да өтүп калган маалда опера ырчыларына сынак болгонун угуп, капыстан эле опера дүйнөсүнүн босогосун аттап калат. "Бир күнү бир жерден опера-балет театрына таланттуу жаштарды алып жатканын угуп калып, "окууга кетип жатам" десе айылдаштары эптеп колдо болгон аппак материалдан көйнөк-дамбал тигип беришип, азык болсун деп чоң түйүнчөккө ун салып жөнөтүшөт. Анан ошол унду көтөрүп алып театрдын эшигинин алдына келсе, аппак дамбал кийген, кулак-пулагынын баары тешик, чачы-башы өскөн "немени" имараттын ичине киргизбей коюшат. Айла жок эшикте турса ошол экзамен ала тургандардын бири көрүп калып, келген себебин сурайт. "Ырчы болууну каалайм. Келсем, эшиктен киргизбей жатат" деп бул киши жөнүн айтса тиги киши киргизип коёт. Ошентип кезегин күтүп карап отурса, сынакка келгендер улам ырдап чыгып кетишет. Арасында кыйраткан деле эч кимиси жок. Бир маалда комиссия "эч ким калган жокпу? Баары ырдап бүтүштүбү, эми жыйынтыгын чыгаралы", — деп сураганда: "Мен бармын", — деп чыгат.

"Чакырганда унду бирөө көтөрүп кетчүдөй болуп, аны кошо алып кирдим, сахнада да капкара болгон рояль туруптур. Барып, анын үстүнө унду койсом эле "буф" этип бети-башымдын баары агала болуп эле жатып калдым. Анан өзүм айылда ырдап жүргөндөй эле бакырып-өкүрүп ырдасам баары оозун ачып калды. Ошентип өтүп кеткем. Кийин Сайра Кийизбаева жанына чакырып, кайдан болосуң деп сураштырып отуруп, ата-энем жогун да билди. Өмүрүмдө биринчи жолу адамдардан ошондо камкордук көргөм. Сайра Кийизбаева ата-энеси жок балдарга жардам берүүчү фонддорго жаздыртып, костюм-шым, кийим-кечемди алып беришип, жата турган жеримди да даярдап берди. Ошентип кудайдын барманы менен окуп калдым", — деп кеп кылчу", — деди Асаналиев.

Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев

Чыгармачылыгы. Токтоналы Сейталиев 50 жылдык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, Вердинин "Дон Карлос", Пуччинин "Жанни Скикки" (Ринуччо), Доницеттинин "Любовный напиток" (Неморино), Бойтонун "Мефистофель" (Фауст), Гунонун "Фауст" (Фауст), Мусоргскийдин "Борис Годунов" (Юродивый), Вердинин "Риголетто" (Герцог), "Травиата" (Альфред) жана башка дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган. 

Ал 1970-80-жылдары Азербайжан, Грузия, Латвия, Литва, Орто Азия жана Казакстан республикаларындагы жеке концертин активдүү коюп, советтик артисттердин концерттик бригадаларынын курамына кирип, Болгария, Польша, Сирия, Түркия, Алжир, Монголия, Швеция, Дания, Швейцария, Кипр, Иордания жана Японияга барган. Опералык ариялардан тышкары Сейталиевдин камералык репертуарына кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген. Бойтонун "Мефистофель" операсын Асанкан Жумакматов Болот Миңжылкыев жана Токтонаалы Сейталиев үчүн койгон экен. 1984-жылы Москвада өткөн кыргыз маданиятынын күндөрү иш-чарасына Кыргызстандан "Мефистофель" операсын да алып барышат. Бул тууралуу Кыргыз эл артисти Сталбек Алмасбеков: "Москвадагы "Большой театрдын" залында алдыңкы катарда Болот Миңжылкыев менен австриялык жана советтик опера ырчысы Владимир Атлантов отурган болот. Ошондо Миңжылкыев Атлантовго тамашалап: "сен "до" нотасын алганда бир орундан кыймылдабайсың. Ал эми биздин Сейталиев "до" нотасын алганда бир колун өйдө көтөрүп алып сахнада басып жүрө берет" десе, Атлантов таарынып калат. Көп узабай сахнадан "Мефистофель" тартууланып Сейталиев "до" нотасын алып, сахнанын аркы башынан берки учуна чейин басып келди. Негизи мындайда басмак турсун, кыймылдай албай каласың. Эл укмуш кабыл алды. Жыйынтыгында дүйнөлүк маданият өкүлдөрү биздин өлкө тууралуу абдан жакшы ойдо калганын айтып, "Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги эки опера ырчысы бар экен" деп, Миңжылкыев менен Сейталиевди белгилешкен", — деди телеге берген маегинде.

Алматы консерваториясында легендага айланганда. Мурда консерваториянын алдындагы эки жылдык даярдоо курсунда эле окуган Сейталиев профессионалдуу түрдө билим алуу үчүн Алматыга барып, атактуу опера ырчысы Бекен Жилисбаевдин классына кирип, ал кишинин колунда жети жыл сабак алган. Алар 1969-жылы окууну аяктаган алтын үндүү Сейталиевдин Казакстанда калып иштөөсүн суранышкан. Бирок улуу талант мекенине кайтып келе берген.

"Аскар Акаев президент болуп турганда Казакстандын камералык жана опера ырчысы Алибек Днишев келип, филармонияда концерт берди. Ошондо Токтоналы аке татынакай кийинип, кыпкызыл бабочкасын тагынып алып, бир кучак гүлүн көтөрүп сахнага чыгып куттуктаган. Аны көргөн Днишев: "Токтоналы Сейталиевич, азыркы убакка чейин Алма-Ата консерваториясында сиздин ырдаганыңыз, окууну кандай бүткөнүңүз легенда болуп айтылып жүрөт. Сиз окуп бүткөндөн кийин артыңыздан далай эле таланттар чыкты, бирок сиздей уламышка айланган бирөө да жок. Азыркыга чейин айтыласыз", — деп айткан", — деди Токтобек Асаналиев.

 Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев с дочерью и супругой. Архивное фото
© Фото / из семейного архива Сейталиевых
Народный артист СССР, лауреат премии имени Токтогула Сатылганова, профессор Токтоналы Сейталиев

Тамашакөй адам. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Кайымбек Кускаков жергиликтүү телеканалдардын бирине берген маегинде Сейталиевдин тамашакөйлүгүн эскерет.

"Театрда коллективдин ар кандай жыйындары өтүп турчу. Атын атабай эле коёюн, ошол кездеги маданият министри келип, жыйынга катышып калды. Чынын айтуу керек, өтө орой жана кекете сүйлөгөн адам экен. Аябай сүрүн көрсөттү. Бир кезде Токо (Токтоналы Сейталиев — ред.): "ай, ушу сенин үнүңдүн тембри аябай жакшы экен. Солист болуп бизге жумушка кирбейсиңби", — деди эле, театрдагы артисттердин баары "дуу" күлүп жиберишти. Отургандарды күлдүрүп, кайра заматта ыйлатып коё ала турган адам болчу. Өзүнүн 80 жылдыгында Током сахнада аябай жакшы сүйлөп, өткөн өмүрүнүн кызыктуу ирмемдерин айтып элди күлдүрүп, кайра "байкушум" деп байбичеси раматылык Гүланда (Гүланда Иманалиева — ред.) эжени эскерип, залда отургандарды ыйлатты", — деди Кускаков.

Үй-бүлөсү. Токтаналы Сейталиевдин чыгармачылыгынын ушундай бийик деңгээлге жетишине жубайы Гүланда Иманалиеванын ролу чоң болгон. Жолдошу Токтоналы Сейталиевдин аткарган ар бир партиясын жатка билгендигин үй-бүлөгө жакын адамдар айтышат. Консерваторияда Сейталиев вокалды окутса, жубайы маданияттан сабак берчү. Өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде жубайы борбордогу атайын ооруканага жатып, катуу болуп калганда эле Токтоналы аганын да акыбалы начарлаганын кесиптештери эскеришет. Жубайы мындан үч жарым жыл мурда каза болгон. Эки талант эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Кызы Гүлмира Сейталиева Петр Чайковский атындагы Москва консерваториясын аяктайт. Кыргызстанда ага чейин аталган окуу жайды Айсулуу Токомбаева гана бүтүргөн. Азыр ал кызы Дубайда жашап, маданият чөйрөсүндө эмгектенет.

Сыйлыктары. Көп жылдык чыгармачыл ишмердигинде ал ардактуу жана илимий наамдар, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктар, ошондой эле өкмөттүк сыйлыктарга татыган. 1995-жылы жеке ырдоо кафедрасынын профессору илимий наамы, Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору, 1993-жылы Эл аралык "Алтын көпүрө" (Казакстан) сыйлыгынын лауреаты, Россия Федерациясынын Илим, жогорку билим берүү жана техникалык саясат министрлигинин Жогорку билим берүү комитетинин чечими менен ырдоо кафедрасында доценттин илимий наамы, 1972-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, 1984-жылы СССРдин эл артисти ардактуу наамдары жана 1981-жылдагы концерттик программалары үчүн 1982-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

Каза болушу. Легендага айланган профессор Токтоналы Сейталиев узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

0
Белгилер:
ыр, театр, сахна, Токтобек Асаналиев, Болот Миңжылкыев, опера, Токтоналы Сейталиев
Тема боюнча
Атасыз балалык, автоунаа минбеген дирижёр. Асанкан Жумакматов тууралуу 5 факты
Атасы "маскарапоздун окуусу" деп жактырган эмес. Насыр Давлесов тууралуу 8 факты