Ереванда оппозиция митингге чыгып, Пашиняндын отставкасын талап кылууда

© Sputnik / Андраник Казарян / Медиабанкка өтүүАрмениянын борбору Ереван шаарында оппоцизиялык митинг
Армениянын борбору Ереван шаарында оппоцизиялык митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл Никол Пашиняндын Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлеринин ортосундагы Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол койгонуна нааразы болуп жатат.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Армениянын борбору Ереван шаарында оппозициялык маанайдагы жарандар митингге чыгып, премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Нааразычылык акциясына чыккандар көчөлөрдү жаап жатышат. Ошол эле учурда полиция митингге катышкандардын айрымдарын кармап жатканы кабарланды.

Эске салсак, Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген.

Ага ылайык, Агдам району менен Газах районундагы аймак 2020-жылдын 20-ноябрына чейин Азербайжанга кайтарылган. Ошондой эле Арменияга 15-ноябрга чейин Кельбаджар районун, 1-декабрга чейин Лачын районун Азербайжанга өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн. Мындан улам армениялыктар өкмөт башчыга каршы чыгып, отставкасын талап кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0