Пандемиядан кийин дүйнөдө өндүрүш качан калыбына келери айтылды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЗавод кызматкери. Архив
Завод кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, дүйнөлүк экономиканын калыбына келишине жылдар талап кылынат. Ошондо дагы бардык мамлекеттер жана секторлор тегиз бутуна тура албайт.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча өндүрүштүн көлөмү пандемияга чейинки абалына эки-үч жылдан кийин келет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын башчысы Дэвид Мэлпаска шилтеме берип "Известия" жазды.

"Кытай калыбына келе баштады. Бул нерсе түндүк-чыгыш Азияга да таасирин тийгизет. Ал тургай анын аркасы менен Япония акырындык менен оңолуу жолуна түштү. Ал эми жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн экономикасы күчтүү мамлекеттердин батыраак бутуна туруп алганы маанилүү. Анткени алардан ар тараптуу көз каранды", — деди Мэлпас.

Буга чейин Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму 2020-жылы дүйнөлүк ИДПнын көлөмү 4,2 пайызга түшүп кеткенин божомолдогон. Адистердин айтымында, дүйнөлүк экономиканын калыбына келишине жылдар талап кылынат. Ошондо дагы бардык мамлекеттер жана секторлор тегиз бутуна тура албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0