"Калптын казанын кайнаткан министрлик". Европа РФке каршы күрөштүн "аргасын" тапты

© AP Photo / Virginia MayoФлаг Евросоюза
Флаг Евросоюза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европа Россияга катаал жана аеосуз санкциялар менен кайрадан "сөөмөй кезеп" жаткан кези. Бул ирет COVID боюнча туура эмес маалымат тараткандыгы үчүн берилери Еврокомиссиянын докладында айтылат.

"Демократия жаатындагы иш-аракеттер планы" деген аталыштагы документ өткөн жумада Брюсселде юстиция маселелери боюнча еврокомиссар Вера Юрова тарабынан тааныштырылды. Ал европалык демократияга каршы Россия менен Кытайдын чабуулдары эми "жазасыз калбай" турганын билдирди. Себеби докладдын негизинде келерки жылга аталган "күнөөкөрлөрдү" болжолдуу түрдө жазалоону максат кылган мыйзам демилгеленүүдө. Европанын бул аракетинин тегерегинде серепчи Владимир Корнилов ой толгогон.

АКШнын жаңы шаланган президенти Жо Байден. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байден АКШны Европанын "камчысын чаптырабы"?
Батыштагы расмий өкүлдөр демократиянын негиздерин бузган жана COVID-19 эпидемиясына каршы жалпы европалык күрөшкө доо кетирген туура эмес маалыматтарды таратууга РФти айыптаганы алгач ирет эмес. Жазында эле Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров буга: "Коронавирустун айланасындагы көрүнүштөргө тиешелүү жалган маалыматтар биздин өлкөлөр тарабынан таратылып жатканы боюнча Европа тышкы саясий кызматынын билдирүүлөрүнө пикир айтканым натуура. Анткени муну тастыктай турган бир дагы факт жок, бизге да көрсөтүлбөдү.

Чындыгында фактыларды талап деле кылбайбыз. Батыштык кесиптештерибиз россиялык же башка бир коркунуч боюнча ойдон чыгарылган айыптоолорун бириктирип турган мотивдерди табууга аракет жасашчу болду", – деп таң калган.

Ар кандай ишмерлердин билдирүүлөрү болсо бир жөн эле, ал эми бул жолу Еврокомиссия мыйзам демилгеси даярдалышына негиз болгон доклад менен чыкты. Ошондуктан Европага карата РФтин "жаза тайган учурларын" далилдөөчү базасы менен таанышып чыгуу биз үчүн кызык болду. Көрсө коронавирус менен күрөштөгү европалык аракеттерге каршы "Россия менен Кытайдын бүлгүн салуу иштеринин" тек далили – Евробиримдиктин чуулгандуу "маалыматтык спецназы" East Stratcom Task Force отчету экен. Ал – Тышкы саясий ишмердик боюнча европалык комиссиянын атайын РФке каршы маалыматтык согуш үчүн уюштурулган расмий бөлүмү. EUvsDisinfo ресурсунда "кремлдик жалгандардын базасын" топтогон бул структуранын өзүнүн да бир нече ирет калпы ашкереленген.

Ал эми анын "эксперттери" чектен чыгып, россиялык маалымат каражаттарын айыптагандай эч далилсиз Евробиримдиктин өз массмедиасына "кремлдик" деген лакап тагууга батынганда Нидерланддар парламентинин депутаттары ал кызматтын жабылышын талап кылышкан.

"Маалыматтык спецназ" андан сабак алып, ошондон тарта Батыш Европанын маалымат каражаттарына тийишпей калган. Бирок анткен менен анын ыкмалары ошол бойдон: РФ туурасында жазмай адатын такыр калтырбайт. Эми ошол шектүү антироссиялык структуранын отчету – жаңы санкцияларга жол ачкан жападан жалгыз далил.

Еврокомиссиянын докладында EUvsDisinfo базасында "COVID-19 боюнча кремлдик жалган маалыматтар 500дөн ашканы" айтылат. Ал эми "маалымат спецназчылары" аларда мындай мисалдардын саны 640тан көп экенин, кыйратуу кампаниясы өз үзүрүн берип жатканын, анткени ишенчээк европалыктарга бул коркунуч туудурарын белгилешет. Буга "Британиянын жарандарынын үчтөн бири аракты колду тазалоочу санитайзер ордуна пайдаланууга болоруна ынанышат" деген фактыны мисал келтирилет.

Арак (!), албетте, орустарды айыптоо үчүн андан башка далилдин кереги барбы?! Британиялыктарды алардан бөлөк ким мындай ойго ишендирсин?

Саммит лидеров G20 онлайн - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус G20 саммитин бузду. Батыш башканын вакцинасын батырбайт
Еврокомиссия негиз кылып алган ошол базанын маалыматтары көбүнесе Россияга эч кандай тиешеси жок жеке пикир жана ресурстарга шилтемелерден турат. EUvsDisinfo кызматынын өзүнүн маалыматтары абдан субъективдүү жана чындыкка дегеле коошпойт. Алар EUvsDisinfo "кремлдик" деп аныктаган пикирди РФтин мамлекеттик маалымат каражаттары сынга алып келерин көрмөксөнгө салып, укмаксан болушат.

Жалган маалыматтарга каршы күрөшкөн европалыктар кайсы бир жеке YouTube-каналга шилтеме жасашат. Чындап эле ал канал 5G-технологиялар эпидемиянын чыгышына себеп деген ойду тынбай тараткан. Бул чагымчыл теорияны шылдыңга алгандыгы үчүн дал ошол канал россиялык мамлекеттик телевидениеге улам асылганын койбой келет.

"Фейктерге каршы бул күрөшчүлөрдүн" негизги ыкмасы өтө эле примитивдүү: алар россиялык ток-шоулардагы кайсы бир эксперттин пикирин илип алып, аны Кремлдин амалдуу планы катары көрсөтүшөт. Ошол эле шоуда ага каршы келген пикирлер жаңырып жатса да, кулак жапыра калышат. Докладдардын биринде анын авторлору россиялык мамлекеттик маалымат каражаттары "Кытайды эл аралык сындан ачык эле коргоодо" деп айтылат. Муну тастыктоо үчүн алар COVID-19дун жасалма таратылгандыгы жөнүндөгү чагымчыл теорияны четке каккан Дмитрий Песковдун РИА Новости сайтына жарыяланган сөзүн мисалга келтиришет. Ошону менен бирге эле EuvsDisinfo отчетторунун баарында Россияга каршы негизги "айыптоолордун" бири катары дал ушул — "коронавирустун жасалма жол менен чыгарылгандыгы боюнча кайра-кайра кайталанган кремлдик айың кеп" экени жазылган.

Алардын оюндагы: "россиялык жалган маалыматка" дагы бир далил: октябрда алар россиялык маалымат каражаттарына шилтеме кылуу менен украин бийлиги иш жүзүндө россиялык вакцинадан баш тартып, бирок ал "Роттердам+" сымал схема менен Европадан кайра сатыларын жазган. Ошол схема боюнча россиялык газ Украинага европалык көгүлтүр от катары сатылганы белгилүү.

Первая в мире вакцина от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Россиянын вакцинасын жок кылуу далалаты: чоң саясаттагы чакан "келишим"
EUvsDisinfo чечкиндүүлүк менен мындай жоромолду жокко чыгарып, бирок өз окурмандарынан (демек, Еврокомиссиядан да) россиялык маалымат каражаттары украиналык блогер Анатолий Шарийге жана анын украиналык телеканалга берген маегинен гана үзүндү келтиришкен. Жалган маалыматка каршы россиялык күрөшүүчүлөр ага көңүл да бурушкан эмес. Еврокомиссар Юрованын азыркы кадамын талдаганда санкциялар Украинага да салынышы керек эле.

Россияга каршы катаал айыптоолорго негиз болгон Еврокомиссиянын доклады жалаң ушундай бурмаланган, монтаждалган, түпкү булагы көрсөтүлбөгөн маалыматтардан турат.

Еврокомиссар Юрова "россиялык жалган маалыматтарга" каршы күрөштө чечкиндүү аракеттер көрүлөрүн айтып опузалай, ал эми батыш журналисттерин "чындык министрлиги" болууга ниетибиз жок", - деп жооткотту.

"Жаңы технологиялар жалган маалыматтын эмес, боштондуктун куралы болууга тийиш. Шайлоо ыплас ыкмалардын мелдешине айланышын каалабайт элем. Cambridge Analytica менен Брексит боюнча референдумду көргөнүбүз эле кыйла жетиштүү эмеспи", - деп дароо кошумчалаган. Бул билдирүүсүндө европалык аткаминер айым өзү да жалган маалымат таратууга жол берди. Анткени Россиянын Брекситке тиешеси бар деген айыптоолор суу кечпейт. Жакында эле британиялык сот The Observer журналисти Карол Кадвалардды Аррон Бэнкстен кечирим суратты. Бул киши Евробиримдиктен чыгуу кампаниясына демөөрчү болгон. Ал эми журналист айым бир нече жылдан бери аны "Кремлге кызмат кылат" деп негизсиз күнөөлөп келген.

Ушундан улам Юрованын Еврокомиссия "чындык министрлигин" түзүүгө чындап эле эмнеге ниеттенбегенин түшүнсө болот. Маалыматтык антироссиялык кампаниянын ыплас ыкмаларын карай турган болсок, Брюссель эбак "калптын министрлигин" түзгөнүн болжоого болот. Бул Оруэллдин да (Жорж Оруэлл (Эрик Артур Блэр) англиялык белгилүү жазуучу-фантаст, акын, журналист, сынчы) оюна келбегендир.

Жаңылыктар түрмөгү
0