RT телеканалы эфирдеги 15 жылдыгын белгилеп жатат

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПетербургский международный экономический форум. День третий
Петербургский международный экономический форум. День третий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар жума сайын RT каналын 100 миллионго чукул адам дүйнөнүн 47 өлкөсүндө көрөт. RT дүйнөдө биринчилерден болуп YouTube каналынын көрүүчүлөрү 10 миллиарддан ашкан ресурска айланып, BBC, CNN, Al Jazeera, Euronews, FOX News сыяктуулардан озуп кетти.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Russia Today телеканалы биринчи жолу эфирге 2005-жылы 10-декабрда Москвадагы студиясынан чыккан.

Теледен жана онлайн алты тилде көрүүгө мүмкүн болгон RT 15 жыл ичинде дүйнөдөгү популярдуу эл аралык маалымат агенттиктеринин бирине айланды. Телеканал International Emmy эл аралык сыйлыгынын калыстарынын жана азыркынын мыктыларынын бааасын алган. Алардын арасында Эмир Кустурица, Роджер Уотерс жана Оливер Стоун бар.

"Бизге 15 жыл толду. Дүйнөнүн атайын кызматтары, кененирээк дем алып турсаңар болот. Туулган күндө эч жакка киришпегенге убада беребиз", — деди RT башкы редактару Маргарита Симоньян.

RT өзүнүн туулган күнүндө жарандык коргонуу боюнча кансыз согуш учурундагы америкалык тааныштыруучу фильмдеринин стилинде "Зеленая угроза" деп аталган видеролик даярдады. Ирония менен жасалган бул видео RT каналынын активдүү толкундарынан кантип сактануу туурасында айтып берет. RT алдында "дипфейк" технологиясынын жардамы менен дүйнөлүк лидерлер россиялык телеканалдын оопайы болуп калганын көрсөтүп берген.

Ар жума сайын RT каналын 100 миллионго чукул адам дүйнөнүн 47 өлкөсүндө көрөт (муну эл аралык IPSOS компаниясы изилдеп чыкты). RT дүйнөдө биринчилерден болуп YouTube каналынын көрүүчүлөрү 10 миллиарддан ашкан ресурска айланып, BBC, CNN, Al Jazeera, Euronews, FOX News сыяктуулардан озуп кетти.

RT 15 жылдык берүүлөрүндө президенттер, биринчи адамдар менен жүздөгөн маектерди чыгарды. Каналга Россиянын, Сербиянын, Словениянын, Сириянын, Боливиянын, Венесуэланын, Аргентинанын, Эквадор жана башка бир топ өлкөлөрдүн лидерлери интервью берди. Легендарлуу тележурналист Ларри Кинг, пулицер премиясынын лауреаты Крис Хеджес, Эквадордун кэс-президенти Рафаэль Корреа менен Шотландиянын мурунку биринчи министри Алекс Салмонддун катышуусу менен эксклюзивдүү шоу-программалар жарыкка чыкты.

RT телевидение жаатындагы эң абройлуу делген Emmy премиясынын тогуз жолку финалисти, Монте-Карлодо өтүп келген телевизиондук фестивалдын "24 сааттык мыкты маалымат программасы" номинациясынын жеңүүчүсү. Жалпы жонунан телеканал жүздөгөн эл аралык премиялардын ээси болгон.

Баалоолор

Легендарлуу тележурналист Ларри Кинг: "RT телеканалын дүйнө жүзү көрөт, демек, биз бири-бирибизге жакындап калдык".

Сербиялык режиссер Эмир Кустурица: "Россиянын RT телеканалы — бир тараптуу маалымат берген BBC менен CNN каналдарынан айырмаланып, телевидение чынында кандай болушу керектигин айгинелеген мыкты үлгү".

Pink Floyd негиздөөчүсү Роджер Уотерс: "Дүйнөдө өзү ыктаган нерсеге болуп көрбөгөндөй артыкчылык берген телеканалдар бар. Көптөгөн жаңылыктарды мен RT каналынан угуп билем".

Америкалык режиссер Оливер Стоун: "Мен Россиянын RT каналынын гана жаңылыктарын көрөм. Түндүк америкалык ЖМКларга караганда мен ага көбүрөөк ишенем".

Шотландиялык жазуучу Ирвин Уэлш: "RT BBC каналы өзү ыктаган нерсеге артыкчылык берерин туура көрсөтүп келет. Биздин "коомдук телевидение" коррупцияга белчесинен баткандыктан объективдүү боло албай турганы анык. Каяктагы билим берүү, каяктагы жаңылык? Анан ушул болбогон нерсенин баарына лицензиялык төлөмдөрүңөрдү төгүп жатасыңар".

Жаңылыктар түрмөгү
0