Биринчи тепкенде эле жапты. Стюардессанын таң калтырган видеосу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСтюардесса учакта. Архив
Стюардесса учакта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көптөрү стюардессаны мактаса, алардын ичинен "мойнуңду сындырып алсаң эмне болот эле" деген маанайда жемелегендер да болгон.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Белгисиз стюардесса бош учактын ичинде отургучтарга таяна башын төмөн каратып, эки буту менен жүк салган текчелердин эшиктерин тээп жапкан. Бул видео Instagram социалдык баракчадагы @flight_love деп аталган аккаунтка жарыяланды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от aviation love (@flight___love)

Ал баракчадан экипаж мүчөлөрүнүн ар кыл авиакомпаниялардын жашоосун чагылдырган ирмемдерди көрүүгө болот.

Трюк көрсөткөн борт коштоочу кыздын ийкемдүүлүгүнө таң калбай коюуга болбойт.

Стюардесса поразила всех своим умением, закрыв багажные полки ногами — видео - Sputnik Кыргызстан
Бутун асмандатып учактын текчелерин жапкан стюардессанын видеосу
Жүргүнчүсүз учактын салонунда стюардессанын кыска көйнөгүн кийген кыздын эки бутун асмандатып, отургучтардын үстүндөгү жүк салган текчелерди оңой эле жаап койгондугун көрүүгө болот. Ролик жайылып кеткен чачын артка силккен борт коштоочунун жылмайып, кайра туруп келе жаткан учуру менен аяктаган.

Муну көргөн интернет колдонуучулардын реакциясы да ар кыл болгон. Көптөрү аны мактап, таң калгандыгын жазса, бир даары тынчсызданып "мойнуңду сындырып алсаң эмне болот эле" деген маанайдагы жемелеген пикирлерин калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0