Ирандык журналист асып өлтүрүлдү

© REUTERS / WANA NEWS AGENCY"Амад Ньюз" деп аталган жаңылыктар порталынын башчысы Рухолла Зам
Амад Ньюз деп аталган жаңылыктар порталынын башчысы Рухолла Зам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналистке франциялык тыңчылар менен иштеген, аны Америка, Израиль колдоого алып турган деген күнөө тагылган.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. "Амад Ньюз" деп аталган жаңылыктар порталынын башчысы Рухолла Замды өлтүрүү чечими чыгып, Иран бийлиги аны дарга асып жазалады. Бул тууралуу РИА Новости Mehr News агенттигине таянып кабарлады.

Бул аптада Иран бийлиги Рухолла Замдын өлтүрүлгөндүгүн тастыктап, "чет элдик тыңчылардан жардам алып турган" деп кошумчалады.

Стрингер видеоагентства Ruptly Набиль Хассан аль-Каити - Sputnik Кыргызстан
Йеменде Ruptly журналистин үйүнүн жанынан атып кетишти
2019-жылдын октябрь айынын ортосунда Ислам революциясын сактоочулар корпусу (Ирандын куралуу күчтөрүнүн бир бөлүгү) Замдын кармалганын кабарлашкан эле. Ачык маалыматтарга караганда, журналист 2017-жылдын декабры, 2018-жылдын январындагы нааразылыктарды активдүү чагылдырган.

IRNA агенттиги билдиргендей, жаңылыктар порталынын башчысы "ыңкылапка каршы ишмердүүлүгү" үчүн кармалган. Анын аракеттери Франциянын тыңчыларына багыт берип, ал эми АКШ менен Израилдин чалгын кызматтары тарабынан колдоо алып турган деген маалыматтар айтылган.

Ассошиэйтед Пресс Зам куугунтукталып Парижде жашагандыгын билдирген. Бирок качан жана кайсы жерден кармалганы жазылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0